Кытай/Индия

Кытай өзүнүн империалисттик баскынчы саясатынан жабыркайт​

20 сентября 2018 г. 22:42 1691

Өсүп келе жаткан Кытай деген күч, ийгиликтин чордонундагы АКШ аттуу күч менен акыры чабышат деген “Фукидид туңгуюгу” деп аталган көйгөй Кытайды күтүп турган жок. Кытай Эл Республикасы келип такалган көйгөйдү Фукидид эмес Ленин сүрөттөгөн. Ал аны “империализм” деп атап, ал акыры экономикалык сенектик менен согушка алып бараарын айткан.

Ленин ашыкча капитал менен өндүрүш күч-кубаты ички базарынан ашып-ташыган капиталисттик мамлекеттин сырткы базарларга чыгып, чет жакка инвестиция кылуусу – бул империализм деп мүнөздөгөн. Лениндин ою боюнча, эгер капиталисттик дөөлөттөр ашыкча өндүрүмү менен каражатын сырткы базарга чыгара албаса, алардын экономикасы тез чөгүп, миллиондогон киши жумушсуз калып, миңдеген компания банкрот болуп, каржы түзүмү урайт. Бул өз кезегинде ыңкылапчыл күчтөрдү ойготуп, башкаруучу режимге коркунуч жаратат.

Мындай абалда түз же кыйыр баскынчылыктан башка жол калбайт. XIX жана XX кылымдын башындагы “империализм доорунда” европалык дөөлөттөр колониялар менен көз каранды аймактарды көбөйтүүгө аракет кылышкан. Ал жактарда ашыкча товарын сатып, ашыкча капиталын кеңири инфраструктуралык долбоорлорго салышкан.

Тагдырдын тамашасы, учурда “коммунисттик” Кытай дал ушундай абалда турат. Анын ички базары ондогон жылдар бою жеке жана мамлекеттик секторго берилген каржы жардамы жана көзөмөлсүз насыядан улам товар менен курулуш күчтөрүнө толуп кетти. Түндүк Америка, Европа жана Жапония Кытайдан чыккан болот, алюминий менен бетонду барган сайын аз ала баштады. Кытай болсо шишип кеткен өндүрүш инфраструктурасын иштетүүгө кошумча ири долборлорду таба албай турган кези. Андыктан жетекчилиги Азия менен Африкада “жумшак” империя түзүү максатында “Бир кырчоо, бир жол” деген демилге көтөрүп чыкты.

Аналитиктин көпчүлүгү Кытайдын экономикасы бышып жетилгенде, ал АКШ, Европа же Жапониядай болуп кетет деп үмүттөнүшкөн. Мындай пикир боюнча кеңири жана тың турган орто тап өндүрүш токтобостон өнүгүп кете бергенчелик товар менен кызматты сатып алмак. Мамлекеттин өкмөтү көпчүлүк калктын бакубат жашаган орто тапка айлануусун жеңилдете алмак.

Кытайдын чечим кабыл алчу аткаминерлери мындай келечекке жетүү мүмкүн эмес деп эсептегенсийт. Өлкөдө калыптанып калган көптөгөн күчтүү топтор Пекиндин азыркыдай калуусуна кызыкдар. Ошондуктан алардын Кытай экономикасын өзгөртүүсү мүмкүн эмес. Бирок зарыл реформалар жүрбөгөндүктөн кеңири экономикалык шокко түшүү ыктымалы барган сайын артып барат.

“Бир кырчоо, бир жол” демилгеси олуттуу экономикалык өзгөртүүлөргө барбастан, экономикалык баскынчылыкты арттырууга багытталган. Кытай ишкерлери, банкирлери жана дипломаттары “Кытай корпорациясынын” өнүгүүсүн токтотпош үчүн өнүгүп бара жаткан дүйнөнү кыдырып, базар менен инфрастуктуралык долбоорлорду издештирип жүрүшөт. 2014-жылы South China Morning Post гезитинин макаласында кытай аткаминери “Бир кырчоо, бир жолдун” максаттарынын бири “ашыкча күчтү чет жакка чыгаруу” деп айткан. Муну кааласаңыз “кытай мүнөзүндөгү империализм” десеңиз да болот.

Бирок, жүз жыл мурун Ленин айткандай, үйдө башаламандык башталбашы үчүн ашыкча күчтү экспорттоо аракети башка өлкөлөрдөгү араздашууга алып баруусу мүмкүн. Атаандашкан империялар базарлар үчүн күрөшөөрүн алдын ала айткан. Окуялардын күтүлгөндөн башкача өңүттө кетүү өзгөчөлүктөрү да мындай стратегияны ого бетер кооптуу кыла баштады. Дүйнөнүн улутчул саясатчылары өлкөлөрүн империалист дөөлөткө карыздар кылбаш үчүн мындай “өнүгүү” долборлоруна каршы чыгышат. Натыйжада империализм кыйроого алып барат.

Кытайдын учурдагы көйгөйлөрү бул жадыбалга түшөт. “Бир кырчоо, бир жол” демилгесинин алкагында эң көп каржы алган Пакистан анын шарттарын адилеттүү эмес деп, сүйлөшүүлөрдү кайра жандантуу ниетинде. Демилгенин экинчи бутасы болгон Малайзия Кытайга ыктаган саясатчылары өкмөттөн четтетилгенден бери катышуусун кыскартууда. Мьянма менен Непал бул долбоордун алкагындагы келишимдерин кыскартты. Карызын төлөп бериш үчүн Шри-Ланка Хамбатантота портун Кытайга 99 жылга тапшырып берүүгө мажбур калганда, Азия менен Африка өлкөлөрү долбоордун майда тамга менен жазылган жерлеринен бери окуп, адилетсиздик жөнүндө үн ката башташты.

Бул арада Кытайдын субсидия, интеллектуалдык менчикти уурдоо, жаңы келечектүү тармактарды аныктап, Кытайдын үстөмдүгүн камсыздоо үчүн жеке жана мамлекеттик сектору менен бирге аракеттенгени, Трампты жактырышпаса да, Европа менен Жапонияны Вашингтонго ыктаганга мажбурлоодо.

АКШнын тирешүүсү Кытайдын негизги маселеси эмес. Маселе экономиканын тез өскөнү кытай бийлигинин алдына эки тандоо сунганында. Биринчиси, Кытайды дүйнөлүк экономикага ыкташтырыш үчүн оор жана татаал реформаларга баруу. Экинчиси, чет өлкөлөр менен кагылышып, жалгыз калууга алып барчу экономикалык баскынчылык саясатын уланта берүү. Ленин учурдагы Кытайдын абалында калган капиталисттик өлкөлөр сөзсүз согуш менен ыңкылаптарга капташат деген.

Бирок Ленин жаңылыптыр. Туура экономикалык саясат жүргүзүлүп, калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгү эл аралык экономикалык кызматташуу менен ыкташтырылса, XIX-XX кылымдарга мүнөздүү империалисттик сценарийден кутулса болоорун Батыштын Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки 70 жылдык тарыхы көрсөттү. Кытай бул мисалдардан сабак албаса, “Лениндин туңгуюгуна” кептелген бойдон кала бермекчи. Кытайдын ички туруктуулугу артып кете берсе, дүйнөдө ага каршы күчтүү коалиция түзүлүшү мүмкүн.

Уолтер Мид, The Wall Street Journal, АКШ