Ара жолдогу мамлекет

​Белорус бийлигинин алмашуусуна Кремль кайсыл дөбөдөн карайт

18 сентября 2018 г. 18:47 1418

Москвага Белоруссияда Крымдагыдай тобокелчиликке барууга кажет жок. Анын арканды узун таштап, белорус режиминин талуу жерлерин караштырууга убактысы бар...

Бийликке умтулган элиталардын алмашуу механизми иштеши үчүн Белоруссия демократияга жакындашы керек деген маселе жок. Болгону баягы Лукашенко жок, ал түбөлүк өмүр да сүрбөйт. Экономика туруктуу өнүгүп кеткен жок, нааразылык, майдан да болуп кетиши мүмкүн. Кыскасы, уктабаш керек.

МГИМОнун ызы-чуу чыгарган монографиясы

Кепти ары-бери чубап отурбай, эгер бул жерде олуттуу нааразылыктардан улам же табигий себептерге байланыштуу, бийлик алмашуу жараяны башталып кетсе, Москва Белоруссияны жоготуп албашы керек. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Москванын эл аралык мамилелер боюнча мамлекеттик институтунун (МГИМО) Аскердик-саясий изилдөөлөр борборунун (ЦВПИ) жамааты даярдаган “XXI кылымдагы дүйнө: өлкө жана региондорго жараша эл аралык абалдын өзгөрүүсүнүн божомолу” аттуу монографиясынын Белорусияга тиешелүү бөлүмүнүн негизги ою дал ушундай берилген.

Авторлор Белоруссия үчүн Крымдык сценарийди да карап коюуну сунуштаган. Эки өлкөнүн интеграциясынын эң жакшы натыйжасы катары москвалык кадр жетектеген Белорусиянын Орусияга кошулуусу айтылган. Бул илимий эмгек тууралуу Naviny.by порталы 16-сентябрда билдирген. Башка ЖМКлар да бул кабарга орун беришкен. Андан кийин кайым айтышуу башталып кеткен окшойт. Азыр монографияны жүктөп алчу баракчада “Кирүүгө болбойт” деген эскертүү турат. МГИМО болсо бул сонун чыгармасынан болушунча баш тартып турган чагы.

Бирок Лукашенконун тегерегиндеги кишилер ал PDF-файлды жүктөп калган сыяктанат. Эми МГИМОдон – ЦВПИ менен МГИМОнун ортосунда кыйраткан деле байланыш жок, ал жакта кар чарбага чыккан немелер олтурат; бул орунсуз кошумча кирип кеткен китепти жогору жак байкабай калыптыр, бирок тиражы токтотулуп, Минскке түшүндүрмө кат жибердик – деген актануулар кетсе да, белорус жетекчилиги бул ишти олуттуу кабыл алаары шексиз.

Айрыкча украиндик кейстин (үлгүлүү мисал) сыясы да кургай элек. Кремлге 2014-жылдын башында украиндер орусиялык таасирден чыгып бара жаткандай көрүнгөндө, тез жана катуу чаралар көрүлгөн. Бирилери мындай болуп кетээрин мурунураак айтса, капкайдагы имиштей угулмак.

Кол баланы тактыга олтургуза коюу оңойбу?

Бирок ЦВПИ иштеп чыккан божомолдо Белоруссияны бөктөрүп кетүүнүн сценарийи менен механизмдери иштелип чыкпаганын айта кетүү керек. Жакшы тилектерден башка эч нерсе көрүнбөйт. Балким бул май кесип, бармак жалагысы келгени менен майды ким бермек эле деген сөздүн дал өзү болуп жүрбөсүн? Чын эле, Москва кантип, кандай жол менен Белорусиянын тактысына өз кишисин мингизе алат?

Биринчи вариант: шайлоо аркылуу. Бирок бул куру кыял сыяктуу көрүнөт. Өлкөдө чыныгы шайлоонун жыты жок. Орусияга ыктаган талапкерди каттабай эле коюшат. Ал койдуруп келген колдор жасалма же декларацияда кирешесин туура эмес жазыптыр деген сыяктуу, оппозицияга каршы иштелип келген кең тажрыйбадагы ыкмалардын бири колдонулат. “Батыш сүйүүчүлөрүн” буга чейин кантип чалса, ошондой эле жыгып түшүшөт.

Мындан сырткары белорусс коому орусташканы менен орусиялык саясатты колдогон бир да партия, “орус дүйнөсүнө” тиешелүү бир да күчтүү түзүм жок. Минскке пресса мокочо кылып көрсөткөн, Орусиянын жаңы элчиси Михаил Бабичтин келгени да жогорудагы жагдайды өзгөртүп жибере албайт.

Маселе Лукашенко мындай отоо чөптөрдү дайыма жулдуруп тургандыгында же орусчулдардын аркасынан атайын кызматын салып койгонунда эмес. Маселе белорусстардын орустарга карата өзгөчө мамилесинде.

Ооба, көбү Крымды жымырып алууну колдошту, көбү орусиялык тамашоулар менен азыктанып, маданий жактан орустарга жакынбыз деп эсептейт. Бирок улуу дөөлөт оорусу менен оорубаган белорусстар, чыгыш коңшусу менен бир үйдө жашагысы келбейт. Жалпы жатаканада эмес, өз батиринде жашап, Америкага муштум көрсөткүсү, уулдарын Сирияга же кудай урган дагы башка жерлерге жибергиси келбейт.

Экинси вариант: төңкөрүш. Ал да ишке ашчудай көрүнбөйт. Күч органдары баш болгон белорусс аткаминерлери катуу көзөмөл алдында. Бул жерде “өз токочума күл тартам” деген топтор да байкалбайт.

Үчүнчү вариант: көчөөгө толкуп ташыган коомдук-саясий нааразылык. Бул сценарийди саясатка жакын белорусстар Крымдан кийин катуу талкуулашкан. Москва провокаторлору аркылуу өз сценарийине жараша бизде майдан уюштуруп, бул жердеги ашкере улутчулдардан союздашын куткарам деп танктарын киргизет деп чыгышкан.

2017-жылы колтука суу бүрккөндөр “бекерчилердин” нааразылыгын өзү каалаган нукка буруп кетет деген чочулоолор болгон. Бирок коркунучтар “акталбай”, орусиялык тукуруучулар байкалган эмес.

Андан сырткары режимдин күч органдарынан түзүлгөн, мындайда катуу чара көрчү чоң муштуму бар. Ошол эле “бекерчилердин” нааразылыктары тез жана натыйжалуу тынчытылган.

Төртүнчү вариант: МГИМОнун авторлору сунуштаган Крым сценарийи. Бирок Белоруссияда Орусияга кире качууга даяр турган орустардын анклавы жок.

Андан сырткары Витебсктеги же Могилёвдогу акимиятты же милийса бөлүмдөрүн “Путиндин туристтеринин” басып баштаганын Лукашенко же андан кийин келгендер оозун ачып карап тураары шектүү. Лукашенко украиналык сабактарды жакшы өздөштүргөнүн, ошондуктан коркунучтун мизин дароо, болушунча катуу кайтараарын бир нече ирет ачык айткан.

Катуу чараларга кажет жок

Демек Кремлдин салмагы оор болсо да, Минскти жыгып түшүүнүн оңой ыкмасы жок.

Эгер жеке диктатура толук орносо, сарайдагы төңкөрүш эң жакшы ыкма деген пикирде саясий баяндамачы Павлюк Быковский. Бирок Кремль Лукашенкого каршы башкача ыкмаларды колдонуп көрөт деп ойлойт ал. Эгер “Лукашенкодон кийин” белорусс аткаминерлери кайым айтыша баштаса, “Москвалык десант” пайда болушу мүмкүн. Ошондо москвалык жолдоштор “туура “ чечим кабыл алганга “жардамдашат” дейт Быковский.

Саясий анализ борборунун жетекчиси Павел Усов да “Лукашенкону четтетүү сценарийлерин Москва тездетпейт” деген пикирде. Адаттагыдай коомдук-экономикалык пресс, кошумча интеграциялык түзүмдөргө үндөө ыкмалары колдонулат деп ойлойт Усов.

Режимдин талуу жерлери кайсыл?

Ошол эле убакта катуу нааразылыктардан улам туруксуз абал пайда болсо, же биринчи президент тигил же бул себептен улам милдетин аткара албай калып, кандайдыр бир өткөөл заман башталса, Москва мүмкүнчүлүктөрдү колдон кетирбейт дейт Усов.

Орусия белорусс талаасынын эң ири жана жалгыз оюнчусу. Евробиримдик менен АКШ алсыз абалда деп баамдайт Усов. Батыштын Россотрудничество, “Русский мир” фонду, Румол, Горчаков фонду сыяктуу орустардыкындай жумшак күчү да байкалбайт.

Ошол эле убакта “бийлик көз карандысыздыкты коргоо боюнча ырааттуу кадамдарга барган жок”. Аткаминерлер эркиндиктин баалуулугун деле сезишпейт, ошондуктан учурда Лукашенкого кандай кызмат кылса, Путинге деле кызмат кылып кете берет деп эсептейт Усов.

Анын ою боюнча, орусиялык ЖМКлардын таасирин азайтуу керек болчу, Белорус мамЖМКлары учурдагы бийликти мактап, оппозицияны ашкерелөө менен алек. Аларды “орус дүйнөсүнө” каршы багыттап, “улуттук мазмунга” толтуруу керек эле деп эсептейт Усов.

Үчүнчү олуттуу максат, деп белгилейт саясат таануучу, билим берүүнү “советтик пикирден” арылтып, кайра негиздеп чыгуу зарыл. “Бийлик партияларды, эркин ЖМКларды, демократиялык коомду ооздуктоо аракетинде. Башкача айтканда, бийлик курч кырдаалда көз карандысыздыкты коргоп кала алчу аспаптар менен механизмдерди талкалоо менен алек”, - дейт Усов.

“Системанын бардык тетиктери суверинитетти бекемдөөгө, улутка багытталган белорусс коомун калыптоого ишетеши керек деген көрүш жок. Ошондуктан курч кырдаалда көз карандысыздыкты коргоп калуу кепилдиги жок”, - деп жыйынтыктады оюн саясат таануучу.

Кремль арканды узун таштай алат

Көз карандысыздыкты кепилдөө сунуштары адистерден ат тезегин кургатпай түшүп жатат. Бирок бийликтин аларга кулак салганы билинбейт. Мисалы мамЖМКларынын жаңыланаарына ишенип болбойт. Ал биротоло катып калган система. Белорусс саясий жетекчилиги орус аюусун ойготуп албайын деп чочулайт. Эркин ЖМКларга жол берилсе көп нерсе чечилмек, бирок бийлик “алар мага ор казат” деп коркот.

Андан сырткары билим берүүгө улуттук негиздерди киргизүүдөн, партиялык системанын, жарандык коомдун өнүгүүсүнөн чочулайт. Натыйжада Белоруссияда көз карандысыздыктын бекем пайдубалы жок. Күч органдарын муштум катары колдонгон жеке бийлик көпкө узабайт. Ошондуктан Кремль арканды узун таштап, өзү үчүн ыңгайлуу жагдайды күтө алат.

Александр Класковский, Белорусские новости, Белоруссия