Батыш

Евробиримдик тез чечим чагарып баштабаса аброю запкы чегет

21 сентября 2018 г. 21:05 1324

Баары бирдей добуш берүүнү күтпөстөн көпчүлүктүн добушу менен чечим чыгаруу. Еврокомиссиянын (ЕБдин өкмөтү) башчысы Евробиримдиктин тышкы саясатка тиешелүү чечим чыгаруу жол-жобосун өзгөртүүнү сунуштоодо. Мунун кандай зарылчылыгы бар жана өзгөртүү ишке ашабы?

Дүйнө экономикасында Евробиримдиктин салмагы оор басат. Бирок саясатка келгенде Брюссель күчтүү глобалдык оюнчу боло албай келет. Мунун себептеринин бири – ар кимиси өзүнчө саясат жүргүзгөн 28 өлкөнүн бир бүтүмгө келиши создугуп кеткенинде жатат.

ЕБ байкоочу гана болуп тура бергиси келбейт

Иштер мындай кеткени Евробиримдиктин баардык эле жетекчисине жакпайт. Тактап айтканда, Еврокомиссияны акыркы жыл жетектеп жаткан Жан-Клод Юнкер дүйнө сахнасында ЕБдин күчтүү саясий оюнчу болушун каалайт. 12-сентябрда Евробиримдиктин абалы тууралуу жылдык баяндамасында ал: “Европанын өз тагдырын өз колуна алчу маалы келди, өзүнө таандык дүйнөлүк саясатын жүргүзүү маалы бышып жетилди”, - деген.

“Европа мындан кийин эл аралык окуялардын көзөмөлчүсү же жорумчусу гана болуп тура албайт. Европа ыкчам оюнчуга айланып, дүйнөнүн эртеңинин архитектору болушу керек”, - деп эсептейт Юнкер. Андай болушу үчүн, анын ою боюнча, дүйнөлүк саясий сахнада ЕБдин үнү “так жана ачык угулушу керек”. Бул үчүн, Юнкердин ою боюнча, ЕБдин тышкы саясатка тиешелүү чечимдерди кабыл алуусу жеңилдеши керек.

Жан Клод Юнкер (төмөндөгү сүрөт)


ЕБ кеңешинде консенсузбу же көпчүлүкпү

Тышкы саясат боюнча негизги чечимдерди көбүнчөсүн ЕБдин Тышкы иштер боюнча кеңеши кабыл алат. Бирок ЕБдин өкүлдөрүн дайындоо сыяктуу атайын маселелерден сырткаркы бардык чечимдер бир добуштан кабыл алынышы шарт. Башкача айтканда, Евробиримдиктин мүчөсүнүн бири калган 27сине каршы чыкса, чечим кабыл алынбайт.

Акыркы убактарда мындай окуя аз эмес. Мисалы, 2017-жылдын жайында ЕБ Кытайдагы адам укугу боюнча билдирүүсүн кабыл ала албай калган. Анткени бул чечимди Греция колдобой койгон. Андан бир жарым ай өтпөй ЕБ Венесуэлага каршы санкция киргизе албай калган. Анда да Афина буга каршы чыгып туруп алган.

Ошол эле убакта европалык саясаттын башка багыттарына келгенде, чечимди ЕБдин Кеңеши шарттуу көпчүлүк принцибине жараша кабыл алат. Бул – Еврокомиссиянын сунушун бекитиш үчүн жалпы ЕБге кирген калктын 65%ын камтыган 55% өлкө (учурда бул 16 өлкө) колдошу керек – дегендик.

Еврокомиссия эмнени сунуштап жатат

Юнкердин билдирүүсүнөн кийин шарттуу көпчүлүк принцибин тышкы саясаттын үч тармагына да колдонуу каралып жатат деп түшүндүрүшкөн Еврокомиссиядан. Алар: адам укуктары, санкцияларды киргизүү же өзгөртүү жана ЕБден сырткаркы өлкөлөрдөгү өзгөчө кырдаалга жооп катары түзүлчү жарандык миссиялар.

Еврокомиссиянын сунуштары боюнча мындай реформа ЕБге дүйнөлүк сахнада салмактуу болгонго жана сырткы саясий чакырыктарга ыкчам жооп бергенге мүмкүндүк берет деп белгиленген.

Көп учурда акыры орток чечим табылчу, деп кошумчалайт Еврокомиссия, бирок убакыт узап, “ЕБдин таасири менен биримдиги” жапа чегип келет. Мында кайсыл мамлекет айтылып жатканы белгисиз, бирок бир өкмөт жалпы чечимди колдоодон “көбүнчөсүн жүйөөлү себеп келтирбестен, каралып жаткан маселеден башка эле себептерден улам” баш тарткан деп белгилейт Еврокомиссиядагылар.

Белгилүү болгондой, Кытайдагы адам укуктары боюнча чечимди тосуп салган Грецияга кытайлык инвестициялар көп кирген. Мисалы, өлкөдөгү эң ири Пириней портунун көзөмөл пакети кытайдын мамлекеттик компаниясына таандык.

Убагында Грециянын премьери Алексис Ципрас Москва менен тыгыз мамилелешкени маалым. Ошондуктан Украинаны туруксуздаштырганы үчүн Орусияга каршы киргизилген ЕБдин санкцияларын 2015-жылы Афина токтотуп салат деген маселе да чыккан. Бирок, Грециядан да башка өлкөлөр бул санкцияларды улантуу күмөн жаратат деп айтканы менен, Орусияга каршы санкциялар боюнча буга чейин биримдик сакталып келди.

“Небак бышып жетилген сунуш”

Брюсселдик CEPS аналитикалык борборунун ЕБдин тышкы саясаты боюнча эксперти Эрван Фуэре чечим чыгаруу системасын өзгөртүү маселеси небак эле бышып жетилген деп эсептейт. “Айрыкча АКШнын көптөгөн эл аралык аянтчаларда кызматташуудан баш тартып жаткан ушул чакта, Кытайдагы адам укуктарын бузуу сыяктуу маанилүү маселелерде ЕБ бирдиктүү чечимге келе албай жатканы акылга сыйбайт”, - дейт ал.

ЕБдин элчиси катары көп жыл кызмат өтөгөн Фуэре, Брюсселдин жогорудагы маселелер менен гана чектелбестен, шарттуу көпчүлүк принцибин башка, мисалы, ЕБдин кеңейүүсүнө тиешелүү чечимдерде да колдонууну жактайт.

Өкмөттөр таасирдүү куралынан баш тартышабы?

Юнкер сунуштап жаткан реформага макул же макул эместигин ЕБдин мамлекет жана өкмөт башчылары 2019-жылдын 9-майында румындык Сибиу шаарында өтчү атайын саммитте айтмакчы. Ал үчүн ЕБге кирген бардык 28 өлкөнүн лидерлеринин макулдугу керек.

Тышкы саясатта бир пикирге келүүнү милдеттендирген таасирлүү куралдан ЕБдин кээ бир өлкөлөрү ажырагысы келеби? Брюсселдеги аналитикалык борбордун эксперти Эрван Фуэре муну божомолдогусу келбейт. Анын пикири боюнча, Сибиудагы саммиттин Европарламентин депутаттарын шайлоого эки апта калганда өтүшү, мындай олуттуу чечим чыгаруу үчүн анча ыңгайлуу эмес. Бул демилге шайлоодон кийинки күндөргө коюлса, өтүп кетиши мүмкүн деп кошумчалайт мурунку элчи.

Азырынча Еврокомиссия шарттуу көпчүлүк эрежесине өтүү, кээ бир ЕБдин өлкөлөрүн “ЕБди бөлүп-жаргысы келген үчүнчү өлкөлөр багыттаган опузадан” коргойт деп ишендирүү аракетинде. Көпчүлүк принцибине негизделген добуш берүү ЕБдин тышкы саясатынын күчтөнүүсү үчүн өтө маанилүү деп эсептейт Фуэре. “Евробиримдик оюн так билгизүүсү зарыл болгон абалдар барган сайын арбып кете берүүсүндө шек жок. Өнөктөштөрү да ЕБден мындай бекемдикти күтөөрүн айрыкча белгилей кетүү керек”, - деп жыйынтыктады оюн эксперт.

Deutsche Welle, Европа