Орусия

Сирияда Орусия ​Ил-20 учагы үчүн Израилге С-300 менен жооп берди

26 сентября 2018 г. 8:16 2312

Күтүлгөндөй эле, сириялык ракета менен атылып түшүрүлгөн орусиялык Ил-20 учагы Москванын Башар Асадга заманбап С-300 ракетасын берүүгө сонун шылтоо болуп берди. Учак атаар ракета Сирияга жакынкы эки аптанын ичинде жеткирилээрин дүйшөмбүдө Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.

Шойгунун айтымында, бутасын жазбай таап, тез аткан С-300 сириялык аба коргоо күчтөрүнүн (АКК) согуштук мүмкүчүлүгүн арттырат, анткени “абадан сокку уруучу нерселерди 250 чакырым алыстыктан тосуп чыгып, дароо бир нече бутаны уруп түшүрө алат”. Мындан сырткары Орусия Сириянын АКК пунктарына автоматташкан заманбап башкаруу системаларын бермекчи. “Бул Сириянын АКК күчтөрү менен куралдарынын бир жерден башкарууну, абадагы абалды көзөмөлдөөөнү жана буталарды автоматтык түрдө аныктоону камсыздайт. Эң негизгиси, сириялык АКК жабдыктары орусиялык учактарды тааный алат”, - деди орусиялык коргоо мекемесинин башчысы. Шойгуну түз түшүнгөн болсок, Коргоо министрлиги жакында эле коддор чоочун мамлекетке берилбейт дегени менен, С-300дөр менен бирге “өз-чоочунду” аныктаган коддор кошо берилмекчи. Мындан улам, Орусия сириялыктарга жаңы ракеталарды колдонууну үйрөтүү менен бирге, аларды башкарууну орусиялык аскерлерлерге өткөрүп алууну ниеттенип жатат деп божомолдосо болот.

Сирияга жакын кургактык менен Жер ортолук деңизинде согуштук авиациянын спутник аркылуу багыттоосу менен байланыш системаларын радиэлектрондук толкундар менен басуу Орусиянын дагы бир күчтүү кадамы болуп, сириялык аймактагы объекттерге абадан чабуул коюуга тоскоол жаратат. “Бул чаралар ишке ашса, “кызуу кандуулардын” дымагы басылып, биздин аскерлерге коркунуч туудурган аракеттерине жолтоо болот деп ишенебиз, - деген Сергей Шойгу. – Андай болбосо, жагдайга жараша жооп берүүгө аргасыз болобуз”, - деп кошумчалады.

Ил-20нын атылып түшүрүлүүсүнө жооп кайтаруу тууралуу айтып жатып, Владимир Путиндин “баары сезгендей кадамдар болот” дегени дал ушулар окшойт. Орусиялык жетекчиликтин айтымы боюнча, мунун баары Сириядагы орусиялык жоокерлердин коопсуздугуна багытталган. Бирок орусиялык аскерлердин коопсуздугу үчүн башка нерсе керек болчу. Путин үч-төрт жолу расмий жарыялагандай, орусиялык аскердик кошундар сириялык аймактан чын эле чыгып кетишсе жакшы болмок.

Кремль акыркы жылдары С-300дөрдү Дамаскка бир беребиз, бир бербей калдык деп Израиль менен Сирияны жакшы эле ойнотуп келди. Сирияга С-300-ПМУ-2 курамындагы Аба ракета комплексин (АРК) сатуу келишимине согуш баштала элек 2010-жылы эле кол коюлган. Сирия 400 млн долларлык алгачкы сумманы төлөөгө үлгүргөн. Бирок кийин согуш башталып, 2013-жылы Израилдин суранычы менен келишим жокко чыгарылып, Орусия Дамаскка авансын кайтарып берген. Сирияга АРК С-300 “Фаворит” жакында берилээри тууралуу Орусия ушул жылдын апрелинде айта баштаган. Бирок Сириянын аны алууга акчасы калбагандыктан, Дамаскка согуш-техникалык жардам катары берилмекчи болгон. Израиль Сириядагы абалды курчутат деп, Орусияга дагы бир ирет кайрылган. Май айында Биньямин Нетаньяху Москвага келип, георгий лентасын тагынып, “өлбөс полк” иш-чарасына катышкандан кийин, Кремль күтүүсүздөн Сирияга С-300дөрдү берүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жок деген. Эми мына башка билдирүү. Эми “үч жүзүнчүлөр” чындап Сирияга келгени турат окшойт.

Ил-20нын атып түшүлүүсү жана сириялык асманды израилдик учактардан коргоо – бул Дамаскка С-300дүрдү берүүнүн үстүртөн эле шылтоосу. Анткени учакты атып түшүрүүдө ким күнөөлүү экенин жана израилдик учактар кандай объекттерди бомбалап жатканын Дамаск менен Москва жакшы билишет. Чыныгы максат – АКШнын аба соккуларын алдын алуу сыяктанат. Анткени, Асад аскерлери химиялык куралды колдонду деп батыш коалициясы апрель айында Сирияны урганда, Орусия С-300дөрдү жеткирүү сөздөрүн кайра жанданткан. Ошондо орусиялык ТИМдин башчысы Сергей Лавров Москванын сириялык өнөктөшү Башар Асадга С-300дөрдү берүүсүнө эч кандай моралдык тоскоол калган жок деп билдирген.

Сирияга “үч жүздүктөрдү” жеткирүүнү Орусия кайра айтканынын дагы бир жүйөөсү бар. Бул, кызык көрүнсө да, “Американын каршылаштарына санкциялар менен жооп берүү” мыйзамы (CAATSA). Өткөн жылдын августунда Дональд Трамп кол койгон бул мыйзам боюнча “Орусиянын коргоо жана чалгын секторуна башка өлкөлөрдүн ири суммада каражат которуусуна тыюу салынат”. Өткөн аптада Орусиядан Су-35 менен С-400дөрдү алуу келишими үчүн АКШ Кытайдын Борбордук аскердик кеңеши менен анын башчысы Ли Шанфуга каршы санкция киргизди. Андан мурунураак Вашингтон бул сыяктуу санкцияларды С-400 алам деп ниеттенген Түркияга да каршы киргизгени тууралуу айткан. Орусиялык АРКтарга Индия да кызыккан, бирок акыркы жылдары АКШ менен жакындаганын эске алсак, CAATSA ага да каршы колдонулуп, сатып алуу токтоп калышы мүмкүн. Ачыктап айтканда, санкциядан улам Орусия олуттуу сатып алуучуларынан кол жууп калуусу мүмкүн. Аба-ракета комплекси арзан эмес. Мисалы, Иранга С-300дөрдү берүү келишими 1 млрд доллар турат. Ошондуктан Сирияга С-300дөрдү берүү “каалаган жериме куралымды сата алам” деген Орусиянын Вашингтонго берген ишараты. Анткени Дамаскка каршы санкция киргизүүнүн мааниси жок.

Орусиялык Мамдума менен Федерация Кеңешинде сүйүнүч тарады. Эми сириялыктар каалаган аба бутасын уруп түшүрө алгандыктан, Израиль Сириянын аймагына сокку урууга “даап бара албайт” дешүүдө. Мындан сырткары орусиялык сенаторлор Латакия менен Хмеймимдеги орусиялык аскердик базалардын асманын “учууга тыюу салынган” аймак катары жарыялап, алардын үстүнөн учам деген уруксатсыз объектинин баарын талкалап салууну сунуштап жатышат. С-300дөр Сирияга келсе, израилдик учактар орусиялык системаларга сокку урат деген Израилдин коргоо министри Авигдор Либермандын эскертүүсү бар. Бул коркутуу жакында турмушка ашат деп ойлогуң да келбейт, бирок кырдаал ошого алып барчудай көрүнөт.

Израилдик премьердин пресс-кызматынын билдиргенине караганда, ал дүйшөмбүдө орусиялык президент менен сүйлөшкөн. Анда Нетаньяху заманбап куралдарды жоопкерчиликсиз колдорго берүү региондогу кооптуулукту арттырат деп чочулаганын билдирген. “Израиль өз коопсуздугун коргооону жана өз кызыкчылыгын жактоону улантат”, - деп баса белгилеген Беньямин Нетаньяху.

Светлана Зискинд, РеЛевант, Израиль