Батыш

Долларды макамынан кулатуу үчүн Европага шылтоо табылды

27 сентября 2018 г. 14:04 1950

АКШ санкцияларын кайра киргизгенден бери бир топ европалык компания Ирандан чыгып кетти. Ошондон улам америкалыктар Европанын Иран ислам республикасы (ИИР) менен түзүлгөн өзөктүк келишимди сактап калуу аракетине кош коңүлдүр. Бирок бул ала көөдөндүктөн кайтса жакшы болчудай. Иран менен иштөө боюнча Германия, Франция, Англия, Кытай жана Орусиянын атайын каржы түзүмүн куруп чыгабыз дегени, америкалык доллардын дүйнөдөгү өкүмдарлыгына балта чабышы мүмкүн.

Бул тууралуу 24-сентябрда Евробиримдиктин тышкы иштери жана коопсуздук саясаты боюнча өкүлү Фредерика Могерини Нью-Йоркто билдирди. Анын айтымында, Иран менен алакаларын улантуу максатында “атайын механизм” иштеп чыгуу үчүн “ЕБ өлкөлөрү Тегеран менен мыйзамдуу каржы операцияларын жүргүзүү боюнча юридикалык жак түзүп, ал аркылуу европалык компаниялар Евробиримдиктин мыйзамдарына ылайык иран тарап менен соода-сатыгын уланта алат”. Европалыктар мунун техникалык тарабын иштеп чыга элек, бирок Могеринин сөздөрүнөн бул схеманын кандай иштээрин божомолдосо болот.

Дональд Трамп 2016-жылы кол коюлган келишимден чыкканда, АКШ Иранга каршы тосмокторун кайра киргизген. Ал ирандык өзөктүк программаны бир топ чектеп, кайсыл өлкөнүн компаниясы болбосун, ИИР менен соода алакаларын токтотууга мажбурлаган. Себеби дүйнөлүк ири компаниянын баары АКШ менен иштешет жана анын банктарында эсептери бар. Америкалык санкцияларды сактабагандар оор жазага тартылат. Мисалы, 2015-жылы франциялык BNP Paribas банкы АКШнын Иран, Куба жана Суданга каршы киргизген санкцияларын бузгандыгы үчүн 9 млрд доллар айып пул төлөгөн. Француз өкмөтүнүн жаза “адилеттүү” эмес дегени көңүлгө алынган эмес.

Санкциялар кайра кайтып келгенде, европалыктар, кытайлар жана орусиялыктар Иран менен келечектеги трансакциялар (акча алакалары) америкалык каржы системасынын сыртынан кетиши керектигин түшүнүп турушат. 2018-жылдын июлунда жарык көргөн баяндамада European Leadership Network аналитикалык борборунан Алекс Хельман менен ирандык Bourse & Bazaar компаниясынан Эсфандияр Батмангелиж АКШнын тосмокторун ашып өтүү жолун көрсөтүшкөн. Ал боюнча учурда бар “ортомчу банктар” системасынын негизинде “жаңы банктык архитектура” куруп, ага гамбургдук Europaeisch-Iranische Handelsbank менен Ирандык жеке менчик банкынын европалык филиалдарын колдонуу сунушталган. “Атайын ортомчу банктарды түзсө болот, - деп жазышат окумуштуулар, - алар европалык өкмөттөр иштеп чыккан атайын механизмдерди колдонушат же Иран менен соода-сатык жана инвестиция алакаларын жүргүзгөн жеке/мамлекеттик бирикмелердин курамына кирет”.

Жаңы план дал ушул үчүнчү ыкмага негиздеген сыяктуу. Могерини Германия, Франция жана Англия мамлекеттер аралык ортомчу каржы системасын түзөөрүн айтты. Ал Иран менен бизнес кылууга кызыктар компаниялар жана Ирандык ортомчулар менен иштешкени тургансыйт. Евро жана фунт стерлинг менен жүргүзүлгөн трансакциялар америкалык бийликтин көзөмөлүнөн чыгат. Бул мамлекеттик ортомчулук системасы менен алакалашкан европалык компаниялар формалдуу жагынан АКШнын учурдагы санкцияларын да бузушпайт. Бул система Орусия менен Кытайга да ачылып берилчүүдөй көрүнөт.

Ошентип Европа АКШнын тосмокторун мыйзамдуу жана коопсуз айланып өткөн инфраструктура түзөт. Иран менен аталган өлкөлөрдүн соода-сатык алакаларынан америкалык каржы системасы кабарсыз калат.

Бул атайын механизмге каршы тосмок коюу маанисиз болот. Анткени аны менен ким, кандай себептен улам иштеп жатканын АКШ биле албайт. АКШ бул механизм менен иштешип жаткан өлкөлөрдүн борбордук банктарына гана санкция киргизүүсү мүмкүн. Мындан сырткары, эгер бул мамлекеттер аралык механизм каржы төлөмдөрү үчүн SWIFT системасын колдонсо, ага да тосмок коё алат. Бирок бул америкалыктарга каршы иштейт деген ойдо Хельман менен Батмангелиж: “Эгер борбордук банктар АКШнын санкцияларына карабастан иштей берсе, эки сценарийдин бири болушу мүмкүн. Же АКШ бийлиги америкалык каржы системасынын иши менен биримдигине олуттуу доо кетишин эске алып, санкцияларын колдоно албай, бардык коркунуч менен тобокелчилик жокко чыгат. Же АКШ бийлиги бул кадамга барып, европалыктарды өздөрүнө гана таандык, корголгон банктык архитектурасын түзүүгө түртөт. Мында эркин каржы алакалары Иран менен гана чектелип калбайт”.

Кандай болбосун, европалыктар, орусиялыктар жана кытайлар “өздөрүнө гана таандык, корголгон банктык архитектурасын” түзүүнү көздөп калгандай көрүнөт. Иран болгону жакшы шылтоо болуп берди. Ирандык өзөктүк программа боюнча келишимден чыкпоо ЕБ, Кытай жана Орусиянын кызыкчылыгына төп келип турат. Бирок доллардын дүйнөдөгү ордун копшоо Иран менен кызматташууга гана байланыштуу эмес. ЕБдин абалы тууралуу жакынкы сөзүндө Еврокомиссиянын башчысы Жан-Клод Юнкер эл аралык соодада еврону күчөтүп, бара-бара доллар менен төлөм жүргүзүүдөн баш тартууга чакырган. Кытай менен Орусия көптөн бери эле муну көздөп келишет. Бирок алар АКШнын үстөмдүгүнө дүйнөнүн экинчи кубаттуу валютасы болгон евро аркылуу гана чакырык таштай алышат.

Мындай “атайын механизм” француздук “Тоталь” же немистик “Даймлер” сыяктуу компаниялардын Иранга кайтып келүүсүн кепилдеши азырынча белгисиз. Америкалык укуктун дүйнөдө кеңири колдонулганы тобокелчиликти арттырат. Ошондуктан европалык өкмөттөр компанияларды андан биротоло коргой албай калышы мүмкүн. Бирок кээ бир компаниялар жаңы инфраструктураны колдонуп көрөөрү турган иш. Эл аралык коомчулук андан кабардар деле болбойт. Кандай болбосун, Европа, Орусия жана Кытай доллар талаасынан көз карандысыз бизнеске аракет кылып көрүүлөрү керек.

Бир да валюта эл аралык каржы майданында үстөмдүгүн түбөлүк сактап кала алган эмес. Америкалык доллар бул эрежеден сырткары дешке да эч кандай себеп жок. Трамптын долларды душмандары менен кежир өнөктөштөрүнө каршы колдоном дегени АКШга терс таасир бериши мүмкүн. Анткени долларды макамынан оодарып түшүү аракеттерин күчөтөт.

Леонид Бершидский, Bloomberg, АКШ