Ислам дүйнөсү

Түркия “35 жыл отурсун”, АКШ “барымтадагы киши” деген молдоке жөнүндө

15 октября 2018 г. 14:45 1940

АКШ менен Түркиянын мамилелери сууганга себеп болгон, түрк сотунда 35 жыл капас суралган христиан-евангелчи молдоке Эндрю Брансон 12-октябрда бошотулуп, эртеси күнү Вашингтондо Дональд Трамп менен жолукту. Түркияда кылмышкер делип, 3,5 жыл берилип, бирок бошотулган Брансонду АКШ “барымтага алынган киши” деген. Бул кандай молдоке, эмне үчүн камалды, эмнеге бошотулду?

Таң калычтуусу, Американын ЖМКлары 12-октябрдан бир күн мурун молдоке Эндрю Брансондун бошотулаарын жазып чыккан.

АКШ президенти Дональд Трамп твиттер баракчасына: “Брансон барымтага алынган. Анын Түркиядан кайтышы үчүн соодалашкан жокпуз.”, - деп жазган. Вашингтондогу Ак үйүндө молдокени кабыл алганда: “Бир нерсе төлөбөөрүбүздү, эгер бошотулбаса, жаман нерселер болоорун айттык”, - деди.

Эндрю Брансон Анкарада 25 жылдан бери жүз кишиге жетпеген Евангелисттик чиркөөнү жетектеп келген. Ал Түркиядагы 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүү аракетинен кийин камакка алынган. Түрк прокуратурасы түрдүү айыптар менен ага 35 жыл капас сураган. Брансон бошотулган 12-октябрдагы акыркы отурумунда бул талабын 10 жылга чейин кыскарткан.

Айыптоолрдун башында, учурдагы Түркияда эң ыңгайлуу шылтоо болгон, түрк бийлиги ойлоп чыгарган "Фетхуллах Гүлендин террордук уюмунун" (ФЕТӨ) мүчөсү деген айып тагылган.

6-октябрда, б.а. Брансондун бошотулаарына алты күн калганда Түркия президенти Тайып Эрдоганга таандык делген “А-Хабер” телеканалы башына кара байпак кийген киши менен репортаж кылып, Брансонду “ФЕТӨ уюмунун башкаруучуларынын бири” катары көрсөткөн.

Түркиядан сырткаркы бардык жерде күлкүнү келтирген башка айыптоолор да гезит беттерине чыгып кеткен. Мисалы гезиттер Брансон Түркиядагы 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүштү ишке ашырса, АКШга кайтканда Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (CIA) мүдүрү болмок деп жазышкан.

Бул евангелист молдоке түркиялык дин безер күрддөрдүн ПКК уюму менен бирге Христиан күрд мамлекетин түзмөк экен деген, түрк улутчул-исламчы наадандардын бүйүрүн кызыткан, карандай калптар гезит беттерин ээлеген.

Эндрю Брансон молдокенин ак экенине ишенип, бирок түрк сотуна караманча ишенбеген АКШ бийлиги Эрдоган менен жең ичинен келишимге келген.

Трамп 2016-жылдын октябрь айынан бери камакта жаткан молдоке Брансон тууралуу түрк президенти Эрдоган менен сүйлөшүп, ушул жылдын август айынын башында АКШга алып келип берем дегенине ишенген. Брансондун сотко чыкчу күнү жакындаганда АКШдан атайын учак келип, аны АКШга алып кетүү максатында күтүп турган. Бирок Батышта “килемчи көпөс” атаккан, Тайып Эрдоган сооданын кунун көтөрүп жиберип, америкалыктар муну бети жоктук деп баалаган.

Өзү да жакшы билбегендиктен, кошоматчыларынан башка кеңешчилери да калбагандыктан Эрдоган АКШнын бийлигин арзан эсептеп, телеге чыгып сот бийлиги чеңгелинде экенин дагы бир жолу билдирген. Андай сөздөрүнүн биринде: “Бул жакыр бийликте турганда аны (Брансонду) ала албайсыңар”, - деген.

12-октябрдагы сот отурумунда буга чейин молдоке Брансонго каршы күбөлүккө өткөндөрдүн бири сотко “сиз мени каңырыш угуп алыпсыз, мен “ФЕТӨ” эмес, “көре” (корей улутундагы киши) дегем” деди, башка эки күбө Брансонго айып катары тагылган окуяны бири-биринен укканын айтышкан. Калган күбөлөр буга чейин берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартышты. Серепчилер муну “он миңдеген өз жаранын капаска сологон учурдагы түрк сотунун таз кейпин ашкерелеген адаттагы көрүнүш” деп аташты.

Дональд Трамп молдоке Эндрю Брансонду капастан чыгарып бергендиги үчүн Тайып Эрдоганга ыраазылык билдирип, мамилелер эски абалына келет деген.

Бул жылдын 1-августунда АКШ Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен адилет министри Абдулхамид Гүлдү “бул расмий аткаминерлер Түркиядагы адам укугунун тебеленишине жооптуу” деп айыптап, АКШдагы мал-мүлкү менен банктык эсептерин камакка алган. Мындан сырткары түрк алюминий менен болотко киреше алымы эки эсе көтөрүлүп, түрктөр сатып алган F-35 учактары Түркияга берилбей калган. Ошол августун башында түрк лирасы кунун тез жоготуп, бардык товарлар кымбаттап, инфляция 30%га жакындап кеткен. Бир айда миңдеген түрк ишкери бизнесин жаап, банкроттугун жарыялап жатат.

Көрүнүп тургандай, Трамптын бир ооз сөзү менен Түркиянын бардык маселеси чечилип кетпейт. Каалаган адамын “террорчу” деп айыптап, капаска солоп, мал-мүлкүн тартып алып жаткан Эрдогандын партиялаштарынын туткак колдору кыскартылмайын, Түркиянын жагдайы өзгөрүп кетиши арсар.

Бул өлкөнүн көйгөйлөрү молдоке Эндрю Брансон камалганда башталган эмес, ал бошотулганда да чечилип кетпейт. Бирок бул окуянын аркасынан түрк тергөөсү, прокуратурасы, адвокатурасы, соту менен ЖМКлары таптакыр иштебей калганы жана түрк бийлиги күч менен коркутканды гана жакшы түшүнөөрү бүт дүйнөгө ашкере болду.