Кытай/Индия

​Кытайдын баскынчылык дымагы

1 октября 2018 г. 20:09 1001

Си Цзиньпин бийликке келген 2012-жылдан бери, Кытай мурункудай дүйнөгө таасир берген улуу дөөлөт болууга умтулуп, “улуттук жаңылоо” стратегиясын ишке ашыра баштады. Си бакубаттуулугу жана туруктуулугун бекемдөөгө багытталган Кытайдын учурдагы тышкы саясатын, коңшулары жана бүткүл дүйнөнүн “тынч көтөрүлүү жана өнүгүү” тактикасы деп атап келет. 2017-жылдын октябрында өткөн партиясынын жыйынынын 19-чакырылышында өлкөдө калыптана баштаган глобалдуу каржы уюмдары менен чет элдик өнөктөштүк “көз карандысыздыгын сактап калуу менен бирге өнүгүүсүн тездеткиси келген өлкөлөргө жаңы багыт сунуштайт” деп билдирген.

Буга баары эле макул эмес. Эла аралык байланыштар боюнча батыш эксперттеринин көбү Кытайдын “тынчтык” саясатында коркунучтуу нерселерди көрөт. Өз максатына жетүү үчүн Пекиндин коңшуларына каршы экономикалык мажбурлоо менен анча жашырбаган аскердик күчүн көрсөтүүсү, анын салттык регионалдык гегемония стратегиясына өткөнүн ашкерелеп турат. Чыгыш Азия менен Тынч мухитиндеги учурдагы негизги стратегиялык оюнчу статусунан Кошмо Штаттарын акырындап сүрүп чыгуу, мындай стратегиянын эң негизги этабы.

Дартмунд колледжинин профессору Женифер Линд жакында Foreign Affairs басылмасында жарыялаган макаласында Синин кеңири көрүнгөн көз карашында жаңы нерселер аз, ошондуктан бул чочутат деген. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштун алдынданы Жапониядай жана согуштан кийинки доордогу Чыгыш Европадагы Советтер Союзундай мамлекеттик жана партиялык бийликке эбегейсиз көзөмөл орнотту. Учурда Кытай: “Башка өлкөлөрдү моюн сундурууда экономикалык мажбурлоо куралдарын колдонууда. Атаандаштарын коркутуш үчүн согуштук кубатын арттырууда. Ийкемдүү кылыш үчүн башка өлкөлөрдүн саясатына кийлигишүүдө. Өз бийлигин бекемдеш үчүн билим берүү жана маданий программаларга эбегейсиз каражат бөлүүдө”, - деген Линд.

Чыгыш Азияда аскердик артыкчылык орнотуу аракеттери мунун эң ачык мисалы. Ал Чыгыш-Кытай деңизиндеги Спратли архипелагынын тартыш аралдарын согуштук базага айлантты. Эл аралык мыйзамдар уруксат берсе да, ал аймакта балык уулоо аракети үчүн бул аралдардын ээлиги тартыш деген коңшуларын аскердик күч менен коркутууда.

2013-жылдан бери Кытай Чыгыш-Кытай деңизиндеги тартыш аймактарда 130 миң гектарга жакын жерди түптөп, бекемдеп алды. Ал аралдарда “жер-асман” ракеталарын, радарларды, тез учактары учуп-конуучу тилкелерин жана байланыш жабдыктарын жайгаштарды. Бул аракеттер Синин 2015-жылы Обамага бул аймакты куралдандырбайм деген убадасына карабай ишке ашты. Акыркы бир жарым жылдан бери, Пекин коңшуларын бир нече жолу деңиздин өздөрүнө да таандык аймактарындагы жаратылыш ресурстарын колдонуудан баш тартууга мажбурлады.

2017-жылдын июлунда жана 2018-жылдын мартында Кытай Вьетнамды коркутуп, бул өлкөнүн өзүнө таандык жээгинедеги табигий газды чыгаруу боюнча эки долборун токтоттуруп койду. 2017-жылдын майында Си “Чыгыш-Кытай деңзинин ресурстарын бир тараптуу колдонуу аракеттери – бул согуш дегендик” деп эскерткенин Филиппиндин президенти Дутерте билдирген. Дутерте акыры бул аймактын ресурстарын Кытай менен биргелешип колдонууга макул болгон.

7 Дней, АКШ