Кытай/Индия

Кытай болбосо Африкага ким жардам берет?

12 октября 2018 г. 19:18 1150

Мындан мурунку айда Пекинде өткөн кытай-африкалык форумга (FOCAC) 51 мамлекет башчы келип кетти. Салыштырсак, Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясынын 73-сессиясына африкалык лидердин жарымы гана катышкан. FOCACка келүүнүн орчундуу себеби бар: Кытай Африкадагы эки тараптуу инфраструктуралык долбоорлордун эң ири инвестору жана континенттин эң маанилүү экономикалык өнөктөшү.

Хопкинс университетинин Кытай-Африка изилдөө демилгесинин маалыматы боюнча, кытай бийлиги африкалык жетекчиликке 143 млрд доллардан ашык карыз берген. 2015-жылкы форумда алган милдеттенмесин эки эсеге арттырып, жакында өткөн FOCACта Си Цзинпин 60 млрд долларлык кошумча каржы жардамын сунуштады.

Бул каржылоонун басымдуу көбү “Бир кырчоо – бир жол” демилгесинин алкагындагы инфраструктураны курууга жумшалмакчы.

Бирок Пекин континенттеги бул долбоорлорду каржылоо менен гана чектелбейт. «Sinohydro» сыяктуу мамлекеттик ири ишканаларынын аларды куруу боюнча да көп жылдык тажрыйбасы бар. Алар батыш фирмалары сунуштаган акчадан кыйла арзан баада иштеп берүүгө даяр.

Натыйжада африка өлкөлөрүнүн инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашырууда кытайлык мам-ишканалар артыкчылыкка ээ. 2015-жылы эле африкалык долбоорлорду ишке ашыруудан кытай компаниялары 54,8 млрд доллар киреше тапкан.

Акыркы он жылдыкта Пекин Африкадагы ишин барган сайын кеңейтүүдө. “Кырчоо – жол” демилгеси муну дагы арттырчудай көрүнөт. Ушундан улам буга чейин салттуу өнөктөш болгон Кошмо Штаттарга окшогон өлкөлөр Пекиндин арзан насыялары менен күчөп бара жаткан таасирине туруштук бере алабы деген маселе турат.

Эл аралык өнүгүү боюнча каржы корпорациясын (IDFC) түзүү менен АКШ өкмөтү маселени жарым-жартылай чечкенсиди. Бул корпорация Кытайдын Африкадагы “жырткычтык насыя аракеттерине” каршы курал иштеп чыгууга Вашингтонго жардам бериши керек.

Пекиндин Африка инфраструктурасына инвестиция кылуусу африкалыктарга жакшы эле пайда алып келгенин эч ким жокко чыгара албайт. Алар жумуш орундарын түзүп, энергия жетишсиздигин толуктап, аймактар аралык транспорттук коридорлорду ачты. «Aid Data» фонду жакында Кытай каржылаган инфраструктуралык долбоордун баарын изилдеп чыгып, бул долбоорлор өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү теңсиздикти азайтканын байкаган. Кытайдын Угандада салган Энтеббе – Кампала автомагистралы эки сааттык жолду 45 мүнөткө кыскарткан. Кениядагы Момбаса – Найроби темир жолу Кытайдын Африкадагы аракетинин сонун үлгүсү болуп калган.

Бирок ушул эле инвестициялар кээ бир эксперттер менен батыш өлкөлөрүнүн сынына кабылган. Аларды Пекиндин “карыз кылтагына киргизген дипломатиясы” деп аташкан.

Жогоруда айтылган Момбаса – Найроби темир жолу каржы жагынан мындай долбоорлорго каралган эл аралык стандарттардан үч эсе кымбат бүткөнү аныкталган. Кытайдын мындай инвестицияларына жардам деп айтылганы менен, албетте, алар бекер келген жок. Момбаса – Найроби долбоору Пекиндин ири насыясы менен каржыланган жана аны үстөгү менен кайтарып берүү зарыл.

Дүйнөлүк банк сыяктуу каржы булактарынан майда-барат насыя алгандан көрө, Пекиндин инфраструктуралык каржысын алуу бир топ жеңил. Кытай банктары адам укуктары сыяктуу саясий талаптарды койбой туруп насыя берет жана кирешеси кандай болоорун да эсептеп олтурбайт.

Анткени менен насыяны жабууда да Пекин ушундай жумшактык кылат деп күтпөш керек. Долбоорлор кирешелүү болсо маселе жок. Бирок Момбаса – Найроби темир жолу сыяктуу ири курулуштар өзүн актабай калса, каржы туруксуздугунан улам эл аралык деңгээлдеги маселе чыгышы мүмкүн. Август айында Дүйнөлүк валюта фонду “Кытайдын жырткычтык инфраструктуралык каржылоосунан” жапа чеккен өлкөлөрдү куткарып жатат деп америкалык сенаторлор АКШнын Каржы министрлигине арызданышкан.

“Каржы кылтагы дипломатиясын” сындагандарды жоопкерчиликсиз каржылоодон улам пайда болгон экономикалык көйгөйлөр гана эмес, Пекин берген карыздарын улуттук стратегиясы үчүн колдонгону да тынчсыздантат.

Маалыматтар боюнча, Кениянын 70 пайыз, Жибутинин андан да көп карызы Кытайга таандык. Экономикалык абалына жараша Жибути карызынан улам өтө чоң коркунучтуу абалга келип, АКШнын чалгындоо коомчулугунун тынчын ала баштаган. Африканын талуу жеринде жайгашкан Жибутиде АКШнын бирден-бир согуштук базасы бар. Эми ал жерге Пекиндин согуштук базасы түптөлгөндөн кийин, Дорале портундагы контейнер терминалынын улутташтырылуусу Вашингтонду дүрбөттү.

Себеби, серепчилер Пекин Шри-Ланканын Хамбантота портун 99 жылга ижарага алгандай, карызга баткан Жибутиден да Доралени алып коюуга аракеттенет деп божомолдошот. Вашингтондун ою боюнча, Кытайдын “жырткычтык насыя аракети” кооптуу жана континеттеги экономикалык туруктуулук үчүн коркунучтуу.

Бирок америкалык сынга: “Пекинден албаганда кимден алмак эле?” - деген жооп да белен. Трамптын администрациясы кооптуу делген кытай насыяларына атаандаштык катары 60 млрд доллар берүүгө даяр. Бирок Кытайдын буга чейин Африкадагы инфраструктуралык долбоорлорго чегерип койгон 143 миллиарддык насыясын эске алганда, бул “өтө эле аз жана өтө эле кеч” деген сөздү эске түшүрөт.

Грейс Гуо, The Diplomat, Жапония