Борбор Азия

Казакстан менен Өзбекстан инвестиция түшүмүн жыйнашат: Борбор Азиянын калган өлкөсүчү...

19 октября 2018 г. 18:15 1228

BCG борборазиялык “бешилтиктин” перспективаларын баалап көрдү

Борбор Азия инвесторлор өтө чала баалаган аймак бойдон калууда. Башкаруучуларга кеңеш берүүдө эң күчтүү үчтүккө кирген BCG (Boston Consulting Group) консалтинг компаниясы ички базардын ыкчам өсүүсү жана арзан жумушчу күчү жагынан бул регион, айрыкча Казакстан менен Өзбекстан, чийки заттан сырткаркы тармактарга, 40-70 млрд доллар тарта алат деп баалады. Бул акчалардын тартылуусунун негизги шарттары катары бизнес-климатты жакшыртууга багытталган реформалардын улануусу жана экономикалардын тармакташуусу айтылган.

Борбор Азияга тартып турган негизги салттуу фактор катары табигий кендердин арбындыгы болчу. Бирок ырааттуу жүргүзүлгөн реформалар чийки заттардан сырткаркы секторлорго да каражат келүүсүн шартады. Бул факторго базардын көлөмүн кеңейткен арбын калктын бар экени да кошумча кубат берип турат деп белгилейт BCG.

2017-жылы Борбор Азиянын “бешилтиги” – Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын базарларында айланган каражат 150 млрд долларды түзгөн. Азия банкынын божомолу боюнча региондун экономикалары орточо эсепке салганда 3,9%га өсөт. Мында Казакстандыкы 3,3%га, Өзбекстандыкы 7,5%га жогорулайт. Региондун ыкчамдоосуна Кытай менен Индия экономикаларынын тез өсүшү да оң таасир тийгизүүдө.

2008-жылдан тартып “бешилтиктеги” жаңы долбоорлорго тартылган түз чет өлкөлүк инвестициялар (ТЧИ) 113 млрд долларга жеткен. Бул дүйнөдөгү инвестициялардын 1,5%ына туура келет. Алардын 60%ы чийки зат тармагына, 14%ы курулушка, 9%ы телекоммуникация, соода жана каржы сыяктуу кызмат секторуна келген. Бул сумманын 82 миллиардын (70%) Казакстан тарткан. Бул өлкөнүн калкы региондун 25%ын түзсө да, аймактагы ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) 60%ын чыгарат. ТЧИнин 16%ын Өзбекстан, 8%ын Түркмөнстан, Кыргызстан менен Тажикстан инвестициялардын 6%дан азын тарта алган.

Келечекте Борбор Азия өлкөлөрү чийки заттан сырткаркы тармактарына 40-70 млрд долларлык түз каржыны тарта алышат деп эсептейт BCG. Инвестициялардын кирүүсүнө айрыкча айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүү тармагы ыңгайлуу. Мында Казакстан дан азыктары, Кыргызстан фасоль менен пахта буласына, Өзбекстан учурда сырткы кирешесинин 22%ын түзгөн пахта, жер-жемиш тармагына тарта алат. Тамак-аш жана текстиль секторлорунун тез өнүгүп кетишине сугаруунун эски системалары колдонулганы чоң тоскоол деп эсептейт серепчилер. Алар мунай багытындагы химия менен туризмге да каржы мол келүүсү күтүлөт деген ойдо. Бир нече корей фирмалары эмитен эле Өзбекстандын газ-химиялык комплексине 1,4 млрд доллар жумшаган.

ТЧИ тартууда Казакстан алдыда ($35-52 млрд), бул өлкөгө капиталдын келүүсүнө керектүү ресурстарынын молдугу жана бизнес жүргүзүү жеңилдиги жакшы өбөлгө болмокчу.

Кеңири реформаларга белсенген Өзбекстан да $7-13 млрд тарта алат. 2016-жылдын этегинен бери өлкөнүн жаңы жетекчилиги бизнес-климатты жакшыртуу пландарын иштетип келет, мындан сырткары өлкө региондогу эң ири базар менен арбын жана арзан жумушчу күчүнө ээ. Бул өлкөдөгү орточо маяна 284$ болуп, дүйнөдөгү эң арзан айлыктардын катарына кирет. Салыштырсак, Молдова менен Вьетнамдыкынан эки эсе аз, Казакстандагы айлык төлөм болсо 516$. Кыргызстан $1,3-2, Тажикстан $0,7 млрд инвестиция тарта алышат. Негативдүү инвестициялык шарттардан улам Түркмөнстанга каржы кылуу мүмкүнчүлүгү чектелүү деп жыйынтыктаган Boston Consulting Group компаниясы.

Татьяна Едовина, Коммерсантъ, Орусия