Ара жолдогу мамлекет

Ваххабилер менен ихвандар тиреши: Хашшоги кандай саясий эсептин натыйжасында өлтүрүдү

17 октября 2018 г. 19:36 2687

Жемаль Кашыкчыны (Хашшоги) өлтүрүү сыры Сауд Аравия бийлигин сындаган журналист экени менен гана чектелеби?

Ал сауд бийлигин “насыйкат” чегинен чыкпай, оппозициялык сезимге алдырбай сындачу. Бирок ошол эле учурда журналист гана эмес болчу. Аны саясий бутага айланткан эсеп реформа талап кылганынан же “Йемендеги согуш ислам дүйнөсүндөгү лидерлигибизге кесепетин тийгизип жатат” деген эскертүүсүнөн бир топ эле татаал.

Вашингтондогу сауд элчилигинин багыттоосу менен Кашыкчынын үйлөнүү күбөлүгүн алуу үчүн Стамбулдагы консулдукка кайрылганы, ошентип кылмыш жери катары Түркия тандалганы, араб медиасынын Кашыкчынын Катар, Түркия же Мусулман агайыңдар (ихвандар) менен байланышын дароо айтып чыкканы да бул жерде катардагы журналистин тагдырынан бир топ эле ашкан эсеп бар экенине ишарат кылып турат.

Ваххабилик менен “саясий исламдын” кайнаса каны кошулбагандыгы

Бул эсептешүү акыркы убакта ачык эле көрүнө баштаган. Азыр Сауд өлкөсүнүн расмий диний жолу болгон ваххабилик менен ихвандарга жуурулушкан “саясий исламдын” кайнаса каны кошулбай турган учуру. Бул ажыроо тарыхынын арка планында Кашыкчы да негизги ролдун бирин ойногон узун мөөнөт бар. Ошол өтмүштөгү узак жолдун ат мамыларына көз жүгүртөлү:

- Ихван 2011-жылы “Араб жазы” толкуну менен бийлик даамын татып калды. Египетте Боштондук жана адилет партиясы, Тунисте Ан-нахда шайлоо аркылуу бийликке келди. Мароккодо Адилет жана өнүгү партиясы, Иорданияда Исламий аракет фронту жана Кувейтте Исламий биримдик кыймылы шайлоо садыгында ийгиликке жетти. Ливия, Йемен жана Сириядагы башаламандыкта да ихван сахнага чыкты. Салтту башкарууга альтернатива катары көрүнгөн жана кооптуу деп эсептелген жаңы ихван бийликтери араб жарым аралынын монархияларын дүрбөлөңгө салды;

- 2013-жылы Египетте ихван жүрүшүнө “токто” деген күчтөрдү Сауд Аравиясы менен Бириккен араб эмирликтери (БАЭ) каржылаган;

- Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын ихвандарга кол сунуп, аларга өлкөсүндө башпаанек бергени араб королдорунун кабагына кар жаадырган;

- Сауддардын алдындагы ваххаби-салафиликке ыктаган ислам дүйнөсүндө Катар өзүнүн таасирин күчөтүү үчүн ихвандарды колдонгону буга чейин эле ыңгайсыздык жаратып келген. Бул өлкөдө жайгашкан “Аль-Жазира” телеканалынын ихван лидерлери менен маек курганы 2014-жылы королдуктарды Катарга каршы биригүүгө түрткөн. 2017-жылдан бери курчалып, обочолонтулган, бирок моюн бербеген Катарды тизелетүү аракети күч;

- Түркия Катарда аскердик аба базасын түптөп, араб монархияларынын жогорудагы мерчемдерине каршы калкан болуу аракетинде;

- Сауд Аравиясы менен БАЭ бийлиги Түркиядагы Эрдоган бийлигине каршы 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүш аракетине үмүт артканы билинип калды;

- АКШ президенти Дональд Трамп, айрыкча күйө баласы Жаред Кушнер менен өзгчө мамилеге өткөн Сауд Аравиясынын ханзаадасы Мухаммед бин Салман хан сарайдагы билегин бекемдеп алган соң, Түркия менен Катарга карата башкача сүйлөп баштады. Ал ихвандарды “жок кылынуусу шарт болгон террор тоогу” деп, Иран, Түркия жана Катарды “кастык чөйрөсү” катары белгиледи.

- Сауд Аравиясы АКШнын багытоосу менен Түркиянын террорчу топ катары көргөн, күрддөрдөн турган Сирия демократиялык күчтөрүнө жардам бере баштады;

Мунун баары Катар, Түркия жана ихван менен Сауд Аравиясы жана БАЭнин ортосундагы жараканы тереңдетти.

Афган фронтунда чийеленген байланыш

Эми Жемаль Кашыкчы бул жараканын кайсыл тарабында? Аны билиш үчүн бир аз аркага кылчаюу керек.

1960-жылдары ислам дүйнөсүнө коммунизм идеологиясынын жайылуусун, Египетте болсо Жемаль Абдунасир күчтөндүргөн панарабизмди токтотуу максатында Сауд Аравиясы “Рабита” аталган уюм түптөп, салафиликти экспорттоп баштаган. Бул жетишсиз болгондуктан панисламизм картасы суурулуп чыгып, ихвандар күчтөндүрүлгөн. Мындай планды багыттаган сауд королу Файсал египет башчысы Абдунасирден качкан ихвандарга эшик ачкан. Уюмдун күчтүү кадрлары сауддардын өлкөсүнө да, тышкы саясатына да жардамдашып кирген. Мунун аркасы менен ихвандын мүчөлөрү сауд сарайына да киришкен. 1979-жылдары Афганистанда Советтерге каршы “можахед даңгыр жолу” курулганда, ваххаби-салафи уюмдары менен бирге ихвандар да колдонулган. Бул доордо эки агым аралашып, бири-бирине таасир берген.

Король Файсал ваххаби салтынан анча-мынча тайыган табиятта болчу. Аялзатына билим берүү сыяктуу реформаларады баштаган. Стамбулда туулган абхаз улутундагы Иффет аттуу жубайы аялзаты үчүн “Иффет” университетин түптөп, кызматка сунган.

Уулу ханзаада Түрки бин Файсал Афган-Пакистан тарапта Аль-Каида менен Талибанды көзөмөлдөчү. Ал Усама бен-Леденди Афганистанга жиберип жаткан учурда Жемаль Кашыкчыны да жетектеген Сауд Аравиясынын чалгын кызматынын атактуу шефи болчу. Кашыкчынын аздыр-көптүр “куралдуу ислам” менен байланышы Афганистандагы можахед лагерлеринен башталат. Тартышылчу жагы көп болсо да, бир сөз менен айтканда, Аль-Каида лидери Усама бен-Ладен баш болгон можахиддерден алган маектерин журналист эле эмес чалгынчы да жазган сыяктанып кетет.

Таекеси Кемаль Этхемден кийин сауд чалгын кызматын 24 жыл башкарган ханзаада Түрки 2003тө Лондондо, 2005те Вашингтонго элчи аталганында, Кашыкчыны кеңешчи катары жанында ала жүргөн.

Жылдар өткөн сайын Кашыкчы бен-Леден достугунан алыстап, “Радикалчылыкка каршы саясий исламдын жолу ачылышы керек” деген пикирге келген. Ихвандар да Кашыкчыны уюмдун максаттарына жетүүсүнө жардам берген “жетик интеллигент” катары көрүшкөн.

Ихван бутага айланганда

Ихвандар монархиялардын түбүнө жетчү саясий альтернатива деген пикир бара-бара күч алды. Акыры Саудияда саясий реформа кылуу үчүн ваххаби-салафилерден бир тепкич жогору турган ихвандардын жолун ачуу деген күндем пайда болду. Муну ишке ашыруу үчүн кээ бир жерлерде ихвандар саясий соодага кирди, бирок бийлик “Билим берүү жана жардамдашуу чегинен чыкпайсыңар” деди.

БАЭде 1970-жылдары Ислах фондунун алдында уюшкан ихвандарга башында ханзаадалар жардам берди. Мамлекеттик мекемелерге да таасири артты. Бирок муну туура көрбөгөн бийлик 1990-жылдары кээ бир маселелердин алдын ала баштады. Араб жазында үнү катуу чыга баштаган уюм камакка алуу толкуну менен оозу жабылды. Акыры 2014-жылдын ноябрында Ислах уюму БАЭде “террор тизмесине” киргизилди.

Катар бул уюм менен мышык-чычкан ойноду. 1996-жылы Хаммад бин Халифа аль Сани аймакта сауддар менен атаандашуудан чочулаган атасын тактан түшүрүп, эмир тактысына чыкканда, Аль-Жазира каналын түптөп, ихван уюмдарына кол сунду. Бирок өлкөсүнүн сыртындагы ихвандарды гана колдоду. Катарда иш алпаруусуна тыюу салды. Саясий сооданын натыйжасында 1999-жылы уюм Катарда жоюлду.

2013-жылдан тартып аларга каршы аракеттер күч алганда, Жемаль Кашыкчы ихвандар тарапка өттү. Египеттин президенти Мухаммед Мурсинин төңкөрүлүүсүнө жана ихвандардын “террорчу” аталышына каршы чыкты.

Регионго тиешелүү маселелерде ханзаада Түрки менен Кашыкчынын пикирлери дал келгенин көрсө болот. Ханзаада Түрки АКШда элчи кезинде Жакынкы Чыгыштагы чыныгы көйгөй Иран эмес, Палестин-Израиль маселеси экенин айтып жүрчү. Иран коопту жолго түшүп алганын билсе да ага кол салууну “өтө чоң балээге жол ачат” деп ойлочу. Кашыкчы да ошондой пикирде болчу.

Сарай төңкөрүшүнөн кийин бийликке таасир берген мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман болсо баардык маселе Иранда дечү. 2015-жылы Йеменге кирип баруусу да Ирандын “Ансаруллах” колун кертип салууга байланыштуу болгон.

БАЭ ханзаадасы Мухаммед бин Зайд менен пикири келишкен Мухаммед бин Салман Сауд Аравиясына чектеш Бахрейн жана Йеменде Иран менен байланышы бар топторду Катар колдойт деген пикирде. Трамп 2017-жылдын майында алгачкы зыяратына Эр-Риядга барганда, 380 млрд долларлык келишимге кол коюп жатып, Иранга каршы 40 миң кишилик исламдык коалиция курулаарын жар салган. Дал ошол эле убакта Катар эмири Шейх Тамим “Иранга душмандыкта акылмандык жок” дегени медиага чыгып кеткен. 2017-жылдагы курчоо менен обочолонтуу аракетине ушул сөзү түрткү болгон.

Мурунку шефин кылтакка салчу сунуштары

Мындай теңдемеде Жемаль Кашыкчы сыяктуу Аль-Каида, Талибан жана 11-сентябрдагы учак каракчылары менен байланыш сыяктуу толтура жашыруун материалдарды билген биринин каршы тарапка оогону анын өмүрүнө коркунуч жаралуусу үчүн жетиштүү. Өтмүшүнүн ихвандар менен кесилишкени да Кашыкчыны өзгөчөлөнтүп турат.

Кыскасы уурдоо же өлүм бир нече кадамда ишке ашкан:

- Кашыкчы Мухаммед бин Салман менен Трамптын жакындоосу Сауд Аравиясы үчүн коркунучтуу деп чыкканда “Жазба, твитт ыргытпа, унчукпа” деп эскертилди;

- Жемаль Кашыкчы былтыр Мухаммед бин Салманга кабар берип, ага өзүнө окшогон кеңешчи керек экенин айтып, бирге иштөөнү сунуштаган. Мураскер ханзаада Кашыкчынын ихван жана Катар сыяктуу эки душман менен байланышы бар экенин айтып баш тарткан. Ошондон кийин Кашыкчыны мекениңе кайт дегендер чыкты. Алардын башында Мухаммед бин Салмандын иниси Вашингтон элчиси Халид бин Салман турган. Элчи акыркы үч айда Кашыкчы менен төрт жолу жолугуп, коркпогун деп соороткон;

- Кашыкчынын былтыр Нью-Йоркто Катар эмири Тамим менен жолукканы, андан кийин Дохада кайра көрүшкөнү билинген. Журналисттин Вашингтон постко макала жазуусун да жөндөгөн Тамим деп айтылган;

- Кашыкчы “ихвандын Саудия тарабын жөндөйт жана Катардын кишиси” деген сөз тарады;

- Эрдогандын командасына жакындыгы менен билинген бири менен никелешкени чочуулоону ого бетер арттырды. Мындай учурда кишилердин санжырасы сыдырыла каралып баштайт. Кашыкчы Сауд Аравиясын түптөгөн Абдулазиз бин Сауддун жеке доктуру, Кайсерилик Мухаммед Кашыкчынын небереси. Бул ханзада Түрки эне тарабынан, Кашыкчы чоң атасы жагынан түркиялык дегендик.

Эсеп кандай эле?

Кашыкчы Сауд сарайынын оюн эрежелерин билген бири болчу. Ханзада Түркинин жанында элчиликтер кандай иштегенин үйрөнгөн. Буга карабастан, Стамбул консулдугуна багытталып, анын босогосун аттаганы эч кимдин аклына сыйбай турат.

Жакында чыккан маалыматтар боюнча, Мухаммед бин Салмандын темир чеңгелинде турган ханзада Түрки Кашыкчыны көндүрүү буйругун алган. Түрки Кашыкчыга чалып, коркунуч жоктугун айтып, консулдукка барууну сунуштаган.

Бул кылмышка баргандардын эсеби боюнча, Мухаммед бин Салман менен Трамптын достугун бузчу жана жашыруун маалыматтарды душманга берчү бири жок кылынды. Түркия менен Катарга да сабак берилди.

Фехим Таштекин, ВВС-Тurkce, Түркия