Батыш

​Европага Трамп эле эмес Америка калкы да далысын салды

1 октября 2018 г. 14:16 1485

АКШ трансатлантикалык альянска ичи чыкпай калды. Америкалык президенттин аракети калкыныкына төп келип турат

Дональд Трамп мындан да ээнбаш боло алабы? Ооба, боло алат. Бирок биз анын үрөй учурган табиятына көңүлүбүздү ашкере байлап салдык окшойт. Анысы, албетте, мурунку аптада Нью-Йоркто өткөн БУУнун Генералдык Ассамблеясында дагы бир жолу көрүндү. Бирок биз Трамп деген феномендин аркасындагы улуу күчтөрдү байкабай жатабыз. Кудай жалгап, Трамп 2021-жылдын январына жетпей саясий сахнадан кетсе, трансатлантикалык Батыштын эмнеси калаарын Вашингтондо бир нече күн жүргөн кезимде түшүнүүгө аракеттендим. Мунун жообу оор сыяктуу көрүнөт. Баары болушунча сонун нукта кетсе да АКШ жана анын эл аралык өнөктөштөрү толук түзөлө албайт, Уотергейт же Вьетнамдан кийинкидей, кайра мурунку абалына келиши арсар. Бул сапар баары башкача, жагдай АКШ менен анын сыртындагы себептерге байланыштуу.

Ооба, келтирген залакаларынын көпчүлүгү үчүн эң башта Трамп өзү жоопкер. Барына маалым болгон New York Times гезитине чыккан макалада анын администрациясынын атын атагысы келбеген үлкөн аткаминери: “Трамп эл алдына чыгып сүйлөгөндө жана жеке баарлашууларда автократтар менен диктаторлорду жактайт. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түндүк Корей лидери Ким Чен Ынды мактап, өнөктөш жана пикирлештерибиз менен бизди бириктирген байланыштарга кош көңүл”, - деп жазган. Бул аптадагы БУУнун Генассамблеясындагы сөзү мунусун тастыктады. Ал Си-Путин-Орбан улутчулдар интернационалынын активисти жана либералдык тартиптин айныгыс душманы экенин билгизди.

Мен баарына маалым макаланын жашыруун автору ким деп Вашингтондогу америкалык чиновниктерден сурап чыктым. Бирөөлөрү анын вице-президент Майкл Пенстин жакын адамы, экинчилери АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман дешти. Экөөнүн тең республикачылдар тараптан президентикке аттануу ниети бар. Албетте, экөө тең бул макалага тиешеси жоктугун айтышкан. Мунун баары келечектеги республикачыл президент Трамптан канчалык узак болгусу келип жатканын көрсөтүп турат.

Бирок ошол эле чиновниктер “Трамп Республикалык партияны колго алды” деп жатышат. Эгер прокурор Мюллердин тергөөсү Никсонду президенттиктен кетирген Уотергейт деңгээлине жетпесе, Трамп бийликте карманып калып, экономика учурдагыдай өсүп кете берсе, ал экинчи мөөнөткө шайланышы толук мүмкүн. Трамптын сегиз жылдык башкаруусу трансатлантикалык алакаларга кандай таасир берээрин азыр болжош кыйын.

Бирок окуялар эң сонун өңүттө кеткенде да АКШ, мурунку кризистерден чыгып кеткендей, бул өткөөл доордон да ийгиликтүү чыгып, эл аралык сахнада лидерлигин кайтара албашы мүмкүн. Кийинки шайлоодо Жон Байден сыяктуу жоопкерчиликтүү орточул демократ жеңип чыкты, Камала Харриске окшогон азчылыктардан чыккан жана солчул көз караштагы аял вице-президент болгонун болжолдойлу. Президент Байден бизди Трамп келгенге чейинки абалга кайтарганга аракеттенди дейли. Ушул учурда да биз “Обама плюс” эмес “Обама минус” жагдайына гана үмүттөнсөк болот. Бирок Трамп эмес, дал ошол Барак Обама “АКШнын ички улуттук имаратын” куруп баштаганын эстен чыгарбайлы.

Бул төрт жылдыкта АКШны курчаган дүйнө өзгөргөндөй эле, АКШ да өзгөрөт. Трамптын аркасынан келген соккудан улам иштен чыккан байланыштардын ордуна жаңы байланыштар келет. АКШ менен Британия Орусиядан ашкере коркуп турган кезде, Батыштын чыныгы стратегиялык каршылашы жана глобалдык идеологиялык атаандашы болгон Кытай бардык континентте таасирин арттырууда. Эгер Брексит ишке ашып, Британия Евробиримдиктен чыкса, АКШнын Европа менен байланышы ого бетер алсырайт.

Бирок чет өлкөдө эмне болбосун, АКШда Европадан алыстоо жараяны жүрүп жатат. Американын атлантизми азайды, азайып барат жана азая бермекчи. Вашингтондогу атлантикалык борборлордун бирисинин башчысы мага: “Бул чиркөөгө кирип, олтургучтардын жарымы бош экенин байкаган сыяктуу сезим”, - деп салыштырды. Ал мунусу менен өлкөнүн ичиндеги атлантикалыкты жактагандар канчалык азайганын айткысы келди. Америкадагы калктын көбү мындай “чиркөөгө” кирүүнү башынан эле каалаган эмес.

Мындан туура 100 жыл мурун, 1918-жылы генерал Жон Першинг немистерге каршы чабуулга өтүп, 11-ноябрда тынчтык келишими түзүлгөн. Американын биринчи дүйнөлүк согушка катышканы трансатлантикалык Батыштын алгачкы көрүнүшү болчу. Бирок ал согуштан кийин, европалык демократиялар фашизм менен коммунизмдин олжосуна айланган кезде, АКШ жыйырма жыл ички саясатынан чыкпай туруп алды. 1941-жылы жапондор Перл-Харбордогу америкалык тынч-мухиттик флотко кол салганда гана Франклин Рузвельт Экинчи дүйнөлүк согушка кирүүгө мажбур калды.

Бирок 1945-жылдан тартып АКШ кайра ички көйгөйлөрү менен алек болуп калды. АКШнын СССРдеги элчиси Аверелл Гарриман айткандай, америкалыктар “Орусия менен араздашууларын жайгарган соң киного кирип, кола шимирип олтургусу келген”. Мындай жыргалдан Гарри Трумендин чечкиндүүлүгү, Уинстон Черчилдин Фултон баяндамасы менен Иосиф Сталиндин кара өзгөйлүгү гана АКШнын көңүлүн бура алган.

1991-жылы СССР таркап кеткенге чейинки он жылдыктар өзгөчө өттү. Европанын чок ортосунан жалпы геосаясий душмандын бар экени Батыш Европа менен АКШны бириктирип турду. Бирок кансыз согуш аяктаары менен трансатлантикалык биримдиктин зарылдыгы тартыш маселеге айланды. Ошондон кийин АКШ өзүнүн ички көйгөйлөрүн чечүү максатында, барган сайын эл аралык милдеттери менен альянстарга далысын сала баштады.

Мурунку мамкатчыларынын бири АКШ коомун учурда тышкы саясат кызыктырбаганын айтып берди. Американын аба майдандарын, жолдорун, поезддери менен мектептерин көргөн киши, америкалыктар эмнеге Афганистан менен Ирактагы аба майдандары менен мектептеринен мурун өздөрүнүкүн жаңылагысы келип жатканын түшүнө алат. “Баарынан мурун Америка” – бул Трамптын гана урааны эмес. Ал кандай калыс президент келсе да көңүл бурууга мажбур болгон, жалпы өлкөнүн маанайы.

Трамп барган бир кокуй неме. Бирок учурдагы абалда ал себеп гана эмес, натыйжа да болуп турат. Трансатлантикалык биримдиктин ичинде ар башка түшүнүк көйгөйү Трампка чейин эле бар болчу. Алардын себептери тереңде жана Трамп кеткенде деле уланмакчы.

Быйыл жүз жылына жеткен трансатлантикалык өнөктөштүктүн кеңири мурастары бар: дүйнөнүн эң ири, бекем эл аралык экономикалык альянсы; Путиндин аркасы менен биргелешип коргонуу принцибин дагы бир жолу тастыктаган НАТО; эч нерсе менен салыштыргыс маданий жана интеллектуалдык байланыш. Трансатлантикалык Батыш ушул күнгө чейин акыл-эси токтобогон, жүрөгү алсыраган жана руху жарака берген күчтүү, булчуңдуу дене бойдон калууда.

Тимоти Гартон Эш, The Guardian, Британия