Ара жолдогу мамлекет

​Түрк төңкөрүш досьеси (ТТД): Түрк коргоо министри соттон эмнеге качып жүрөт

23 сентября 2018 г. 14:13 2236

Түрк коргоо министри Хулуси Акар 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетин караштырган сотко келбей койду. Арыздануучу (заявитель) сапатынан да баш тартты. Бул жума күнү Түрк абаа күчтөрүнүн командачысы, генерал-полковник Абидин Үналды соттолуп жаткан жыйырма жаштардагы лейтенант суроолору менен тердеткенде, командачы орой жооп берип кутулуунун аргасын издеди

Саресеп сайты “саясий исламдын” көрүнүктүү ишмери, Түркиянын президенти Тайып Эрдоган баш болгон түрк аткаминерлеринин өз калкы жана куралдуу күчтөрүнө жасаган кылымдын эң чоң провокациясы жөнүндө макалаларынын сериясын улантат. Сөз 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүш аракети (АТА) жөнүндө болмокчу.

Таң калычтуу жагдайлар

АТА учурундагы буга чейин видео жана башка фактылар менен далилденген кызыктуу жагдайлар көптөгөн суроолор пайда кылып келет.

Колго түшкөн алл кездеги Генштабдын башчысы Хулуси Акарга төңкөрүшчүлөр кандай сый мамиле кылгандары видеолордо көрүнүп турат. Чай-кофе сунушуп, какайып честь беришип, чөнтөк телефонун албагандары, колуна пульт кармап түнү менен телевизор көрүп олтурганы далилденген. Эң жакын кишилеринен болгон Зекаи Аксакаллынын айтымында, Хулуси Акар “чыгып эки сүйлөм ачыктама кылса”, бир нече жүз аскер катышкан АТА дароо токтомок. Бирок ал ЖМКларга да билдирүү кылган эмес, президент Тайып Эрдоганга да, премьер Бинали Йылдырымга да, бир күн мурун жети саат чогуу болгон түрк атайын кызматы МИТтин башчысы Хакан Фиданга да, кол алдындагы кургак, абаа жана деңиз күчтөрүнүн аскер башчыларына да чалган эмес.

Түрк абаа күчтөрүнүн командачысы, генерал-полковник Абидин Үнал, төңкөрүш 21:30да башталды деген 15-июлда, саат 19:06да Генштабдан кимдир бирөөлөр Түркиянын асманын жаап, учак учурбай салганы жөнүндө кабар алган. Бул кабарды уккан өлкөнүн аба коопсуздугуна жооптуу биринчи киши тааныштарынын үйлөнүү тоюнунун башталышын күтүп олтура берген. Генштабдын башчысы Хулуси Акар сяктуу эле, Үнал да эч кимге чалган эмес. Андан да кызыгы, кол алдындагы Мехмед Шенвер деген аскер “Диярбакырда кызык бир нерселер башталып жатат, чара көрөлүбү” дегенде, “азырынча кереги жок” деп токтотуп койгону документтерде бар. Абидин Үналды төңкөрүшчүлөр тик учак менен келип, үйлөнүү тоюнан жүктөп кетишкен. Төңкөрүшчүлөр колунан алып койбогон телефону аркылуу 21:30тарда АТА башталганын аялынан билген. Ага да төңкөрүшчү аскерлер сый мамиле кылганы, телефонун алганга аракет да кылбаганы видеолорго түшкөн. Төңкөрүшчүлөрдүн колуна түшкөндөн кийин гана Абидин Үнал телефон менен аларга каршы эмне кылуу керектиги жөнүндө буйруктарды бере баштаган. Төңкөрүшчүлөр ага эч нерсе кылбастан ээрчитип жүрө беришкен. Генерал-полковник Анкараны бомбалаган учкучтарды далыга таптап, “бейпил түн балдар” дегени документтерде бар. АТАнын башчысы делген Акын Өзтүрк менен коридордо ары бери басып жүргөн видеосу интернетке чыккан.

АТА башталганын өлкөнүн президенти, премьери, аскердик жогорку генералитет, атайын кызматтын башында тургандар бири-биринен эмес, жакын туугандарынан уккан. Мисалы, Тайып Эрдоганга бажасы чалып айткан. Ал түнү бош жүргөн президент менен премьер бири-бирине бир да жолу телефон чалышкан эмес.

Чындап эле аскердик төңкөрүш аракети болсо, 80 миллиондук элдин жоопкерчилиги моюнунда турганы менен өлкөсүндө эмне болуп жатканын билбеген мындай мамлекет жана аскер жетекчилери иштеринен кетиши же, жок дегенде, макамынан төмөндөшү керек эмес беле? Бирок алардын баары же макамында калган, же жогорулаган.

Ал түндөгү кызык жагдайлар бир сөз менен эле орду-ордуна келет. Бул – төңкөрүшчү делген аскерлердин дээрлик баары сотто: “Бизди террорго каршы операцияга катышып жатасыңар дешкен. Ал түнү мамлекет жана аскер жетекчилерибизди коруп, коргоп жана куткарып жүргөнбүз”, - деген сөз менен.

Арыздануучу генералды сотто тердеткен айыпталуучу лейтенант

Бул жума күнү, 21-сентябрда, 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракети (АТА) учурунда Генштабдын башчысы болгон, азыр Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар сотко чакырылып, бирок келбей койду. Сот отурумуна Түрк абаа күчтөрүнүн командачысы, генерал-полковник Абидин Үнал күбө жана арыздануучу катары катышты.

Сотто калыстыкты сактоого милдеттендирилген судья айыпталган аскерлер менен алардын адвокаттарын сүйлөтпөгөнгө болушунча аракет кылган. Абидин Үнал кээ бир суроолорго “мен буга жооп бербейм” кесе айткан. Сотто аскер окуу жайын жаңы эле бүткөн, АТАга катышты делген лейтенант Абдуллах Эмре Сандык менен генерал-полковник Абидин Үнал ортосунда төмөнкү диалог орун алган:

Лейтенант Сандык:

- Ал күнү бизге террордук кол салуу бар дешти. Телефондорубуз алынды. 16-июлда эртең менен сиз менен жолугуп калдым. Туалеттен чыккансыз, колуңуз суу болчу. Мага “кайырлуу таң” дедиңиз, мен “саламатта болуңуз” деп жооп бердим. Мындан сырткары сизге бир нерсе кылдымбы? Мени сизди туткундады деп айыптап жатышат. Мен сизди туткундадымбы?

Генерал-полковник Үнал:

- Жок.

- Ал таңда төңкөрүш болуп жатканын мага эмнеге айткан жоксуз?

- Ал кезде кимдин ким экенин, эмне болуп жатканын билбесең, кантип айтасың.

- Менин өмүрүмдөн эки эсе көп аскердик тажрыйбаңыз бар. Сиз түшүнбөсөңүз, менден бир нерсе түшүнөт деп күтсө болобу?

- Менден сурап койдуң беле?

- Мен эркин басып жүргөн генерал-полковниктен “бул жакта эмне кылып жүрөсүң” деп сурай аламбы?

Бул жерде судья лейтенанттан суроолорун токтотууну талап кылган.

Лейтенант Сандык:

- Урматтуу судья, мен эки жылдан бери капаста ушул саатты күтүп жатам.

Жыйырмадан бир аз өткөн лейтенант Абдуллах Эмре Сандык генерал-полковник Абидин Үналды туткунга алган деп аскерден куулуп, эки жылдан бери камакта жана өмүр бою эркинен ажыратуу талабы менен соттолуп жатат. Жума күнкү сот аны бошоткон жок.

2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүш аракети учурунда 250 чакты киши өлүп, миңдин тегерегинде киши жаракат алып, жүз миңдейи суракка алынып жумуштан айдалып, он миңдегени камалгынын эскерте кетели.