Жорум

​Эрдогандын чыныгы жүзү же түрк бийлигин колдонуу инструкциясы: Башталыш-3

19 сентября 2018 г. 13:40 1760

Саресеп сайты “саясий исламдын” көрүнүктүү ишмери, Түркиянын президенти Тайып Эрдоган баш болгон түрк аткаминерлеринин өз калкы жана куралдуу күчтөрүнө кылган кылымдын эң чоң провокациясы жөнүндө макала сериясын улантат. Сөз 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүш аракети жөнүндө болмокчу. Окуйлу, ойлонолу, өлкөбүз менен улутубуз үчүн колдон келген жакшылыкты аткарганга шашылалы.

Өткөн аптанын бейшембисинде, 13-сентябрда Түркияда “Варлык” деген фонд түзүлдү. Анын башына түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган өзү келди. Мүдүрдүн жардамчы макамына күйө баласын, каржы жана экономика министри Берат Албайракты олтургузду.

Серепчилер анын эки максатта курулду деп жоруп жатышат. Биринчиси, Эрдоган коррупцияга белчесинен баткан жакын партиялаштарына да ишене албай, өлкөгө күндө миллиарддаган лира алып келип жаткан ишканаларды өзү көзөмөлдөйт. Экинчиси, бул фондго жыйналган ири жана кирешелүү компанияларды алсырап бара жаткан түрк экономикасына сырттан инвестиция тартууга кепилдик катары көрсөтөт.

15-июлда Эрдоган менен түрк элин коргоп калган аскерлердин ФЕТӨчү деп камалышы

Фетхуллахчы террор уюму (FETÖ – Фетхуллахчы террор өргүтү) термини расмий мекеме тарабынан алгач ирет 2015-жылдын орто ченинде Конья шаарынын соту тарабынан 74 полис жана бизнесменге карата колдонулган. Бирок бул терминди түрк прессасы ошол жылдын башынан бери колдоно баштаган. Буга чейинки макалабызда жазгандай, бийликчил пресса “ФЕТӨ” терминин түрк калкынын зээнине аскердик төңкөрүш аракетинен бир жыл алды жайгаштыра баштаган.

Андан бери бул ФЕТӨ сөзүн колдогон түрк бийлиги саясий атаандашынан баштап, мына көз жарайын деп үйдө олтурган келинге чейин он миңдеген кишини капаска солоду. Жүз миңдеген полис, прокурор, адвокат, сот жумуштан айдалып, паспорттору алынып, жакырлыкка капташты. Ишкерлердин бизнеси тартылып алынып, жүздөгөн ишкана таланып-тонолуп, акыры жабылып, жумушсуздук күн санап артып бара жатат. Бийлик жүздөгөн журналистти капаска солоп, Түркияны дүйнөгө шерменде кылды.

ФЕТӨ термини аркасынан эң көп жапа чеккен тайпа мугалимдер. Бала окутуп тарбиялоодон башка ниети жок кишилер эмне себептен эң көп куугунтукталганына кийин атайын токтолобуз.

Бул макалада 15-июлда баатыр атаккан аскерлердин эртеси күнү ФЕТӨчү деп камакка алынганын баяндамакчыбыз. Эмне себептен аскердик төңкөрүштөрдөн жеке өзү көп жапа чеккендердин арасында болгон жана төнкөрүш менен төңкөрүшчүлөргө дайыма наалат айтып келген дин аалымы Фетхуллах Гүлендин аты 2016-жылдын 15-июлунан кийин аскерлерди камоого колдонулду?

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган “кудай берген белек” деп атаган аскердик төңкөрүш аракетин (АТА), эч кандай сот-соболсуз эле ФЕТӨчүлөр уюштурду дешкен. Таң калычтуусу, 2000-жылдардын башында аскердик төңкөрүш пландарын түзүп, Эрдогандын өкмөтүн төбөсүнөн сайып сала жаздаган кишилер 15-июлдагы АТАны токтотуп калды деген кабарлар таратылган. Бирок чындык анын тетириси болуп чыкты.

Аскердик төңкөрүш Акынжылар аба майданан башкарылган. Аны курчап, учак учуп чыгуучу жолдорун бомбалап, төңкөрүшчү офицерлерди камаакка алып, алар кармап олтурган кол башчыларды бошоткон офицердин дээрлик бардыгы ФЕТӨчү деп камакка алынган.

АТА өлкө жетекчилигин коруу жана төңкөрүшчүлөрдүн башчыларын камакка алуу менен токтотулган. Бул негизги эки милдетти ийгиликтүү аткарган, бирок кийин ФЕТӨчү жана АТАчы деп камакка алынган жүздөгөн офицердин бир нечесинин 2016-жылдын 15-июлунан кийинки тагдырына көз чаптыралы:

Кургактагы аскерлердин логистика боюнча командачысы генерал-лейтенант Йылдырым Гүвенч 2016-жылдын 22-августунда камакка алынып, эки жыл капаста калып, учурда ФЕТӨчү делип, өмүр бою камакта калсын деген соту жүрүп жатат. 15-июлда ал кездеги 1-кошундун командачысы Үмүт Дүндардын буйругу менен Акыжылар аба майданына барып, төңкөрүшчүлөрдү токтотуп, камакка алып, алар кармап алган кошун жана аба күчтөрүнүн командачы генералдарын, Эрдогандын кеңешчисин куткарган. Бул фактылар түрк куралдуу күчтөрүнүн ал түн тууралуу документтерине түшкөн. АТАдан кийин “өлкөнү өзгөчө кырдаалда башкаруучу офицерлер” деген токсонго жакын аскер кирген тизмеде бар экенсиң дешип камакка алышкан. Үмүт Дүндар “Йылдырым Гүвенч менин буйруктарымды аткарган” дегенине карабай ФЕТӨчү мөөрү басылып, соттолуп жатат.

Генерал-лейтенант Йылдырым Гүвенч

Полковник Мурат Йигит 16 спецназчы менен генерал лейтенант Йылдырым Гүвенчтин кол алдында Акынжылар гарнизонуна барып, төңкөрүшчүлөр менен сүйлөшүү жүргүзүп, полис жана прокурорлорго кошулуп аларды камакка алып, ал жерде кармалып турган офицерлер менен аткаминерлерди бошоткон. ФЕТӨчү жана өлкөнү өзгөчө кырдаалда (ӨК) башкаруучулар арасында бар деген айып тагылып, армиядан куулуп, соттолуп жатат.

Полковник Мурат Йигит

Контр-адмирал Намык Алпер ал кезде 4000 куралдуу аскерди, учак атып түшчү ракеталары бар кемелерди башкарган. Төңкөрүшчү болсо ал түнү Мармаристе отурган Эрдоганга 15 мүнөттө жетип камап же учуп чыккан учагын оңой эле атып түшүрө алмак. Адмирал Алпер 15-июлда гарнизондон бир да аскерди жана кемени сыртка чыгартпай кармап турган. 16-июлда ФЕТӨчү жана ӨК башкаруучуларынын тизмесинде бар деп камакка алынып, өмүр бою капаска кесилди

Контр-адмирал Намык Алпер

Куралдуу аба күчтөрүнүн штабынын башчысы генерал-лейтенант Хасан Хусейн Демираслан да ӨК башкаруучуларынын тизмесинде деп камакка алынган. Ал 2016-жылдын 15-июлунда Эскишехир шаарындагы аба гарнизонун жетектеп, төңкөрүшчүлөрдүн учактары көтөрүлүп жаткан Акынжылар аба майданынын учак күйлөнгөн жолдорун бомбалатып, учактын да, тик учактын да учуп чыгуусун токтоткон. Мындан сырткары Акынжылардан учуп чыккан учактарды үстүнөн жана эки капталынан куушуруп, конууга мажбурлаткан. АТА тууралуу көрсөтмө берген офицерлердин Демираслан Эскишехирдеги гарнизонду тикелей жетектеп, төңкөрүшчүлөргө абадан жардам келүүсүн тоскон деп айткандары расмий документтерге кирген. Учурда Х.Х.Демираслан ФЕТӨчү аталып, капаска өмүр бою кесилди.

Генерал-лейтенант Хасан Хусейн Демираслан

Эскишехирдин куралдуу аба күчтөрүн башкарган генерал Нежеп Үнал 15-июль түнү генерал-лейтенант Хасан Хусейн Демираслан менен бирге АТАга каршы туруп, төңкөрүшчүлөрдүн учактарын атып түшүрүү буйругун берген командачы. Бул эки офицер аба куралдуу күчтөрүнүн командачысы Абидин Үналдын буйругу менен Эскишехирде аба командачылык борборун түзүп, АТАга кирген аскерлердин абадагы аракеттерин токтотушкан. Мунун баарын президент Эрдоган жана премьер Бинали Йылдырым менен макулдашып ишке ашырышкан. Кийин Нежеп Үнал да ФЕТӨчү, ӨКнын башкаруучулар тизмесинде болгон деп камакка алынган. Эң кызыгы Акынжылар аба майданын бомбалап, АТАнын учактарынын учуп чыгуусун токтоткон беш F-16 учакты башкарган жаш учкучтар да ФЕТӨчү деп камакка алынган.

Генерал Нежеп Үнал

Кол алдында Диярбакыр шаарында үч батальону бар генерал-лейтенант Ибрагим Йылмаз прокурор менен бирге 8-тез учак аба майданына барып, төңкөрүшчү офицерлерди камакка алган. Аким, полис мүдүрү, жандарма командачысы, бир генерал, андан башка 20 күбө Йылмаздын төңкөрүшчү эмес, АТАга каршы күрөштү деп айтышса да болбой, ФЕТӨчү жана ӨК тизмесинде деп камакка алынган.

Генерал-лейтенант Ибрагим Йылмаз

Жогоруда соту өтүп, өмүр бою капаска ташталган, айып тагылбастан эле камалган, армиядан куулуп ачка-ток калган он миңдеген офицердин бир нечесинин эле тагдырын жаздык. Алардын дээрлик баарысы түрк бийлигинин алдын ала түзгөн тизмесине жараша куугунтукталды.

АТАдан кийин камакка алынган командирлердин көбү ал түнү Эрдоганды коргоп, бир жерден экинчи жерге которуштуруп, аба майданына алып келип, учуруп, абада тез учактар менен президенттин учагын коргогон аскерлерди жетектеген. Алар тууралуу да журналисттик материал даярдалат.

Конституциясы алмашып, премьер министрлик макамы жоюлуп, коштошуу пресс-жыйынын уюштурган Бинали Йылдырымга журналисттердин бири “Эң начар, болбой эле койсо жакшы болмок, деген долбооруңуз кайсыл” деген суроосуна акыркы түрк премьери: “Эң начар долбоор – 15-июль долбоору” деп каткырганы бар.

Дүйнөлүк эксперттер ФЕТӨ аттуу террор уюму жок экенин, ФЕТӨчү деген кишилерди калп айтып ыйманын жеген түрк бийлиги ойлоп тапканын билишет. Заалым, элинин ырыскысын эки колдоп ашаган Эрдоган канкордун этегине тооп кылып, кыргыз болуп туруп, бул зулумдукту туура көргөн, акылын иштеткиси келбестен өз мекендештерин ФЕТӨчү деп бөлүп, жеп жибергиси келип жаткан жаныбарларга таң калам. Силерди эч ким “баланчачы” деп бөлгөн жокко. Силер кайдан чыктыңар, кайдан мындай тарбия алдыңар, эмнени көздөп жатасыңар?

Эрдогандын чыныгы жүзү же түрк бийлигин колдонуу инструкциясы: Башталыш-1.

Эрдогандын чыныгы жүзү же түрк бийлигин колдонуу инструкциясы: Башталыш-2