Борбор Азия

​Ишенгүл Болжурова: "Аз маяналуу орто мугалим орто баланы гана тарбиялай алат"

11 октября 2018 г. 7:13 193

Мугалимдердин социалдык абалы боюнча бир нече көйгөйлөрдү айткым келип жатат. Биринчиден мугалимдердин маянасы өтө начар болууда. Жыл сайын мамлекет бюджеттен билим системасына 30 млрд сомго чейин каржылоо жүргүзөт. Ошонун арасында 16-17 млрд сом маянага жумшалат, калганы ысык тамак берүү, ремонт жасоо жана башка муктаждыктарга коротулат.

Президент жакында эле коррупционерлерден өндүрүлгөн акчага мектеп курууну сунуштады. Бул абдан жакшы демилге. Доктурлардын дагы маянасын көтөрүп жатат, мугалимдердин да айлыгын көтөрсөк, алардын статусу да жогорулайт эле. Менин оюмча ички булактарды карап чыгуу керек. Билим системасына бөлүнгөн 30 млрд сомду туура бөлүштүрсө балким айлыкка да көбүрөөк көлөмдө кароого жетмек.

Маянасын жок дегенде 20 миң сомго чейин көтөрсө, мугалимдер башын көтөрүп иштеп калат эле.

Экинчиден, аларга турак-жай берүү маселеси турат. Мисалы, Бишкекте совет доорунан бери мугалимдерге бир да жолу үй курулган эмес. Айылдарда деле илгери кооперативдик үйлөрдү салып берип, социалдык жеңилдиктерди беришчү. Азыр анын баары тең алынып калган.

Дагы бир маселе бул — пенсия. Мен көп мугалимдер менен жолукканда жүрөгүм ооруйт. 30-40 жыл иштеген мугалимдердин пенсиясы 5-6 миң сом болууда, аны менен шаарда жашаганга мүмкүн эмес да. Ошондуктан алар башка кошумча иштерде иштеп, пол жууп деле жүрүшөт.

Силер билесиңерби, мугалимдер жыл сайын Социалдык фондго 3 млрд сомго чейин төлөшөт. Демек, алар дагы пенсия алгандарды колдоп жатышат, муну эл унутуп жатат. Ошондуктан мугалимдердин пенсиясын көтөрүүнү да сөзсүз караш керек. Эмне үчүн соттор же болбосо башкалар 50-60 миң сомго чейин пенсия алышат да, өмүр бою ден соолугун, өмүрүн балдардын билимине, тарбиясына арнаган окутуучулар жарыбаган тыйын алат.

Азыр жаңы кылымда өтө оор чакырыктар болуп жатат, мындай кырдаалда балдарды кандай тарбиялоо керек, цивилизациядан артта калбаш үчүн эмне кылыш керек деген маселелер турат. Мамлекет жакшы шарт түзсө мугалим дагы жоопкерчилик менен иштейт.

Мугалимдик кесиптин маянасы жогору болсо аны тандагандар да көбөйөт. Экинчиден, тилекке каршы көп жылдан бери жалпы республикалык тестирлөөдөн аз балл алгандар жок дегенде бюджетке окуп калайын деп педагогикалык адистикке окуп калып жатат. Бул өтө коркунучтуу көрүнүш, анткени орточо окуган бала орточо мугалим болуп, орто деңгээлде билим берет. Ошондуктан мугалимдердин социалдык абалын көтөрүү, алардын кабыр-баркын жогорулатуу маселеси турат.

ИШЕНГҮЛ БОЛЖУРОВА, Марал ФМ