Ислам дүйнөсү

​Сириядагы согуш: Путин жихадчыларды түрктөргө арта салды

28 сентября 2018 г. 17:14 2266

Аптанын башында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана көзөмөлүндөгү ЖМКлары Орусия президенти Владимир Путин менен Сочидеги жолугушуусу тууралуу сыймыктанып жазып чыгышты. Ал жерде тараптар козголоңчулардын акыркы чеби болгон Идлибге сириялык диктатор Башар Асаддын ири чабуулун токтото турууну келишишкен.

Сириядагы жарандык согуш аяктап калды. Идлибдеги “казанга” куралдуу козголоңчулар менен бирге үч миллионго жакын карапайым калк да камалып турат. Бул “казан” ташып кетсе, от кайра бүткүл Сирияга жайылып кетиши мүмкүн. Согушкерлер көзөмөлдөгөн аймактын калкы демин бир аз басып алды. Анткени Сочидеги макулдашуу согуштун кайра тутануусу менен кыргындан азырынча тосуп калган жалгыз мүмкүнчүлүк. Түркия өз учурунда качкындардын жаңы толкунунан чочулап турат.

Аскерлер Идлибдеги “буфер аймагын” кайгуулдашат

Сочи келишими 15-октябрга чейин “15-20 чакырымдык куралдан таза буфер аймагын” түзүүнү шартайт. Түркия бул мөөнөткө чейин Идлибдин кеңири аймактарын көзөмөлдөгөн 30 миңге жакын “коркунучтуу террорчуларды” куралсыздантышы керек. Аларга “Аль-Каида” менен байланышы бар Хайят Тахрир аль-Шам жана кытайлык уйгурлардын “Түркестандын ислам партиясы” кирет.

Түрк тарап “коопсуз” оппозиция деп атаган бул топторду кандай куралсыздантаары али белгисиз. Евфратттын жээгиндеги Манбиждеги түрк-америкалык кайгуул сыяктуу, бул “буфер аймагында” да түрк жана орусиялык аскерлеринин биргелешкен кайгуулу каралган.

Идлиб жарандык согушка баткан өлкөнүн козголоңчулары баш калкалаган акыркы көзгө басар жери. Бул Башар Асаддын оор диктатурасына каршы баш көтөргөн алгачкы аймак. Жалгыз ушул жерде анын армиясы бардык салгылашууну уттурган. Түркия менен чектешкендиктен, козголоңчуларды камсыздоодо эч качан маселе чыккан эмес. Мындан сырткары, Алеппо, Хомс жана Чыгыш Гутадан айырмаланып, географиялык шарттары коргонууга ыңгайлуу.

Бул өзгөчөлөнгөн аймакты оңой-олтоң басып алуу кыйын. Иран өз учурунда бул салгылашууга катышпасын билдирди. Ошондуктан Асад өкмөтүнүн аскерлери эч нерсени карабай бомбалоо менен массалык кыргын салуу куралдарына гана ишенип турат. Путин Эрдоганга оңой эле макул болгонунун себеби да ушунда. Ал үчүн бул эң сонун жүрүш болду.

Путин үчүн “оор жумушту” Эрдоган жасайт

Өзү согушкандын ордуна, арасында жүздөгөн чечен согушкери бар жыхадчыларга каршы салгылашууну, Путин Эрдоганга түртө салды. Мындан сырткары, Анкара, Москва жана Тегерандын буга чейин түзгөн келишимине жараша, Идлибде түрк армиясынын 12 базасын түптөөгө жардамдашкан жашыруун өнөктөшү “Хайят Тахрир аль-Шамга” каршы согушууга да мажбур калтырды.

Сочидеги жаңы келишимдин шарттары боюнча чет элдик жыхадчылар туңгуюкка кептелди, анткени алар учурда ээлеп турган жерлерин таштап кете алышпайт. Куралсызданып “жумшак” оппозициянын арасына сиңип кетиши да кыйын. Ошентип түрктөр жакын өнөктөштөрүнөн айрылып, алар менен элдешкис душман болуп калат. Ал өз учурунда Түркиянын өзүндө жаңы теракттардын башталуу коркунучун арттырат.

Ал арада Түркия Идлибге кошумча 1300 аскер ыргытып, ээлеп алган сириялык Африн, Азаз жана аль-Баб аймактарынан миңдеген жалданма согушкерди да өз катарына тизди. Анкара өкмөтү Афринди таштап кетпегенге бекем ниеттенип, согушкерлердин баарын өз тарабына өтүүгө үндөп жаткансыйт.

Идлиб чабуулу кызматташууга балта чапчуудай

Түрк аналитиктеринин айтымында, Анкара “Хайят Тахрир аль-Шам” согушкерлерин Идлибге коңшулаш Түркия басып жаткан сириялык аймактарга өткөрмөкчү. Себеби алар кийин күрд аймактарына чабуул коюуда керекке жарап берет. Гонконгдо чыккан Asia Times гезитинин малыматы боюнча, уйгурларга түрк жарандыгы берилип, Газиантепке же Урфага окшогон диндарлар басымдуу жашаган шаарларга көчүү сунушталат.

Путин болсо өз оюнан кайткан жок. Эгер Түркия жыхадчыларды куралсыздандыра албаса, Москва каалаган убагында Асаддын аскерлерин Идлибди көздөй агытат. Керектүү учурда тынчтык келишимдерин бузууну Путин буга чейин эч качан кечиктирген эмес. Бирок азыр шашпаганга жүйөлүү негиздер бар. Анткени Идлибге эрте кирип баруу Түркияга каршы чабуул болуп калмак. Мындай кылса, Анкара менен стратегиялык кызматташуусу солгундап кетет.

Франк Нордхаузен, Frankfurter Rundschau, Германия