Батыш

Made in China модадан чыкты: Тикмечилик Европага кайтууда

18 октября 2018 г. 18:36 1464

Тикмечилик Азиядан Европа өлкөлөрүнө кайта баштады. McKinsey компаниясы менен немис өндүрүүчүлөрү “4.0 Индустриясы” бул жараянды тездетмекчи деген ойдо.

Алдынкы европалык брендеринин саркеч кийимдери Азияда, көбүнчөсүн Кытайда тигилгенине баары көнүп калган. Андан сырткары Бангладеш, Мьянма, Вьетнам сыяктуу арзан жумушчу күчү арбын өлкөлөрдө чыгат. Европа экономикасынын негиздеринин бири болгон мата чыгаруу жана тикмечилик 20-кылымдын этегинде ошол тарапка көчүп кеткен. Аны кайтпас сапар деп эсептешкен.

Бирок кайтуу башталды. Учурда Made in China белгиси тагылган кийимдер менен Европада же ага чектеш өлкөлөрдө чыгарылган товарлар ийгиликтүү атаандаша баштады. McKinsey эл аралык консалтинг (башкаруучуга кеңеш даярдаган) компаниясы “Кийим чыгаруу мекенине кайтуудабы?” деген аталыштагы изилдөөсүндө айрыкча АКШда ачык көрүнө баштаган бул трендди изилдеген.

КЫТАЙДАГЫ ЖУМУШ КҮЧҮ АРЗАН БОЛБОЙ КАЛДЫ

McKinsey’нин Майндагы Франкфурт, Мюнхен, Стокгольм жана Кливленддеги фэшн-индустрия, жеткирүү, эмгек базары сыяктуу түрдүү багыттагы адистери бул трендди күчөткөн бир нече себепти белгилешкен.

Биринчиден, Кытайда жумуш күчү арзан болбой калган. Натыйжада, мисалы, Түркияда тигилген жынсы, эгер тигүүгө кеткен чыгым, ташып келүү жана бажыдан чыгарууну (Түркия ЕБдин бажы биримдигине киргендиктен, мындай чыгым жок) Кытайга караганда 3% арзанга тура баштады.

“Ошондуктан, кийимдин тигилүүсү татаал эмес бөлүкчөлөрүн Европага же АКШга кайрып келүү пайдалуу”, - дейт изилдөөнүн авторлорунун бири Карл-Хендрик Магнус. Кытайга караганда Мексикадан тигилген жынсы америкалык импортточуга 12%га арзан түшүп жатат.

INSTAGRAM ДООРУНДА МОДАНЫН ТАЛАБЫНА ТЕЗ ЫКТАШУУ ЗАРЫЛ

“Бирок негизги себеп, - деп улайт кебин Карл-Хендрик Магнус, - жеткирүү мөөнөтүнүн кыскарганын пайдаланган саркеч кийим чыгаргандар жаңы талаптарга тез жооп берип, коллекцияларын ага тез ыкташтыра алганында”. Изилдөөдө Түштүк-Чыгыш Азияда тигилген кийим Батыш өлкөлөрүнө деңиз аркылуу бир айда жетет. Түркиядан Германияга болсо ири автоуна менен 3-6 күндө, Мексикадан АКШга эки эле күндө кирип барат.

Учурда моданын талабына тез ыкташып кетсе болот. Бул болсо атаандаштыкта утуунун негизги шарттарынын бири деп түшүндүрөт McKinsey’де фэшн-индустрия бөлүмүн жетектеген Ахим Берг. “Керектөөчүлөр саркеч кийимди жарым жылдап күткөн доор небак өтүп кетти, - дейт ал. - Азыр Instagram’дагы тренддерди өткөрүп жибербеши жана сатылбай калган эски кийимге көмүлүп калбашы үчүн саркеч кийим өндүрүүчүлөрү ийкемдүү иштеши керек”.

McKinsey сурамжылаган фэшн-индустриянын 188 топ-менеджери 2025-жылга чейин ниаршорингде (Nearshoring - ишти керектөөчүгө жакын географияга ташуу) олуттуу өзгөрүүлөр болот деп эсептешет.

НИАРШОРИНГ: ИШ КАЙСЫЛ ГАОГРАФИЯГА ООЙТ

Бул сурамжылоого таянган адистер тикмечиликтин Азиядан кайтуусунан Түркия, Марокко жана Тунис, Европанын өзүндө болсо Англия, Португалия жана Македония утмак деген натыйжага келишкен. Америкага келген болсок, Мексика, Гватемала, Гаити, Гондурас, Сальвадор жана АКШнын өзү утушка жетмек.

Тикмечиликтин Азиядан кайтуусун тездеткен себептердин дагы бири - тигүүнүн барган сайын автоматташуусу.

Изилдөөчүлөр бул багыт боюнча Гарманиянын алдынкы техникалык ЖОЖун - Ахен шаарындагы Герман-Рейн-Вестфаль жогорку техникалык мектепти (RWTH) тартышкан. Анын алдында текстиль өндүрүшү үчүн техника институту жана “Санариптик мүмкүнчүлүктөр борбору” иштейт.

“4.0 ИНДУСТРИЯ” ЖАНА ЭКОЛОГИЯ ТАЛАПТАРЫ

2017-жылдын жазында ачылган бул борборду McKinsey консалтинг фирмасы, RWTH техникалык университети жана санариптик программа өндүрүүчүлөрү биргелешип түптөшкөн.

Борбордун изилдөөсү боюнча башка тармактарга караганда тикмечилик автоматташтырууда артта калган. Бирок ал дагы жакында “төртүнчү өндүрүш ыңкылабынын” толкунуна капташат. Учурда, мисалы, жынсы тикмечилиги үчүн роботтор менен лазердик технологиялар иштелип чыккан деп белгилешет ахендик эксперттер.

Алар жакынкы он жылда автоматташтыруу жолу менен татаал кийим чыгарууда 40%, жөнөкөйдө 70% жумуш убактысын үнөмдөп, өндүрүүнү арзандатса болот деп эсептешет. Бул да тикмечиликтин “үйгө” кайтып келүүсүнө күчтүү өбөлгө болот.

Adidas компаниясы бул жолго эмитен эле түшүп, Ансбах шаарында дээрлик бардык иштерди роботтор бүтүргөн Speedfactory фабрикасын түптөп, кроссовка тигүүнү өз мекенине, Германияга ташып келди.

Өндүрүштү автоматташтыруу мындан сырткары “сууну, электр кубатын жана химикаттарды сарптоону чектеп”, “ниаршоринг” болсо ташып келүү мөөнөтүн кыскартууда дейт McKinsey’нин изилдөөсүнүн авторлорунун бири Саския Хедрих. Мунун баары айлана-чөйрөнүн кирдөөсүн азайтып, сатуу артыкчылыгы катары колдонулат. Анткени фэшн-индустриянын топ-менеджерлери чыгарылган товардын табиятка зыянсыздыгы, айрыкча Европа менен АКШ керектөөчүсүнүн кийим сатып алуудагы негизги критерийлеринин бири болуп калат деп ишенет.

Deutsche Welle, Экономика, Дүйнө