Ара жолдогу мамлекет

​Эрдоган “андреналинди сүйгөн” окумуштууларга кайрылды

28 сентября 2018 г. 20:07 1795

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган чет өлкөдөгү билимдүү түрктөргө өлкөгө кайтууну сунуштады. Ал: “Лидер изилдөөчүлөр программасын баштатып, билим адамдарын өлкөбүзгө чакырабыз”, - деген. Бул кайрылуу бир чети таң калтырса, экинчи жагынан кызык да угулду. Анткени андан бир нече күн мурун бул кайрылуусуна тескери сөздөрдү сүйлөгөн. Эрдогандын акыркы жалдардагы илимпоздорго кылган мамилеси да бул чакырыкка эч дал келбейт дешүүдө.

Түрк бийлигине жакын ЖМКлар бул кабарды “Супермээлер мекенине кайтат” сыяктуу темалар менен түрк калкына жар салды.

Олуттуу эксперттердин айтымында, 2016-жылдын 15-июлундагы түрк бийлиги өзү багыттаган аскердик төңкөрүш аракетинен кийин, 8 миңге жакын билим адамы Эрдогандын мыйзам өкүмүдөгү токтомдору менен жумуштан айдалган. Көбүнүн өздөрүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн паспорттору жокко чыгарылып, билимдүү үчүн маанилүү болгон, чет өлкөгө стажировкага барууга жана иштөөгө мүмкүн болбой калган. Кээ бирилери террордук уюмдарга мүчө делип, камалып жатат. Качканга үлгүргөндөрү чет өлкөдөгү ЖОЖдордо иштеп калышкан.

Канаданын Мемориал университетинин профессору Мехмед Эфе Чаман бул чакырыкка олуттуу караштын кереги жок деген ойдо. Ал: “Серкан Гөлге сыяктуу НАСАнын окумуштуусу түрк капасында жаткан, сегиз миңдей окумуштуу иштен чыгарылган, миңдегени түрмөлөргө солонгон коркунучтуу доордон өтүп жатабыз. Профессор, докторлорго “эл душманы”, “террорчу” деген мөөр басылып, билим гана эмес башка тармактарда да жумушка кире албай калды. Базарларда, курулуштарда иштеп, жаракат алып, өлүп калгандарын билебиз”, - дейт. Чамандан башка да көп түрк окумуштуусу Твиттерден президентинин бул кайрылуусун сындашкан.

2008-жылдарга чейин илимий ачылыштар боюнча дүйнөлүк аренада барган сайын көбүрөөк көрүнө баштаган Түркия 2013-төн тартып кайра артка кеткен.

Тайып Эрдоган бул чакырыгынан бир нече күн алды “чет өлкөгө чыккан жаштарыбыздын мээси ууланып кайтып жатышат” деп сүйлөгөнү бар. Серепчилер бир апта ичинде мындай эки анжы сөз сүйлөө эмнеге байланыштуу деп изденишкен. Бирилери Эрдоган акыркы убакта көбүнчөсүн электрондук суфлёрго чыккан жазууну окуп сүйлөп калганына байланыштуу дешет. “Как баштарга” кайрылуусу – бул спичрайтерлеринин жазып бергени, “жаш баштар” тууралуу ою өзүнүкү деп болжошууда.

Германиянын “Цайтунг” гезити бул тууралуу макаласын: “Президент Эрдоган жумуштан куулуу жана камалып калуу коркунучу ичинде жашабастан чет өлкөлөрдө иштөөдөн жадаган, адреналинди сүйгөн түрк илимпоздоруна кайрылды...”, - деген тамаша сөздөр менен баштаган...