Ислам дүйнөсү

​Мусулмандар Пайгамбардын небереси кайсыл идеалдар үчүн өлгөнүн билиши керек

22 сентября 2018 г. 18:08 906

Муавия абу Суфьян азирети Мухаммеддин күйөө баласы Али ибн Абу Талибден халифалыкты талашып, акыры өз салтанатын орноткон. Андан тараган Омеяд өкүмдарлары мусулмандарды алгач ирет ата-тегине жараша ажыратып, бирин экинчисинен жогору койгон. Эркиндиктен келип чыккан кеңешүү маданиятын четке кагып, исламдык принциптерге дал келбеген башкарууну орнотушкан

Ислам тарыхында “Кербала окуясы” деп аталып калган бул окуядан кийин Муавиянын уулу Йазид сарайында тынч жата алган эмес. Анын дээрлик үч жарым жылдык салтанаты жалаң араздашуулар менен өткөн. Мадина менен Меккедеги көтөрүлүштөр токтогон эмес. Пайгамбардын небереси азирети Хусейинди өздөрү чакырып алып, кайра шаарына киргизбей коюп өлүмүнө себепкер болушкан Куффа шаарынын калкы да кийин Йазидге каршы көтөрүлгөн. Алар акыры азирети Хусейин менен анын жүзгө жакын бала-чака, урук-тууганын өлтүрүүгө катышкан Йазиддин өкүлү Убайдуллах бин Зайд менен кол башчылары Умар бин Сад жана Шамир бин Зилдин башын алып тынышкан.

Омеяддар Йазиддин колу менен беш жүз жылга созулган салтанатынын эң чоң катасын кетиришкен. Алар азирети Мухаммеддин небересине кылыч көтөрүү аркылуу, пайгамбардын бардык тукумуна кол көтөрүү сыяктуу Ислам дүйнөсүнө айыкпас жарат салышты.

Деги жеке өзүнчө алганда эле акылга сыйбай турган Кербала окуясында андай деле саясат жок.

Кербала окуясы азирети Хусейин менен Йазиддин өкүлүнүн бири-бирин жек көрүүсүнөн, же бийлик талашуусунан келип чыккан эмес. Пайгамбардын үй-бүлөөсү басынып өмүр сүрүүдөн көрө, намыстуу өлүмдү тандап алган. Жалпылап караганда, азирети Хусейиндин Исламга негизделген эркиндик жана адилеттүүлүк принциптери Йазиддин басмырлоо жана наадандык орногон омеяд идеологиясына каршы келген.

Омеяддар Ислам тарыхында алгач ирет ата-тегине карап мамиле кылуу принцибин мусулмандарга көрсөткөн. Алар Ислам алып келген, элдин эркин ой жүгүртүүсүнө негизделген кеңешүү маданиятын четке кагып, Исламдын принциптерине дал келбеген башкарууну орнотушкан.

Ошондон тартып ушул күнгө чейин мусулмандардын кендирин кесип келе жаткан “Элдин же мамлекеттин бакубаттуулугу үчүн бир киши курман кылынат. Ата-мекен үчүн баарына кайыл болуу керек!” деген йазиддик саясат “ыйык” мурас катары муундан-мунга өтүп келе жатат. Азирети Хусейин менен туугандары бул зулум идеологияга каршы жанын аябай кармашып, идеологиялык ураандарга алданбаган мусулмандардын жүрөгүнүн эң жогорку макамдарында сакталып келет.

Эми абал ушундай болгон соң, маселени азирети Пайгамбардын тууганы жана сахабасынын бири болгон Муавияга да “азирети” деп айталыбы же жокпу деген деңгээлге түшүрүү илимдин да, адептин да талаптарына жооп бербейт.

Кербаладан бери канчалаган кылымдар бою мусулмандардын ал кырсык менен жигитче бетме-бет келип, талдаганы көрүнбөйт. Анткени азирети Хусейин менен үй-бүлөсүнө карандай күч колдонуп, айбанча кылычтап салган Йазиддин аскерлери мечитте намаз окуган, сакалдуу, селделүү мусулман болгону маалым. Андай болсо азирети Хусейин эмнеге каршы аттанып, эмне үчүн шейит кетти?

Бир канча кылым кечиксек да, бул сураштырылчу маселе экени айдан ачык. Диндин маанилүү буйругу болгон намаз, жоолук, мечит, азан же уурунун колун кесүү сыяктуу так айтылган жазалар ал кезде деле аткарылып турган. Бирок, ошого карабай азирети Хусейин омеяддардын башкаруусунан Ислам көздөгөн негизги максаттарды – адилеттүүлүк менен эркиндикти көргөн жок жана алардын улутчулдугу менен заалымдыгына каршы чыгууну өздөрүнө парз деп билди.

Орто Чыгыш баш болгон Ислам дүйнөсүндө абал мурункуга караганда жакшырып кеткени анча байкалбайт. Заалым, улутчул өлкөлөр карманган йазид саясаты инсан эркин болушунча басмырлап, чектеп келет. Динди намаз жана мечитке баруу менен чектөө аракети күч. Коом мечитке барып намаз окуп, аялы жоолук салынганы менен өзүнөн эместерди басмырлоо, башканын мал-мүлкүн талоо сыяктуу, адилетсиздик жана заалымдыкты колдогон “динчил заалым” кишилердин үйүрүнө айланды. Башкача болууга эч кимдин акысы жок! Андайларды дарга асуу, же түрмөлөргө тыгып жалбартуу керек. Мусулмандар жашаган өлкөлөр йазиддерге жакын болгондор гана жыргаган кеңири Кербала талаасына айланды.

Улуттук, топтук, диний же идеологиялык зарылдыктарга негизделген канчалаган укуксуздук менен адепсиздикке үн ката албаган, заалым бийликтин кызыл камчысы алдында “тарбияланган” диндар коомдорду көргөндө, Йазид өлгөнү менен йаидчилик уланып жатканын тартынбай эле айтууга болот. Унутпайлы, заалымдык менен укуксуздукту көрүп туруп унчукпоо, наадандык менен йазиддикти жандантат! Динден алыстоо аркылуу эмес, коомдук адилеттүүлүктү сактай алган, ишенимин, адеп-ахлагын жана укугун иш жүзүнө ашыра алган “чыныгы Исламыбыз” менен йазиддикти жеңе алабыз.

Хусейин бекемдиги йазиддикке каршы туруудан жанданып чыгаарын түшүнгөн бардык мусулмандарга, чыныгы инсандын баарына салам айтам.

Мухаммед Салар, artigercek.com