Батыш

Ангела Меркель Европаны куткара алмак: Эмне үчүн көңүлү жок?

16 октября 2018 г. 16:25 675

Германиянын канцлери өлкөсүнүн ички көйгөйлөрүн унутуп, Европанын келечегин ойлонушу керек

2017-жылы жазында Меркель Бавариядагы шайлоочуларына “Европа өз тагдырын өз колуна алчу убак келди” деп айткан. Анын айтымында, Британия Евробиримдиктен (ЕБ) чыгып, Венгрия антилибералдыкты тандап, АКШ президенти Евробиримдикке үстүртөн караган маалда Европа чечкиндүү реформа кылган жана каршылаштарына татыктуу жооп бере алган лидерге муктаж. Меркель айым ошондой лидер болоорун убадалаган.

Андан бери бир жарым жыл өткөнү менен Меркель айым убадасын аткара алган жок. Учурда Евробиримдик “мындан да тыгыз биригиши керек” деген сөз стратегия эмес эле ичи бош ураанга окшоп турат. Бирок тыгыз биригүүгө аракеттенүү өтө зарыл. Азыр ичинен Венгрия, сырттан Орусияга окшогон антилиберал күчтөр бирдиктүү Европаны көздөй чабуулга өтүп, шайлоочулар европалык биримдикке каршы чыккан популисттерге добуш берип жатат. Дал ушул маалда ЕБ өлкөлөрүнүн лидерлери Европанын бирдиктүү келечегине ишенээрин көрсөтүүлөрү керек. Меркель айым эч күмөнсүз, муну түшүнүп турат, бирок Европага эч жагынан жардамдашкан жок.

Ангела Меркелдин көйгөйлөрү 2017-жылдын сентябрындагы шайлоодо башталды. Анын оң-борборчул Христиан-демократ биримдиги жана сол-борборчул Социал-демократ партиясы шайлоочуларынын көбүн ашкере оңчул “Германия үчүн альтернатива” партиясына тарттырып жиберген. Бул Меркель айымды жактырып, ага ишенгендер азайганынын белгиси. Андан кийин өкмөт түзүүгө төрт ай кетти. Мартта коалиция түзүлгөндө европалык биримдикти жактаган саясатчынын көбү Меркель шайлоо учурунда басым жасаган европалык программасына кайтат деп ишенишкен.

Бирок ага өз командасындагы кишилер тоскоол болду. Өткөн жылы жайында анын ички иштер министри жана Христиан-социалдык биримдиктин башчысы Хорст Зеехофер Меркелдин иммигранттык саясатынан улам кызматтан кетем деп өкмөттүн ишин аксаткан. Кризис жөнгө салынганы менен Зеехофер канцлери менен тартышып, ага каршылыгын улантууда. Ал эле жалгыз эмес. Сентябрда Меркелдин өз партиясы канцлер айымдын Бундестагдагы (парламент) эң берилген өнөктөшүн кууп чыкты. Бул кабар тараганда, тааныш журналисттин бири мага “Меркелдин доору расмий аяктады” – деп жазган.

Бирок Меркель айымдын европалык интеграцияны жылдыра албаганын Германиянын ички саясатына гана байланыштырсак, андан да кеңири себептерди көрбөй калабыз. Өткөн жылы ал Европа биримдиги жана жаңыланууга ачык коомду колдоо жөнүндө бир нече маанилүү баяндама жасады. Бирок мындай кеңири максаттарын кайсыл жолдор менен ишке ашыраарын түк айткан жок.

Анын аракеттери француз президенти Эммануэль Макрондукунан өтө айырмаланып турат. Меркель конкреттүү идея сунуштай албаган жерде Макрон оргуштап турат. Ал былтыр шайланган күнүнөн бери европалык интеграция боюнча Евробиримдиктин каржы министр макамын, бирдиктүү куралдуу күчтөрү менен бюджетин, европалык чалгындоо агенттигин түзүүнү жана саясий башпаанек берүүнүн бирдиктүү саясатын жүргүзүүнү сунуштап жиберди.

Меркель айым бул сунуш цунамисине эң жакшы дегенде, кош көңүл калды. Ангела Меркель дайыма каршы чыгып келгенине карабай, экөө жайында Францияда жолукканда, евроаймактын бюджети боюнча иш баштоону макулдашкан. Серепчинин көбү муну чоң ачылыш дегени менен, евроаймактын сегиз мүчөсү буга каршы чыкты. Салттуу ой жүгүртүүгө чакырык таштап көнгөн Макронду мындай каршылык токтото алмак эмес. Бирок бир пикирге келүүнү айныбай жактап келген Меркель айым үчүн ал чоң тоскоол болуп калды.

Коомдук пикирди байкап турууну аябай жактырган Меркель айым Германия менен Францияда Макрондун идеяларына каршылык күн санап артып бара жатканын, албетте, байкап калган. Немистер шайлоо учурунда, балким, Макронду жактырып калгандыр, бирок бул сүйүү тез эле соолуп баратат. Учурда немистер “Европадан чарчоо” менен бирге “Макрондон да чарчаганына” айтышат. Германияда көпчүлүк калк европалык интеграцияны тереңдетүү үчүн Берлин акыры кун төлөп калат деп божомолдойт. Немистер 2008-жылкы каржы кризисинен кийин европаны куткарууда чыгымга учураганбыз деп эсептейт. Алар башкалар үчүн кайра дагы бир жолу төлөгүсү келбейт.

Муну түшүнгөн Меркель айым Макрон сунуштаган жаңылыктарга баш ийкегени менен сунган колун кармайын деген ниети жок. Албетте, мындай ыкма жок дегенде азырынча Германияны кошумча сарптоодон сактап калып, Меркелдин саясий карьерасын да куткарып калышы мүмкүн.

Бирок Ангела айым бул ыкманын болочок кесепети кандай болоорун: Европалык долбоор аксап кете берсе, француз-немис кыймылдаткычы басаңдаса, октябрда жолукчу европалык лидерлер жаңы ык-амал таба албай калса Германия канча жоготушу мүмкүн деп өзүнөн сурап көрүүсү керек. Популисттик толкунду тосуш үчүн мындан да терең интеграция жана жалпы европалык баалуулуктар менен бирдиктүү келечекке ишенүүнү калкка көрсөтүү зарыл. Эгер Виктор Орбандын Венгриясынын антилиберал саясатына каршы кармашты Макрон мырза уттуруп жиберсе, Германия эртели-кеч анын кунун өтөп калат.

Канцлерлигинин акыркы мөөнөтүн иштеп жаткан Меркель айым француз президентинин кээ бир пайдалуу сунуштарын колдонуп, Евробиримдиктин учурдагы өлүм-калым кризисинен өтүп кетиши үчүн Макрон мырза менен кызматташып баштаганы жакшы. Европанын келечеги ушуга байланып турат.

Жулиан Смит, The New York Times, АКШ