Ара жолдогу мамлекет

Бала болуп башынан согуш кечиргендер: Алексиевичтин китеби

7 октября 2018 г. 15:28 2355

“Биз уктап жатканда күтүүсүздөн тургузуп, эшке чыгарып тизишип, Гитлердин өлкөбүзгө кол салганын угузушту”, - деп эскерет музыкант Давид Гольдберг. Нацисттер Советтер Союзун басып кирген 1941-жылы ал 14 жашка чыккан.

Окурман дароо күркүрөп кирип келген Экинчи дүйнөлүк согуш менен бетме-бет калат.

2015-жылдын адабият боюнча Нобель сыйлыгын алган белорус журналисти Светлана Алексиевич окурман менен эч качан ойноп олтурбайт. “Акыркы күбөлөр” аттуу китебинде да бул принцибинен тайган эмес.

Кириш сөздүн ордуна: “Улуу ата-мекендик согушта (1941-1945-жылары) миллиондогон советтик бала өлгөн... Орустар, белорустар, украиндер, жөөттөр, татарлар, лытыштар, лөлүлөр, казактар, өзбектер, кыргыздар, армяндар, тажиктер...”

Андан кийин 1978-жылдан бери чогултулуп келген, согуш убагында 0-15 жаш курагында болгон жүз кишинин жеке күбөлүгүнө негизделген маектер чубалып кете баштайт.

Учурда алар жумушчу, жыгач уста, завод башчысы, музыкант, архитектор кызматын аркалашат. Азыр тирүүлөрү 77ден 92ге чейин жаш курагына чыгып калышты.

1948-жылы төрөлгөн Светлана Алексиевич согушка кабылган эмес, бирок ал кезеңдин окуялары жүрөгүндө өчпөс из калтырган. Жазуучу туулуп-өскөн Белорусия калкынын чейрегин нацисттер кырып салышкан.

Тарыхтагы эң кандуу кагылышуунун төрт жылы өткүчө 25 миллиондон ашык совет жараны каза тапкан.

Швед академиясы Светланага “эрдик менен азаптын элесин учурубузга чейин жеткирген көп дөбуштуу чыгармачылыгы” үчүн Нобель сыйлыгын ыйгарган.

Окуянын түздөн-түз катышуучуларынын маектери камтылган анын беш китеби чыккан. “Акыркы күбөлөр” да ошол эле жылы жарык көргөн “Согуштун аял түрү жок” китеби менен бирге чыгып, башынан согуш кечирген советтик кишилердин күбөлүктөрүнөн турат.

Эки китеп тең 1985-жылы жарык көрүп, бул кылымда кайрадан басылып чыкты.

Ал экөөнөн сырткары ата-мекендик согуш жөнүндө “Секонд хенд убагы”, “Чернобыль дубасы” чыккан. Бул серияны “Цинк уландар” деген, Афганистандагы согуш жөнүндөгү китеп толуктап турат.

Аталган эки китептин негизги темасы менен булагы – кайгы тартуу.

“Акыркы күбөлөрдө” согуштун чоңоюп калган күбөлөрү башынан өткөргөн жырткычтыкты биринин артынан бири айтып олтурушат. Кимиси кыска, кимиси майда-чүйдөсүн калтырбай, аз же көп тартынып айтып бергени менен баары бир бир нерсени жашырып калат.

Кыз кетип бара жаткан атасынын аркасынан кыйкырат, анысы алаканы менен башын мыкчып, кылчайганга даай албай жүгүргөн бойдон кетет.

Башка дагы бир кыз энесин жоготкон кайгыдан улам дароо эс тутумунан да ажырап калат.

Толугу менен күйүп кеткен үйдөн мештин кырындагы туз эле агарат.

Бомбанын сыныгы боюнда бар келиндин бутун жулуп кетет.

Жетимкананын 250 баласын тойгузуш үчүн жалгыз атты өлтүрүшөт. Эки мышык илмийип арык, ошондуктан аларды жөн эле коюшат.

Солдаттар балдарды топ-тобу менен мина талаасына айдашат.

Жарадар немис аскерлерине концлагерлердеги беш жашка толо элек балдардын канын алышат.

Эже-сиңди ун менен жабыштырылган туш кагаздарды жеп 900 күн жан сакташат.

11 жаштагы кыздын колунда ымыркай жээни калып, ал ыйлабай уктап калышы үчүн улам эмчегин салып көрөт. Ачка ымыркай ооруп, жаны үзүлүп кеткенге чейин онтой берет.

Жазуучунун эч нерсени жаап жашырбаган стили окурманды согуш атмосферасына терең сүңгүтүп, колун сунса ага кирип кетчүдөй абалга жеткирет.

Биринчи күбөлүк баяндарын окуй баштаганда үрөй учурган көрүнүштөр толкундай ороп кетет, андан нары узай баштаганда сенейип каласың. Ар бир баянда өз-өзүнчө таш боордук жана айла кетүү бар болгону менен өзүңдү мындан нары эч нерсеге таң калбачудай сезип кетесиң.

Анан чоочундук пайда болот. Окуялар улам алмашканы менен аны айтып жаткан үн баштагындай эле кала берет. Улгайган денеге жаш баланын руху кирип алып сүйлөп жаткан сыяктуу сезилет.

Маал-маалы менен кайраттуулуктун учкундары жылтылдагансыйт.

Он жаштагы бала партизандарга токойдо жашынган немис көзгө атаарларын табууга жардам берет. Ал туткунга түшүп, бирок мына дарга асылат дегенде кутулуп кетет.

Жетимкананын балдары ушунчалык кичине болуп өспөй калгандыктан бир да аскердик форма туура келбей, деңиз аскерлигине жазылышат.

Кыз согуш өткөнгө чейин алиппесин тыпыйтып катып чыгып, андан кийин бүтүндөй класс анын китеби менен окушат.

Өлгөн же жоголуп кеткен ата-эне көп болсо да кээ бир балдар, кандайдыр бир керемет жалгап, өздөрүнүкүн таап алышат.

Согуш бүтүп баары токтобостон күлүп ыйлап баштайт. Ыйлашат кайра күлүшөт. Өбүшүп ыйлашат.

Алар оор окуяларды окууну улантууга бир дем тартып алууга жарайт. Алексиевич менен баарлашкан жумушчу Валя Змитрович айткандай, “өзүңдүн кайгыңды кишилерге айтып берүү зарыл. Жалгыз ыйлаш оор...”.

Башка Валянын – инженер болуп иштеген Бринскаянын сөздөрү китептин аталышы болуп калган: “Биз – акыркы күбөлөрбүз. Биздин доор бүтүп барат. Биз сүйлөп калышыбыз керек... Биздин сөздөр акыркы кишинин сөзү болуп калабы деп ойлогонбуз...”.

“Акыркы күбөлөр: Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы балдар”, Светлана Алексиевич.

Ана Эштела де Соуза Пинту, Folha, Бразилия