Орусия

Орустун Владивостогу кытай үчүн Хайшеньвэй

2 октября 2018 г. 16:28 1440

“Орусия-кытайлык алакалар тарыхынын эң сонун маалына жетти”. Бул сөздү сентябрда Владивостокто өктөн Чыгыш экономикалык форумда кытай лидери Си Цзиньпин айтып, президент Путиндин колун бекем кысты. Ал Трамптын администрациясына АКШга каршы соода-сатык тиреши жүрүп жаткан кезде Орусиянын башчысы менен достук мамилеси жакшы экенин көрсөттү.

Форум башка мамлекеттердин лидерлери да катышкан сахналашкан дискуссиялар форматында өттү. Ыңгайсызданганы менен өз пикирин да кошо коюп жаткан орусиялык журналисттин курч суроолоруна жооп берген Си Цзиньпин катышуучуларга сергек көрүнүп турду.

Си буга чейин бир да жолу пресс-конференциялардагы суроолорго жооп берген эмес. Бул ирет иш-чараны уюштурган Путиндин аброю үчүн макул болгон сыяктуу.

Андан бир күн мурун экөө деңиздин жээгинде сейилдешип, фартук тагынып икра оролгон куймактарды өз колдору менен жасап, бир аз арак сеп этип, жылмайып жүрүштү. Мындай жылуу мамилени көргөн кытайдын көбү эки анжы сезимде калганы билинип турду.

Кытай карталарында Владивосток деген аталыш кытай тамгалары менен берилген соң, кашанын ичинде “Хайшеньвэй” деп жазылат. Кытай бийлиги бул шаардын ушундай жазылышын талап кылат. Бул аймак мындай аталышты Цин империясынын доорунда алган. Ал “трепанг булуңу” деген маанини билдирет. Илгери бул жерде көптөгөн трепанг чогултулган сыяктанат.

1860-жылы Орусиялык империя Цин менен Бээжин келишимин түзүп, натыйжада учурдагы Примор крайын өз аймагына кошуп алган. Анын түштүк тарабында Владивосток деген аскердик порт түптөлгөн. Анын мааниси – “Чыгышты ээле”.

2008-жылы чек аралар биротоло бекитилип, жерлер тууралуу талаш-тартыш жөнгө салынганы менен Кытай бул шаардын аталышын кабыл ала албай келет.

Кытайлык Гирин провинциясы менен чукул чектешкени менен Владивосток европалык архитектурасы менен айырмаланып турат. Учурда ага көптөгөн кытайлык туристтер келет. Алардын баары аны Хайшеньвэй деп аташат. Көпчүлүгү анын орусча аталышын билишпейт. Трепанг музейине зыярат кылганымда, гид бул аймак Кытайга таандык болгонун, бирок аны Орусияга бергенге мажбур калганын айтып жатты. Хэйлунцзян провинциясынан келип шаарды кароол аянтчасынан карап турган кытайлык турист нааразылыгын билдирип, “Бул басмырлоо” деп кобуранды.

Владивосток эки өлкөнүн элдешүү да шаары.

Кытай эл республикасы жарыяланаары менен 1949-жылы СССР менен Кытай социалисттик бир туугандар болуп калышты. Бирок 1950-жылы алар саясий багыт боюнча араздаша кетишкен. Маселе аскердик кагылышууларга чейин жеткен.

Советтер союзунун коммунисттик партиясынын генералдык катчысы Горбачёв жаңы дипломатиясын жар салып, 1986-жылы Владивостокто: “Бизди бөлүп турган чек аралар тынчтык менен достуктун чектери болушун каалайм”, - деген. Анысы менен 30 жылдан бери созулуп келе жаткан араздашууга чекит койгусу келген.

Үч жылдан кийин Горбачёв Пекинге келген. Дэн Сяопин ага: “Орусиялык империя 1,5 миллион чарчы чакырым кытай аймагын басып алган. Кытайлар басмырланган. Андай болсо да, өтмүштү унутуп, келечекке ачылуу керек”, - деген. Мунусу менен мамилелердин жакшыруусун шарттаган.

Ошентип Владивосток Трамптын администрациясына каршылык кылган эки дөөлөттүн биримдигин көрсөткөн жерге айланды. Бирок, географиялык өзгөчөлүгүнөн улам, Түнтүк-Чыгыш Азияга азуусун салып турган жаныбар сыяктанган Владивосток келечекте тарыхий драманын сахнасына айланышы мүмкүн.

Дайсукэ Нисимура, Асахи симбун, Жапония