Ислам дүйнөсү

Евразия мейкиндигиндеги “саясий ислам” жана динге ыкташкан экстремизм

17 сентября 2018 г. 23:37 850

Дин туралуу кандайдыр бир түшүнүктү илимий колдонууга киргизээрден мурун, аны ар тараптан сындап, тактап алуу пайдалуу. Учурда колдонула баштаган “псевдорелигиозный” деген термин кандайдыр бир жасалма дин бар болушу мүмкүндүгүн айтып тургансыйт. Бирок дин тууралуу бир аз тереңирээк түшүнүгү бар киши, эгерде чыныгы диндин ишеним жана практикасынын өзөктүк принциптерине пенде тарабынан кандайдыр бир нерсе киргизилсе, ал дин болуудан чыгып, жекелик же топтук ишеним жана практикага айланаарын жакшы билет. Ошондуктан “псевдорелигиозный” дегенде, биз “жасалма дин” эмес, “динге ыкташкан” же “дин жамынган” деген түшүнүктү айтып жатканыбызды билгенибиз туура болчудай.

Экстремизм түшүнүгүнө келсек, ал көбүнчөсүн саясаттагы ашкере жана чектен чыккан көз караш же аракет деп чечмеленип келет. Экстремизмге жеке адам же топ, айрыкча саясатчы менен саясий топтор жакын. Террордук аракеттер, чагымчыл согуштун баары дал ушул саясий өңүттө чыныгы күчүнө кирет. Ашкере радикалдашкан экстремисттер башка бирилери менен кандайдыр бир ымаладан, сүйлөшүүдөн жана келишимге келүүдөн толугу менен баш тартышат. Адатта экстремизмди илимсиздик же бир жактуу гана илим берүү, атаандаштарын басмырлаган тоталитардык саясий режимдин орношу, өлкөгө сырттан одоно кийлигишүү же кол салуу, коомдук-экономикалык кризистер шарттайт.

Динге ыкташкан экстремизмдин кесепетинен куралдуу кагылышууга кирген же мындай кагылышуу ыктымалы бар аймактарда жогорудагы көрүнүштүн баары орун алган. Согуш оту алоолонгон Жакынкы Чыгыш менен Африка, этникалык кыргын жана басмырлоолор орун алган Түштүк-Чыгыш Азия, динге ыкташкан экстремизм очоктору улам тутанып же түтөп жаткан Евразия аймагы.

Өзүбүздүн Евразия мейкиндигине кайрылсак, айрыкча өткөн кылымдын акыркы чейрегинен бери түрдү дүйнөлүк геосаясий күчтөрдүн тирешүү аймагына айланган, согуш оту өчпөгөн Афганистан ар бирибиздин жүрөгүбүздү өйүтүп келет. Бул өлкөнүн расмий бийлиги да, анын атаандаштары да өзүнүн саясий-экономикалык кызыкчылыктарын каршылашына таңуулоо же аны саясий-экономикалык тармактан толугу менен сүрүп чыгаруу максатында исламдык диний риториканы колдонуп жатканын көрөбүз. Бийлиги да, оппозициясы да маал-маалы менен, түз же кыйыр мааниде бири-бирине жасалма мусулманчылык кинесин коюп келишет. Кырк жылдан бери жарандык согуш оту өчпөй келе жаткан Афганистанда экстремизмди шарттаган бардык жагдайлар толугу менен орун алган десек жаңылбайбыз. Илимсиздик же бир жактуу гана илим берүү, атаандаштарынын бир бөлүгүн мокочо көрсөткөн авторитардык саясий режим, коомдук-экономикалык кризис, өлкөгө сырттан одоно кийлигишүү бар, сырткы күчтөрдүн куралдуу кол салуусу жакынкы тарыхында болуп келген. Бул жерде согуштан катуу жабыркаган билим берүү системасы түрдүү колониалдык же жарым колониалдык күчтөрдүн идеологиялык көрсөтмөлөрүн афган элинин турмушуна киргизүүгө аракеттенгенин байкаса болот. Сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсүн болсо өлкөнүн саясий-этникалык топторунун бири-бири менен сүйлөшпөгөнү, өз ара ымалага келе албаганы, бирдиктүү келишим түзүп, анын эрежелерине моюн сунууга даяр эместиги шарттаган. Бүткүл дүйнө жүзүндө ислам дининин кайра жандануусу байкалып жаткан кезде, исламдык риториканы колдонгон, динге ыкташкан саясий идеологиялар бардык шарттары экстремизмдин өнүп чыгуусуна ыңгайлуу Афганистанды айланып өткөн жок. Тескерисинче, бул өлкө барган сайын исламды жамынган саясий-популисттик күчтөрдүн тирешүү жана кагылышуу аймагына айланып бара жатат.

XX кылымдын этегинде Советтер Союзу тараганда пайда болгон, Орусия Федерациясы баш болгон өлкөлөр динге ыктаган экстремизм өңүтүнөн караганда бирдей көйгөйлөргө ээ. Коңшу Афганистандагы сырткы күчтөрдүн тикелей куралдуу кол салуусунан башка бардык жагдайлар бул өлкөлөрдө бар же жакынкы тарыхында болуп өткөн.

Союз тарашы менен аталган өлкөлөр баткан терең коомдук-саясий жана экономикалык кризис менталдык, өзүн идентификациялоо көйгөйү менен да коштолгон. Орусия, Украина, Белорусия, Молдова жана Грузияда православ, Борбор Азия менен Казакстанда ислам дини дароо кайра жанданган. Жетимиш жылдык коммунисттик, дин безерлик идеология бул теологиялык ишенимдерге кедергисин тийгизсе да түп-тамырынан жок кыла алган эмес. Жараткан тарабынан адамдын руханий табиятына бекем орнотулган Өзүнө болгон ишеним буга чейин басмырланып келген талаптарын коё баштаган. Бирилери аны атеисттик көз-караш менен көкүрөгүндө өчүрүп, светтик экстремизмдин желегин көтөрүп чыкты. Карапайым калктын көбү динин үйрөнүп, анын принциптерин турмушка ашыруунун жолдорун издеп баштады. Бара-бара Жаратканы менен ымалалашууну, Анын ыраазылыгына жетүүнү изденген жарандар түрдүү, бири-бири менен ымалага келүү ниети жок, сабырдуулук жана баарлашуу маданияты калыптанбаган саясий идеологиялык топторго электоралдык күч катары көрүнө баштады.

Бул жерде тикелей колониалдык туткундан кутулган Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыш араб өлкөлөрүндө, Иран, Египет, Пакистан, Индия менен Түркияда ислам динине ыктаган, жалпысынан “саясий ислам” аталган идеологиялык топтор калыптанганын эстен чыгарбоо керек.

Акыркы жылдары саясий ислам аттуу дин жамынган идеологиялардын орток өзгөчөлүктөрү ачык-айкын билине баштады. Алар: жеке же топтук саясий-экономикалык кызыкчылыктарына жетүүдө “макиавелисттик”, тактап айтканда бардык ыплас жолдорду колдонуудан кайра тартпоо; коомдун өзүнөн башка саясий топтору менен ымалага келе албаган, сабырдуулук жана баарлашуу маданияты калыптанбаган, ымалага келүүгө жана баарлашуу маданиятын калыптоо ниети да жок; саясий же идеологиялык каршылашын түрдүү жолдор менен атаандаштыктан чыгаруу аракетин көрүү, бул үчүн анын абийирин тепсеп, экономикалык мүмкүнчүлүгүн мыйзамсыз тартып алып, аны кыйнап, өзүн жана тукумун физикалык жок кылуудан кайра тартпоо; бийликке демократиялык жол менен келип, бийлигин сактап калуу үчүн өлкөнүн бардык укук-коопсуздук жана саясий системасын талкалап, жеке же топтук авторитар-диктаторлук башкарууну орнотуу; диктаторлук башкаруусун укум-тукумуна же жакындарына өткөрүп, түбөлүктүү кылуу максатында эли менен мамлекетинин тарыхын бурмалап, өз идеологиясын таңуулоо үчүн билим берүү системасын буга жараша калыптоого аракеттенүү.

Аталган өлкөлөрдө калыптанган, дин жамынган “саясий исламга” тиешелүү топтордун вирусу Советтер Союзу ураганда пайда болгон мамлекеттердин баарына жукканын жашырбоо керек. Бул вирустардын симптомдорун дээрлик бардык өлкөлөрдө тигил же бул интенсивдүүлүктө байкасак болот. Кээ бирилеринде белгилүү бир улут жашаган жерлерде дин жамынган идеология толугу менен өкүм сүрүп, борбордук бийлик менен куралдуу тирешүүлөргө барды; башкаларында террордук чабуулдар же ага аракет кылуулар менен коштолду; дээрлик бардык мамлекеттерден мындай вируска алдырган жаштар согуш жалындап жаткан жерлерге чейин барып, ашкере “саясий ислам” же “саясий православ” топторунун кызыл камчысын чаап жүрөт; кээ бир өлкөлөрүбүздө саясий олимпке жетиш үчүн бийлик менен ымалалашып, белек-бенчек жана пара кыстарып, аткаминерлердин напсиси каалаган “иштерин бүтүрө коюп”, саясий партияларга аралашып шайлоодогу түрдүү схемаларды үйрөнүп жүрөт.

Постсоветтик өлкөлөрдүн отуз жылга жакын жаңы таарыхы өлкө жугузуп алган дин жамынган “саясий ислам” вирусун күч менен эмес, эффективдүү эмдөө жана кылктын иммундук системасын күчөтүү аркылуу нейтралдаштырса болоорун далилдеди. Мында Кыргыз Республикасынын дин саясаты жакшы натыйжа берип келе жатканын тартынбай айтса болот.

Эң биринчиден КРдин Контитуциясында бекитилген диний негизде саясий партияларды түзүүгө тыюу принцибин айтсак болот. Союз тарап, эгемендүү кыргыз коому калыптана баштаганда диндин баарына бирдей кароо жана алардын ишине кийлигишпөө саясаты, акыркы жалдары элдин калың катмары карманган сунний ислам менен православ христиандыкты салттык диндер катары колдоо жана алардын өкүлдөрү менен бирге профилактикалык иш-чараларды уюштурууга өттү. Мындан сырткары советтик доордо калыптанган эффективдүү билим берүү системасынын артыкчылыктарын толук кандуу пайдаланып, айрыкча философия, социология, коомдук психология, коом таануу, тарых жана география сыяктуу сабактарга көңүл буруу менен мамлекеттик түзүлүш, коомдогу орток эрежелерди бекем сактоо, бардык ишенимдеги адамдарга толеранттуу болуу, жана алар менен диалог кура билүү жөндөмдөрүн калыптап, күнүмдүк турмушта колдонуу тажрыйбасы артып бара жатат. Эгер мектеп менен ЖОЖдордо гуманитардык жана техникалык илим жакшы берилбесе, өспүрүм менен жаштар дин жамынган “саясий исламдын” вирусуна туруштук бере албасы жакынкы тарыхта даана көрүндү. Террордук аракеттерге же радикал экстремисттик топторго биздин эле мектеп менен ЖОЖдорду формалдуу бүткөн жаштарыбыз кирип кетип жатканы эч кимибизге жаңылык эмес болуш керек.

Постсоветтик өлкөлөрдүн жетекчилиги чыныгы дин менен дин жамынган идеологияны жакшы айырмалап калды. Бардык өлкөлөрдө, айрыкча Кыргыз Республикасында саясий жетекчилик диний риторика менен популизмди эч качан саясатка аралаштырбоо керек экенин баамдады. Жеке инсандын ички дүйнөсү менен диний жамааттардын ичиндеги ишенимди кармануу тажрыйбасынан чыгып, инсандын же диний топтун ишенимин сыртка көргөзүп, анысы менен башкалардан артык көрүнгүсү келгени динге эч кандай тиешеси жок, керек болсо ага карама-каршы келген аракет экени билинди.

Мында диний билим берүүгө өзгөчө токтолуу керектигин баса белгилеп кетким келет. Орусия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына негизги конфессиялардын диний ишеними менен таанышуу сабактары кирип, илимий чөйрөсүндө динге байланыштуу гипотезалар менен теориялар кенен карала баштаганы жакшы жөрөлгө. Кылымдар бою келе жаткан конфессиялар жана түрдүү ишенимдеги топтор аралык толеранттуулукту калыптаган, алардын ортосундагы диалогду жандуу туткан сабактар менен изилдөөлөр коомубузга зарыл.

Гуманитардык, техникалык жана диний сабактарды берип, бул тармактарда ырааттуу изилдөөлөрдү жүргүзүп, коомдук-экономикалык абалды туруктуу кармап, бардык коомдук-саясий топтордун ортосунда баарлашуу каналдарын ачып, өз-ара урматтоо маданиятын калыптаганда гана глобалдашкан жана санариптешкен дүйнөдө тосуп калууга мүмкүн болбогон дин жамынган идеологиялардын вирустарына каршы коомдорубуздун иммунитетин күчөтүп, эффективдүү дарылоо стратегия менен тактикаларын иштеп чыга алабыз.