Батыш

Француз улутчулдары кризистен чыгып европалык санаалаштарына кошула алабы?

9 октября 2018 г. 11:41 843

Акыркы убактарда Евробиримдиктин элитасы неолиберал долборуна шек келтирген улутчул-салттык партияларды басмырлоону күчөттү. Ал үчүн соттук териштирүү, коркутуу, керек болсо чагым салуу сыяктуу түрдүү ыкмалар колдонулууда. Франция бийлигинин “Улуттук фронтту” (жакында “Улуттук биримдик” деп өзгөрдү) юридикалык, каржылык, соттук-медициналык жана башка жолдор менен жок кылуу аракетин айрыкча белгилесе болот. Муну ишке ашыруу оңойбу? Анткени “Улуттук фронт” буга чейин Евробиримдиктин эң эски, жана буга чейин эң ири улутчул-популисттик кыймылы жана “Германия үчүн альтернатива”, “Түндүк лигасы” (Италия), Австрия эркиндик партиясы, Нидерланд эркиндик партиясы сыяктуу улуттук-консервативдик партиялардын башаты болгон. Француз бийлигинин аракеттери “Улуттук фронтту” катуу алсыратып, аны саясий сахнадан толук сүрүп чыгарганы калды.

Эч кандай юридикалык негизи жок каржы опузасы “Улуттук фронтко” небактан бери колдонулуп келе жатат. Франция менен башка европалык өлкөлөрдүн банктары Фронтко каржы чегерүүдөн баш тартууда. “Биринчи Чех-Орусиялык банк” сыяктуу башка булактардан насыя алуу аракеттери дароо Орусия Федерациясы менен “көмүскө бүтүмгө” баруу деп бааланууда. Жергиликтүү банктар УФ менен анын жетекчилеринин эсептерин тейлөөдөн баш тартышууда. Буга партия шайлоодо аз добуш алган деген, күлкү келтирген жүйө айтышууда. Марин Ле Пен бул тууралуу, каржы кызыл кулактары саясий оппозиция менен демократияны муунтуп өлтүрүү аракетинде деп билдирген. Акыркы президенттик компания учурунда партия Филиппинден 8 млн евро насыя алганга мажбур калган.

“Улуттук фронт” белди бекем бууганга аргасыз, жайдын этегинде өтчү улуттук курултайы жылдырылган, Париждеги штаб-квартирасындагы кызматкерлеринин жарымы иштен бошотулган, Европарламенттин 2019-жылкы шайлоосун каржылоо маселе бойдон турат. Партия качкандан калган мүчөлөрүн ыктыярдуу жардамга чакырып, азырынча 600 миң евро чогулткан, бирок бул жетишсиз.

Жакында “Улуттук фронтко” каршы кезектеги иш ачылган. Партия француз бюджетинин эсебинен Европа парламентинде 15 жасалма иш орунун ачкан деп айыпталууда. Айып боюнча анын кызматкерлери Европарламент жайгашкан Страсбургда эмес, партиянын Париждеги штаб-квартирасында иштеген. Париж соту 1 млн евролук эсебин камакка алып, партия шайлоо кампанияларын каржылай албай калганы турат. Бул иш али аягына чыга элек, эгер айып тагылса, партияга 7 млн евролук айып пул салынып, ал банкрот болот. Учурда партиянын борбордук аппаратынан сырткары жүзгө жакын аймактык бөлүмдөрү жабылган. Партия мүчөлөрү 80 миңден 30 миңге чейин азайып кеткен. Марин Ле Пен бул тууралуу бийлик атаандаштарынын “саясий жанын алууда” деп айткан. Мындан сырткары, 2015-жылы Твиттердеги баракчасында ИГИЛдин мыкачылык фотолорун жайгаштырганы үчүн, Марин Ле Пенди психиатрикалык изилдөөгө чакыруу коркунучу турат. Эгер ага “зомбулукка үгүттөө” айыбы тагылса, үч жыл эркинен ажыратылып, 75 миң евро айып пул төлөшү керек болот. Мындай болушу толук мүмкүн, анткени Франциянын парламенти Ле Пенди кол тийбестиктен ажыраткан.

“Улуттук фронт” былтыр, 2017-жылы эле француз жакшыларынын үрөйүн учуруп турган. Президенттик шайлоонун алдында Марин Ле Пен бийликке келип, Евробиримдикти курбандыкка чалат деп коркушкан. Бирок теле-таймаш учурунда Макрон таш-талканын чыгарып, Ле Пен биринчи турда 21% эле добуш алып калган. Экинчи турда оңчул, солчул партиянын баары УФга каршы биригип, Макрон президент болду. Партия 50-60 орунга үмүт кылганы менен Улуттук жыйында (парламент) 8 гана депутаты бар, ал өзүнчө фракция да түзө албай калды. Себеби француз мажоритардык шайлоо системасы алдын ала адилетсиз, депутаттардын саны партиянын алган добушуна байланбайт. Ошондуктан эки эсе аз добуш алган Жан-Люк Меланшондун “Чөгөлөбөгөн Франциясы” парламентте 17 орунга ээ, жада калса 1,2%га жеткен коммунисттердин 10 депутаты бар. Марин Ле Пен бул тууралуу Франциянын парламенттик шайлоо системасы демократияга каршы жана реалдуу саясий жагдайдан алыс деген. Мындан улам ал чектүү болсо да, пропорционалдык шайлоо киргизүүнү талап кылган.

Марин Ле Пен кризиске кабылган партиясынын атасы Жан-Мари Ле Пенден бери келе жаткан “Улуттук фронт” аталышын “Улуттук биримдикке” алмаштырган, бирок бул оң натыйжа берген жок. Айрыкча Франциянын Евробиримдиктен чыгуусун күндемге кою деген оор маселе да Марин Ле Пенди күтүп турат. Фрексит англиялык Брекситке окшоп бере алабы? УФтун лидери ушул өзөктүү маселенин тегерегинде айланып кала берди, себеби француздардын басымдуу көпчүлүгү Фрекситке каршы.

УФтун учурдагы лидеринин ордуна ким келе алат? Байкоочулар Марин Ле Пен 50гө эле чыкканы менен кубатсыз жана идеясыз калган сыяктуу көрүнгөнүн белгилешет. Партиялаштарынын көбү анын ордунда жээни, 28 жаштагы Марион Марешалды көргүсү келет. Саясаттан убактылуу чегингени менен дал ошол келбеттүү жаш аял кыймылга жаңы дем бере алмак деп ишенет “фронтчулар”.

Ал убакта мурунку шакирттер устатынан озуп кетти. Марин Де Пен эки жыл мурун эле Парижде итальян “Түндүк лигасы” партиясынын лидери Маттео Сальвинини кабыл алганын эстеп олтурат. Ал кезде “Лига” араң 3% добуш алып, Ле Пен Сальвиниге саясий кеңештерди берип турган. Азыр орундары алмашып калды. Марин Ле Пен “Лиганын” устаты болбой эле, итальян улутчулдарынан шайлоочулардын көңүлүн кантип алуу керектиги тууралуу, өзү сабак алышы керек болуп турат. Азыр УФтун ташы жерге кулап турган чак. Божомолдор боюнча партия алдыдагы Европарламент шайлоосунда жакшы натыйжага жете албайт.

“Улуттук фронттун” жаназасын окуу али эрте. Президент Эммануэль Макрондун рейтинги кулап, Франциянын саясий талаасы катуу өзгөрүп бара жатат. Учурда аны 29% гана француз жактайт, бул өтө төмөн көрсөткүч. Жан сакчыларынан, хандык дымагынан, француздарды басынткан сөздөрүнөн улам Макрондун тегерегинде ызы-чуу көбөйүп барат. Экономика жай өсүп, министрлер кабинетин популярдуу саясатчылар таштап кетүүдө. Акыркы президенттик шайлоодо “курман болгон” социалист, дөөлөтчүлдөр, ошол эле “Улуттук фронт” жаңы саясий “бөлүштүрүү” башталганда кайра жанданып кетиши мүмкүн. Француз философу Мишель Онфре “Улуттук фронтко” өлүүгө жол берилбейт деген шенимде. Анткени шайлоочуларды өзүнө тарту үчүн неолибералдарга “мокочо” керек. “Фашизм” менен коркутсаң солчулдар менен оңчулдар биригип кетээрине анча белгилүү эмес Макрондун президент болуп шайланганы жакшы далил болду.

Андан сырткары “Улуттук фронт” европалык оңчулдарга да керек. 2019-жылдын жазына чектелген Европарламентке шайлоо алдында Италиянын ички иштер министри Маттео Сальвини улутчул-популисттердин жалпы европалык альянсын түзөөрүн айткан. Ага итальяндык “Түндүк лигасы”, Австрия эркиндик партиясы, Нидерланд эркиндик партиясы жана Марин Ле Пендин “Улуттук бримдиги” кирмекчи.

Дмитрий Добров, ИноСМИ, Орусия