Борбор Азия

​НАСЫПБЕК АСАНБАЕВ: Орусту аягандар окубасын...

25 сентября 2018 г. 10:27 3409

Мен бул макаланы майрам-сайраны жок эле жазайын деп жүргөм. Балким ишке ашаар, балким жөн эле кеп бойдон калаар. Анысын айта албайм, бирок кээде эле ушундай ойлор келип алып кыйнай берет. Жаз деп жазылгысы келип, кимдир бирөөгө айтылгысы келет. Анан эле тил майрамы да келип, киргиздерден бери «кыргыз тили» деп дуулдап калышкан соң жазайын деп чечтим. Эмесе мындай...

Канчадан бери китеп-ситеп, чыгарма-сыгарма которуп жүрүп, акыркы убакта укук маселеси дегенге такалчу болдум. Мисалы, бир жакшы чет элдик китепти окуп, жактырып, анан «кой ушуну да элиме тартуулай кетейин» деп киришейин десең эле кашайып «которуу уруксаты» деген маселе чыгып калат. Же анысы эле оңой акча болсочу. Жок дегенде ошончо эмгек кылып, авторунан да уруксатын алып, акысын берип басмаканага бастырсаң эле актап кете турган нерсе болсо эмне. Кайдагы актаган? Караандабай да калат. Мейли, китеп болуп чыкпай эле койсун, мейли эл сатып алып мага тыйын түшүрбөй эле койсун, жөн эле ушуну которуп койоюн дегенге да болбойт. Уруксатсыз которо албайсың... Билсе өзү соттойт, билбесе абийириң соттойт... кыскасы, кыргыз тилине кичине да салым кошо албайсың. Кошом десең эле кылмышкерсиң... А антип отурсак, китеп которо албасак, кино которо албасак, чыгарма которо албасак, программаларды которо албасак, макалаларды которо албасак (баары эле акча), анда кыргыз тилин кантип өнүктүрөбүз? Жо, өнүктүргөндү кой, кантип тирүү алып калган атабыз?

Мына үйдөн балаңа кыргызча сүйлө деп какшап, бир-эки саат насаат айтканың менен, телевизордон, же интернеттен бир-эки мүнөт мультик көрүп калса болду, орусча быдылдап калат. Ал үчүн сага караганда орусча сүйлөп аткан каармандары жакын, ошолор кыйын, заманбап сезилет. Анан кантип кыргызча үйрөтөсүң балага? А тиги мультигин кыргызча которо салалы десең анын акчасына менин эмес, мамлекеттин чач кирпиги чак келбейт. Деги акчасы жеткен күндө деле аны ким көрөт? Биз кыргызчага эптеп жасалма сүйлөп, калп каткырып, калп ыйлап которгуча, орустар кыргыздын баарына орусча көрсөтүп таштап атпайбы. Мына, которуу уруксатынын акысын бере албай жатканыбыздын да себеби ушунда болуп атат. Орус тили биздин базардын баарын ээлеп алып, кыргыз тилине кардар калтырбай коюуда. Анан абал ушундай болуп турган соң он жолу тил майрам өткөрүп, беш жолу комиссия түзсөк да жыргабайт окшойбуз.

Демек, эмне кылыш керек? Канткенде, бул орус тилинин тебелендисинде калган эне тилибизди бутуна тургуза алабыз? Канткенде кыргыз тилин каратып туруп «кокуйлатып» аткан орус тилин гумандуулукка чакырабыз? Канткенде орустун огунан кансырап жаткан кыргыз тилин айыктырабыз?

Ооба, мен мунун баарын атайылап айтып атам. Себеби, биздин тилди орус тили атайылап коңторо атканы чын да. Убагында атайын эле тилди жоготуу саясаты жүргөн. Азыр да жүрүп атат. Убагында атайын эле биздин тилди басынткан. Азыр да уланып атат. Убагында кыргыз тилин тургай, кыргыз элин жоготуу аракети болгон. Бул жеке эле биздин тилдин маселеси эмес, жалпы эле казак, кыргыз, татар, хакас, якут элдери үчүн жасалган саясат. Мына ошол саясаттын кесепетин азыр да тартып атабыз. Демек, биз ошол кылыгы үчүн кимдир бирөөдөн акы алсак болобу? Жок дегенде талап кылып көрбөйлүбү? Жок, коркпогула! Айланайын кыргыздар, биз орустан кол үзбөйбүз. Коркпогула! Оруска каршы кеп кылса эле үркүп кетчүлөр бар эле. Орусия силердин бир боор энеңер экенин билебиз. Бирок, кичине эле аракет кылып көрбөйлүбү. Көп болсо бир-эки сөз угуп, кичине шапалак жээрсиңер.

Баса, мен оруска түптүз эле барып, убагында аталарыбызды өлтүрүпсүңөр. Тилибизди атайын унуттурупсуңар, баланча акча берип, биздин бутубузга жыгылып кечирим сурагыла деп айтпайм. Аны мен айтсам деле, айтпасам деле кылчу киши жок. Мен башкача жол менен «акыбызды» алууну сунуштайт элем. Мисалы, бүгүнкү күнү дүйнөнү дүңгүрөтүп аткан батыштын кинолору, мультфильмдери, чыгармалары бар эмеспи. Ал башында англисче, же дагы бир батыш элинин тилинде жарыкка чыкканы менен, бизге орус тилинде жетет. Орустар өзүнүн элине кошо биздин элди да эсептеп туруп, эч тайманбай, эч бир коркпой туруп акысын төлөп, тилине которуп алат. Анан биздин элдин назарына сунушталат. Товарын өткөрүп, акчасын чөнтөгүнө солоп басып кетет. Биздин элдин тапкан акчасы ошолордун чөнтөгүнө кетет. Туурабы? Туура.

Демек, мындан келди, биз ошол батыш элине барып, ушул убагында кылган орус элинин кылыгын, кыянатчылыгын, орус тилинин биздин тилди башка-көзгө койгулап жоготкону калганын түшүндүрүп, элибиздин аз экенин, алсыз экенин уялбай эле айтып туруп (карыз акча сураганда уялбагандай эле), анан жалпы эле батыш дүйнөсүнөн чыккан чыгармалар үчүн ушу тырмактай элден котормо укугун албай эле койгулачы деп көрбөйлүбү. Бизден алчу акчаны ошол орустан алсаңар деле болот да дебейлиби. Алар ансыз деле биздин каныбызды соруп келди, эми биз үчүн кичине миң-эки миң доллар кошуп төлөп койсо өлбөйт дебейлиби. Дүйнөдө аз улуттар жоголуп баратат, алардын тилин сакташ керек деп БУУ болобу, чуу болобу какшап калышат, ошолорго ушул маселени айтып, жолубузду ачып албайлыбы. Ошондо, биз орусчага которулган нерселерди коркпой кыргызчага которуп калат элек. Балким ошондо кай бир чыгаандар которгон нерселерди КТРибиз да эч коркпой туруп элге көргөзө баштайт эле. Мисалы, ыраматылык Жыргалбек Ажыматов «Аюу менен Машаны» сонун эле которгон убагында. Бирок, биздин мамлекеттик каналдар котормо угуку жок деп туруп эле эфирден кетирбей койбодубу. Ошого окшогон патриот жигиттер дагы далай ишти кылат эле да жолу ачылса. Анан студиялар ойгонот эле. Анан жанданат эле тилибиз бир аз. Кан жүгүрөт эле жүзүнө.

Болбосо бул жерге отуруп алып эле агымга каршы сүзүп атабыз. Элге маалыматты, жашоо турмушту бала чагынан тартып орусча сиңирип коюп, анан карып, тили катыганда «кокуй кыргызча билбейт экен», ««элди» «эль» дейт экен» деп чырылдап калабыз. Гүлнара дегендин баары Гульнара, Аселдин баары Аселья болуп калган соң, «эл» деле «эль» болот да. «Эля» деп жазбагына шүгүр дагы.

Кыскасы, менин ушундай оюм бар. Муну бир эле макала менен жеткире албасмын. Буюрса, дагы жазылар, дагы айтылар. Кыскасы, аз-аздан болсо да тиешелүү кишилерге жетээр. Анан ансыз да бири-бири менен тирешип турган чоң элдердин атаандаштыгын пайдаланып туруп ушул «котормо акысы» деген маселени чечип алсак өзүбүзгө жакшы болот эле. «Бул бир майда эл экен. Ушулар жоголуп кетпесин. Мейли, силерге уруксат бердик. Силердин акча менен биз деле байып кетпейбиз» деп уруксат берип койсо андан жакшы. Жок, «Силерди чынында эле орустар кордоп коюптур. Биз аны билебиз. Өзүңөр айтпаган соң эле билбемиш болуп келгенбиз. Мына, ошон үчүн силерден алчу акыны ушул орустардан алалы» деп аларга тарифти кичине көтөрүп, бизге жеңилдик берсе деле жакшы. Баса, оруска боору ооруп аткандар болсо айтып койоюн, алардын мындан эч нерсеси деле кемибейт. Бизден деле далай нерсени алып-жулуп кеткенде өлгөн эмеспиз...

Же, «Силерге батыш жакшы көрүнүп аткан турбайбы. Жок, аларга кайрылбай эле койгула. Биз силерди өзүбүз камкордукка алабыз. Силер үчүн биз эле төлөп койолу» деп балким орустар да ойгонуп кетип, адатынча жакшы көрүнүүнүн аракетин кылар. Эч болбосо ага деле мейли. Айтор, ушул котормо акысын чечип алсак, тилибизге кыйла жакшылык кылган болор элек. Ойлонолучу ушуну, урматтуулар...