Жорум

Мугалим менен силовиктерди салыштырып көрөлүбү?

5 октября 2018 г. 20:43 4835

5-октябрь – өлкөнүн кыймылдаткыч күчү (мотору) мугалимдер күнү. Сапаттуу мугалим - сапаттуу билим алуунун кепили. Ал эми сапаттуу билим алгандар түздөн-түз өлкөнүн өсүп өнүгүшүн кепилдейт. Мугалимдер жалгыз гана окуучуларга билим, тарбия бербестен, алар жалпы улуттун же мамлекеттин келечегинин пайдубалын түптөшөт.

Ар бир кесип ардактуу бирок ушул мугалимдердин орду коомдо кандай? Күч түзүмдөрүндө эмгектенип пенсияга чыккандар (силовиктер) менен агартуу тармагында эмгектенип пенсияга чыккандардын (мугалимдер) алган пенсиясы тууралуу жакында эле чыккан кабарды окудуңуз болуш керек. Кабарда ардактуу силовиктердин пенсиясы 40 миң сомдун тегерегинде экен. Ректор, министр, спикер, профессор, билим берүү тармагында 40-50 жыл эмгектенген мугалимдердин пенсиясы 15-20 миң сом экени белгилүү болду. Булар персоналдык статусу бар пенсионерлер. А катардагы милициядан пенсияга чыккандардын пенсиясы 10 миң, мугалим пенсионердики 5-6 миң сом араң.

Өлкөнү силовиктер “рулить” эткени менен кылмыштуулук азайбады. Күч органдарында иштегендер алган айлыгынан киреше салыгы төлөбөйт. Жакында эле финполициядагылар киреше салыгын төлөбөй турган мыйзам кабыл алынды. А бирок бечара мугалимдер 7 миң сом алабы 10 миң сом алабы 10% киреше салыгын төлөшөт. Киреше салыгын баардык жаран төлөшү керек. Бирок, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери же пенсионерлери атайын мыйзам менен андан бошотулган. Силовиктердин минген машинасы менен мугалимдердин абалын салыштырып көрдүңүз беле? Айта берсе сөз көп.

Буга чейинки макаламда жазганымдай, биз көбүнчө көңүлдү силовиктерге бургандайбыз. Бирок негизги көңүл бурула турган мугалимдер, мектептер, окуучулар болушу керек эле. Күч органдарынын өкүлдөрүнө үй салынганын кабарлардан көп окуйбуз. Бирок мугалимдерге үй салынганын эч эле уга элекмин. Туура, күч органдары кылмыштуулук менен күрөшүп, мекенди коргоодо. Алар деле адам, алар деле социалдык коргоого муктаж. Бирок кылмыштуулуктун себеби билим берүүнүн начардыгынан чыгып жатат да. Биз оорунун себеби менен эмес, анын симптомдору (белгилери) менен күрөшүүдөбүз. Мектептерден билимдүү, тарбиялуу жаштар чыкса, кылмыштуулук өзүнөн өзү азаят эле. Ал үчүн мугалимдерди ар тараптан колдоп, коргошубуз керек.

Өлкөдө 80 миңдин тегерегинде мугалим эмгектенет. Арзыбаган айлыкка иштеп, окуучуларга өздөрүнүн чамасы жетишинче билим берип жаткан мугалимдерден Алла Таала ыраазы болсун. Өлкөнүн чыныгы эгемендиги ушул мугалимдердин колунда. Эркин мамлекетти эркин ойлоно алган жарандар түптөйт. Ал эми эркин жаран болууну ушул агартуу жаатында иштеген мугалимдер камсыздайт. Андыктан бул кесиптин өкүлдөрүн ардактап алуу керек.

Билим берүү системасынын эң башкы компоненти окуучу, мектеп имараты же компьютер эмес - мугалим! Сапаттуу мугалим, өз ишин сүйгөн мугалим болгондо гана билимдүү, тарбиялуу, эркин ойлоно алган окуучулар чыгат. Андай мугалимдерге, жок дегенде, жашоого жетиштүү айлык, пенсия камсыздалуусу кажет.

Саясатчылар майрамда, же көчөнү шыпырыш керек болгондо, же шайлоо маалы келгенде мугалимдерди эстебей, аларды сөз менен эле ардактабай, иш жүзүндө ардакташ керек экенин түшүнөт деп үмүт кылам. Ал үмүт өчпөйт. Майрамыңыздар менен кымбаттуу мугалимдер!