Ислам дүйнөсү

​Акча жана абийир: Сауд Аравиясына курал сатуудан ыңгайсызданган Европа

3 октября 2018 г. 20:04 1392

Сауд Аравиясы менен Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) курал сатуу абийир менен юридикалык жактан канчалык туура деген ыңгайсыз сезим Европада артууда. Анткени бул эки өлкөнүн Йеменге 2015-жылдан берки куралдуу кийлигишүүсү узап, аскердик кылмыш тизмеси чубалып барат. Стокголмдук тынчтык көйгөйлөрүн изилдөө институтунун маалыматы боюнча 2001-2015 жылдар арасы европалык компаниялар Эр-Риядга 57 млрд долларга курал сатышкан. Бул сауд куралынын 67%ы Европадан дегендик.

Бир нече мамлекет 2015-жылдан кийин да курал жеткирип турат. Алардын арасында аравиялыктарга берилген өнөктөшү Британия да бар. Башкалары болсо Франция, Германия менен Испаниядай кылдат саясатка өтүшкөн. Кээси экономикалык максаттан улам чегинген.

Германия: чочуган коалиция

19-сентябрда Der Spiegel Сауд Аравиясына танк багыттоочу системаларды, БАЭге 48 кургактан атылуучу, 91 кеме ракетасын сатууга немис өкмөтү макулдук бергенин жазып чыкты.

Оппозициялык “жашылдар” жана социалисттик партиялар муну катуу сындашты. Мындай экспорт бийлик коалициясынын келишимине карама каршы экени белгиленген. Анда: “Мындан кийин Йемендеги кагылышууга катышкан өлкөлөргө согуштук техника сатууга макул эмеспиз”, - деп жазылган.

Кандай болбосун, бул окуя Берлин менен Эр-Рияддын жакындашуу нугуна дал келет. 2017-жылдын этегинде ал кездеги немис тышкы иштер министри Зигмар Габриэлдин Сауд Аравиясынын регионалдык саясатын сындап, аны “авантюристтик” деп атаганда эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн. Габриэлден кийин келген Хайко Маас 26-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Генералдык ассамблеясы өтүп жатканда бул тууралуу “өкүнүчүн” билдирген.

Der Spiegelдин макаласы курал сатууну катуу көзөмөлдөп жатабыз деген немис өкмөтүнүн сөзү менен иши айкалышпаганын ашкерелеген. Германия учурда курал сатуу боюнча Франция, Кытай, Орусия жана АКШдан кийинки бешичи орунда. Ал дүйнөдөгү куралдын 5,6%ын сатат.

Испаниянын чегинүүсү

Жаңы, социалисттик жана прогрессивдүү испан өкмөтү сентябрдын башында, Йеменде колдонулуп калбасын деп чочулап, Сауд Аравиясына лазер менен багытталган 400 авиа-бомбасын сатпайбыз деп дүрбөлөң салган. Бул тууралуу келишимге мурунку министрлер кабинети 2015-жылы кол койгон. Испан өкмөтүнүн курал сатуудан баш тартканына Эр-Рияд нааразылыгын билдирген.

Муну солчулдарга жакын жарандык коомдор катуу колдогону менен сауддардан “Кадикс” кеме куруучу заводуна беш корвет (тез жүрүүчү аскердик кеме) куруу буйрутмасын алган Андалузияны дүрбөткөн. Мында активдүү калкынын 27%ы жумушсуз региондогу 1,8 миллиарддык инвестиция менен 6000 иш оруну маселеси турат. Испан өкмөтү менен сауддардын ортосундагы саясий кризис бул келишимге кесепетин тийгизчүүдөй болгон.

Социалисттер жетектеген регионалдык өкмөт жакындап келе жаткан шайлоолорду эске салган. Натыйжада 13-сентябрда аткаруу бийлиги авиа-бомбаларды сатууга каршы эместигин билдирген. Европарламенттин мурунку башчысы, учурдагы испан өкмөтүнүн тышкы иштер министри Жозеп Боррель “бир кадам да жаза тийбеген шумдук таамайлыгы керексиз зыяндан сактап калат” деп да божурап жиберген.

Эр-Рияддын кылдат өнөктөшү – Париж

Франция үчүн “Сауд Аравиясы кардар эмес – өнөктөш”. Президент Эммануэль Макрон салтты карманат жана кол коюлган келишимдер аткарылуусу керек деп эсептейт. Йеменде колдонулуусу мүмкүн куралдар, тиешелүү мекемелер айткандай, “өзгөчө кылдаттык менен” сатылууда. Жакынкы Чыгышка экспорттоо уруксаттары менен Йемендеги согушка катышкандардын талаптары ай сайын (замбирек октору, ракеталар, тетиктер ж.б.) өкмөттүн атайын жыйынында каралат. Париж Эр-Риядга бомба эмес, Ceaesar замбирегинин огун сатат. БАЭ Mirage 2000 учактарын алган, бирок ага француз бомбаларын колдонбойт, Leclerc танктарына болсо снаряд менен тетик сатуу керек.

Саудиянын мураскер ханзаадасы ушул жылдын апрелинде Парижге келгенде, укук коргоочулар курал сатуу токтотулсун талабын коюшкан. 56 депутат бул экспорттогу 156 миллион долларлык пара тууралуу парламенттик комиссия түзүүнү талап кылган. Буга коргоо министри Флоранс Парли айым: “Сатылган куралды кайра кайтарып алуу мүмкүн болбосо да анын кайсыл жерде колдонулуп жатканын сураганга акыбыз бар. Мен билгенимдей, Сауд Аравиясына сатылган техника чабуулга эмес, Йемен чектеринде коргонууга колдонулууда”, - деген жүйө келтирген.

Сауд Аравиясы 2007-2016-жылдары Франциянын экинчи ири кардары болгон. 2017-жылы буйрутмалар 626 млн еврого чейин кыскарган. Франция менен коргоо келишими бар БАЭ өткөн он жылдыкта курал алууда алтынчы орунду ээлеген. 2017-жылы экспорту 701 млн еврого чыккан. Бул жылдын этегинде катер, радар, көп багыттуу учактар боюнча саясий чечимдер алынмакчы.

Лондон улам жаңы келишим түзүүдө

Араздашууну тынчтык жолу менен чечүү керек деген Британия АКШ менен бирге Йемен маселесинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Эр-Рияд тарапта болду. 2015-жылдан бери Лондон Сауд Аравиясына 5,2 млрд еврого курал сатууга макулдук берген. Көбүнчөсүн Eurofighter Typhoon бомбалоочу тез учагы, Paveway лезердик багытоочусу бар бомба жана Brimstone ракеталары жеткирилген.

Эр-Рияд Лондондун ири инвестору жана товар сатууда негизги базарларынын бири. Ошондуктан Тереза Мэйдин өкмөтү достук мамиледе бекем. Ал “Йемендеги гуманитардык абалга терең тынчызданганы” менен Эр-Риядга 48 Eurofighter Typhoon учагын сатуу ниети жазылган бир нече миллиарддык протоколго кол койгон.

Оппозициянын лидери Жереми Корбин бул келишимдерди “уятсыз” деп атаган. Анын мурун жетектеген согушка каршы уюму Сауд Аравиясына курал сатуу токтотулсун деп сотко кайрылган.

Өкмөт болсо Евробиримдиктин талаптарына шайкеш катуу көзөмөлдөп жатабыз деп ишендирет. Бул маселеде элден озгон либерал-демократтар “Сауд Аравиясына курал сатууну, баасына карабастан, дароо токтотууну” талап кылган. Бир аз кылдат лейборчулар аскердик кызматташуудагы “тымызын схемаларды” ачыкка чыгарып, экспортко уруксат берүүдө “кеңири реформаларды” убадалашкан.

Стокгольмдун кылдаттыгы

Швециянын сауддарга курал сатуусу бүдөмүк мүнөздө. 2015-жылдын мартында премьер Стефан Левен Эр-Рияд менен 2005-жылкы аскердик кызматташуу келишимин узартпайм дегенде жашылдар менен солчулдар шатырата алакан чабышкан.

Отуз ири швед компаниясынын жетекчиси анын экономикалык кесепети тынчсыздантат деген. Коргоо министри Петер Хультквист аскердик келишим ансыз деле иштеген жок, ошондуктан Швеция сауддар менен “тынчтык тармакта” кызматташууну кеңейтет деп ишендирүүгө шашылган.

Бирок Стефан Левен 2016-жылдын октябрында Эр-Риядга сапар алганда, арасында “Сааб” компаниясынын башчысы Маркус Валленберг да бар көпөстөр аны коштоп барган. Швед прессасынын маалыматы боюнча бул компания акыркы он жылда Эр-Риядга 511 млн еврого көзөмөл жабыктары менен ракета саткан.

Укук коргоочулар менен солчулдар муну сындап, бир нече партия 2017-жылдын июнунда “демократиядан катуу алыстаган” өлкөлөргө курал сатууну тыйган мыйзамды өткөрүшкөн. Ал боюнча диктатураларга курал сатуу бөгөлгөнү менен, өлкөнүн стратегиялык кызыкчылыгы үчүн мүмкүн экени айтылган. Эксперттердин айтымында мыйзам эч нерсени өзгөртпөйт.

2017-жылы Швеция элүүгө жакын өлкөгө 11,3 млрд кронго курал саткан. Анын негизги үч кардары БАЭ (20%), Таиланд (16%) жана Сауд Аравиясы (13%).

Редакциялык макала, Le Monde, Франция