Борбор Азия

Коммерсантъ: Кыргызстанда экс-президенттер кол тийбестик менен сыналмакчы

4 октября 2018 г. 13:44 2371

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жакында кол тийбестиктен ажырап, натыйжада ыйгарым укуктарынын чегине чыкты деп айыпталып сотко чакырылуусу мүмкүн. Кечээ Жогорку соттун Конституциялык палатасы экс-президенттин кол тийбестигин алууга каршы чыккан жок, бирок зарыл укуктук базанын жоктугун белгилеп кетти. Атамбаев болсо аны соттогонго эч кандай негиз жок экенине ишенет. Экс-президенттин айтымында, бишкектик ТЭЦти жаңылоодо эч кандай паракорлук жок. Буга чейин бул айып менен эки мурунку премьер жана борбор калаанын мэри жоопко тартылган.

Экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу Кыргызстанда май айынан бери катуу талкууга түшкөн. Ага Алмазбек Атамбаевге жакын кишилердин сот жообуна тартылуусуна себеп болгон паракорлук ызы-чуусу түрткү берген.

Буга чейин эки экс-премьер менен Бишкектин мэри камакка алынган. Алар кытайлык ТВЕА компаниясынын миллиондогон долларга жүргүзгөн жаңылоосунан кийин борбор калаанын ТЭЦиндеги ири авария боюнча жоопко тартылышкан. Тергөөнүн жоромолу боюнча, станциянын оңдоосуна кытай банкынын бөлгөн 386 млн долларынын 200 миллионун чиновниктер өз эсептерине чыгарып кеткен. Бул оңдоого таасир этип, суук 30 даражага чыкканда ТЭЦ иштебей калган.

Жазында оппозициячыл депутаттар экс-премьерлер менен мэр гана эмес экс-президент Атамбаев да ыйгарым укуктарынын сыртына чыккан деп билдиришкен. Бирок соттук кол тийбестиги аны жоопко тартууга тоскоол болгон.

“Президенттин иштөөсүнүн кепилдиги” мыйзамынын 12-беренеси мурунку мамлекет башчыларга соттук куугунтуктоого каршы иммунитетти камсыздап турат. Бул эрежени экс-президенттик статустан ажыратуу менен гана аттап өтсө болот. “Жоогазын” ыңкылабынан кийин өлкөдөн качкан Аскар Акаев менен 2010-жылы төңкөрүлгөн Курманбек Бакиевди ошондой кылышкан.

Мыйзамга өзгөртүүнү демилгелеген Исхак Масалиев анын максаты Атамбаевди жазалоо эмес, жалпысынан “акыйкатты калыбына келтирүү” дейт. Жогорку кеңештин Конституциялык палатасына доо менен кайрылган Нурбек Токтакунов аны менен макул. Анын: “Демократиялык өлкөлөрдө экс-президенттердин кол тийбестиги жок. Анткени толук кандуу иштеген соттук системасы кылмыштуулукту саясий куугунтуктан өзү эле айырмалап турат”, - деген сөзүн “Республика” гезити келтирген. Жогорку сот кечээ чыгарган чечимди Токтакунов оң маанайда кабыл алган. “Жөнөкөй тил менен айтканда, алар (соттор – Ъ) аны (берене – Ъ) Конституцияга карама-каршы дешти. Анткени кол тийбестиктен ажыратуу жолдору каралган эмес. Анысы менен Жогорку Кеңешке шилтеме кылып, аларга (депутаттарга – Ъ) мыйзамга экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу жол-жобосун киргизүүлөрү зарыл экенин, ошол эле убакта бул жол-жобо президенттик макамдан ажыратуудан оңой болбошу керектигин айтты”, - деп жазган ал фейсбуктагы баракчасында.

Май айында, парламенттеги баштапкы добуш берүүдө депутаттардын 112синин 87си экс-президентти иммунитетинен ажыратууну колдошкон. Андан кийин маселе коомдук талкууга берилген.

Өзгөртүү өтүп кетсе, анын кесепети эң биринчи кезекте Алмазбек Атамбаевге тиет. Аны күтүп олтурбастан, Атамбаев кечээ эртең менен бишкектин жылуулук станциясына тиешелүү скандал боюнча коомчулукка биринчи жолу түшүдүрмө берди. Ал кыргыз Социал-демократтар партиясынын сайтындагы макаласында ТЭЦте паракорлук болгон эмес деп жазган. Анын жаңылануусу “шаарды катастрофадан сактап калды” деп билдирген. Атамбаев мырза ал 2012-жылы бийликке келгенинде өлкөнүн энергетика тармагы терең кризисте жатканын, ал үчүн жетекчилик чечкиндүүлүк кылышы керек болгонун айтып берген. Өзбекстан жана Токтогул ГЭСинин суу деңгелинен көз карандылык “Газпром” менен келишим түзүлгөндө чечилип, Бишкек ТЭЦинин модерндештирүүсү кытайлык ТВЕА компаниясына эң пайдалуу шарттардан улам берилген. Ашкере ысырап кылынган делген 386 млн долларды экс-президент “Борбордук Азияда эң арзаны” деп атаган. Ошол эле убакта уурдоо ыктымалы болгон эместигин жокко чыгара албастыгын билдирип, ал ишти аткарган кытайлык компаниянын ичинде гана болушу мүмкүн деген. Анын айтымында, авария ТЭЦтин жаңыланбаган жактарында болуп, ошол бойдон калганында “даана техногендик кыйроо” болмок: “ТЭЦти жаңылоо шаарды сактап калган. Кыйроону алдын алгандар учурда түрмөдө олтурат”, - деп жазган экс-президент макаласында.

Дина Марганова, Коммерсантъ, Орусия