Орусия

Орусияны тизелетпей, бутуна тургузуу

16 сентября 2018 г. 15:19 1485

“Орусияны тизелетпей, бутуна тургузуш үчүн”, - деди студенттердин бири.

2002-жылдын сентябрында АКШнын тарыхы боюнча биринчи лекциямды окуганымда, мени студенттер Москванын мамлекеттик университетинин аудиториясынын биринин бурчунда курчап алышты.

Алардын бири: “Путин жөнүндө эмне деп ойлойсуз?”, - деп сурады.

“Чечня жөнүндө кандай ойдосуз?”, - деди экинчиси.

“Бул жакка эмне кылганы келдиңиз?”, - деп сурап калды он сегиз жаштагы ымыркай бет, мыйыгынан жылмайып.

“Силерчи? - деп, мен да жөн турбай сурап калдым. – Тарыхты эмнеге изилдеп жатасыңар?”

“Орусияны тизелетпей, бутуна тургузуш үчүн”, - деген жооп алдым. Анын аты Василий болчу. Ал мындай суроого, мынчалык так ишеним менен жооп берген чанда кездешкен студенттин бири болчу.

Андан бери өткөн 16 жыл ичинде мен Василийдин жообу тууралуу көп ойлондум. Айрыкча жакында АКШнын гезиттери менен радио-эфирлерин каптап кеткен орусиялыктарга каршы долулукту көргөндө көп эске келчү болду. Журналисттер менен экперттер Батыш Европасын каптап кеткен славян каракчылары тууралуу эски түшүнүктөрдү казып чыгып, кайра колдоно башташты. Өткөн кылымдагы Борбор жана Түштүк Азияга өкүмдарлык кылуу күрөшүнүн кесепети катары сиңген жана кийинки кансыз согуш маалында ого бетер бекип калган мындай коркунучтар батыш коомчулугунун аң-сезимине катуу таасир этүүдө.

Мындай аналитиканын дээрлик баарысы чочуулаткан терс мүнөздө. Мисалы, сириялык Идлибдеги салгылашууга орусиялыктардын катышуусун талдаган “Атлантик” журналы да ашкере сын айтып жиберген. Анда: “Согуш аяктап бара жаткан Сириянын Идлибиндеги баш кесерлик, Орусиянын “бул өлкөдө абал турукташып, качкындардын толук кайтып келүүсүнө жана курулуш баштоого болот” дегени суу кечпеген кеп экенин далилдейт”, - деп жазылган. Орусия өз чектеринин коопсуздугун камсыздаганга аракет кылса да батыш прессасы терс сезимдерге биротоло алдырып: “Путин Калининградга ракеталарын жиберип, Европаны башаламандыкка салганы турат!”, - деп кыйкырып чыкты. Мында Калининград Орусия Федерациясынын жери эмес эле Куба сыяктуу көрүнүп кетет. Жакында болгон бир окуя мындай бүтүм чыгарууга жакшы мисал болуп бере алат. “Ассошиэйтед пресстин” чет өлкөлүк журналистти Мэтт Линин сөздөрү АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлүнүн шаштысын кетирген. Мэтт Ли: “Бул нерсенин баарын карап туруп, орус армиясынын НАТОнун босогосуна чейин келип калганынын себеби, Орусиянын чабуулу эмес эле, НАТОнун кеңейүүсү десе туура болбойбу? Башкача айтканда, Орусия НАТОго эмес эле, НАТО Орусияга жакындады”, - деген.

Эксперттер Советтер Союзунун урап түшкөндүгү, Ельциндин айласы кеткендиги, 1990-жылдагы экономикалык кризис жөнүндө жакшы билгендери менен анын орусиялык аң-сезимге кандай таасир бергендиги тууралуу ой жүгүртүүгө убакыт коротуп да коюшкан жок. Анын ордуна АКШнын прессасы Путиндин 2016-жылкы шайлоого таасир бергендиги жөнүндө күмөндүү коркууларга негизделген сөздөрдү дайыма айтып келет. Андан сырткары Путиндин Батышка уялбай каяша айтканын жана орусиялыктар бетпактанып (же акмактанып) аны колдоп жатканы тууралуу ачуулуу кептерди дайыма угуп келебиз. Мындай аналитика Путинди түшүнүүгө аракеттенбейт. Ал көбүнчөсүн атайын байкамаксанга салган бош жана коркунучтуу үгүткө же, адан да жаманы, 20-кылымдын тарыхын баштан-аяк түшүнбөгөндүккө окшоп кетет.

Президент Рейгандын доорунда жетилип, мурунку Советтер Союзунун калкына цивилизациянын жылтыр-жултурун жеткирген АКШнын Тынчтык корпусунун ыктыярчысы катары мен дагы Москванын мамлекеттик университетиндеги алгачкы лекцияма чейин көңүлүмдө өтө оор ишенбестик менен коркууну көтөрүп жүргөм. Ошондуктан мен лекциямды дароо “асманга атылган эскертүү огу” сыяктуу: “АКШнын тарыхына тиешелүү бул кыска курста биз Американы эң кудуреттүү аскердик дөөлөт кылган окуяларды талдап чыгабыз”, - деген билдирүүдөн баштадым. Дароо бириси кол көтөрдү.

“АКШ дүйнөнүн эң кудуреттүү аскердик дөөлөтү эмес”, - деди Виктор деген жаш жигит.

“Анан кайсынысы анда?”, - деп сурадым мен.

“Орусия”, - деген жооп алдым.

Жакында Путин бул пикирди колдоп, Орусиянын “дүйнөнүн каалаган чекитине жете алган” канаттуу ракеталары бар экенин билдирди. Ал сөзүн батыш мамлекеттери “жаңы жагдайды эсепке алып, мунун апыртма эмес экенин түшүнүүлөрү керек” деп улады. Орустар эмнеге бул оюнан кайтпай жатышат? Алар Украина, Сирия жана Батыш Европада эмнеге АКШга чакырык ташташууда?

Бул суроолордун жообу эч ким олуттуу карагысы келбеген тарыхта жатат. Мисалы Путиндин 2005-жылы “Советтер Союзунун ураганы 20-кылымдын эң ири кыйроосу” дегени, анын акылын кандай алаңгазарлык жана башаламандык багынтып алганынан кабар берип турат. Заалым, бузуку империянын урап түшкөнүн кайсыл соо акыл өкүнүч менен эскерет? Бирок эскергендер көп. Мисалы жарандык согушу 1992-жылдан 1997-жылга чейин созулуп, 100 миңден ашык кишинин жанын алган муруку советтердин борборазиялык республикасы Тажикстан. Же 1991-жылдын декабрынын бир таңында төшөктөн туруп, өздөрүн көз-карандысыз Орусиянын сыртында калганын уккан 25 миллион орус. Армян-азербайжандык согуш, Грузиядагы жарандык кагылыш, чечен согуштары, Кыргызстандагы этникалык башаламандык, Өзбекстандагы исламдык агрессиянын өсүүсү, 1993-жылы рубль түшүп кеткенде, миллиондогон киши ачка-ток калганы тууралуу эч нерсе билбей туруп, батыш журналисттери Путинди жогорудагы билдирүүсү үчүн жемелеп, аны нео-советтик империализмдин көрүнүшү катары сунушууда.

Василий жана Виктор менен сүйлөшкөндөн бир нече күн өтпөй, туалеттин дубалында чоң тамгалар менен жазылган: “Ельцин Клинтонго ыйманын сатып жиберди”, - деген билдирүүнү байкадым. Мен 1990-жылдары Орусия менен орусиялыктарды түшүнсөм деп батыш прессасын көп окугам, бирок дубалдагы бул жазуу мен үчүн макала менен китептерден да көп түшүнүк берди. Ельциндин кыйроого алып барган башкаруусунан пайда тапкан Батыштын өкүлдөрү орусиялыктар 1990-жылдары “демократия”, “либералдуулук” жана “батыш баалуулуктарынан” катуу сууп калганына, балким, анча ишене беришпейттир. Путин муну жакшы түшүнөт. Анын популярдуулугу менен Орусиянын дүйнөлүк аренага кайтып келүүсү –Советтер Союзун кайра түзүп, кансыз согушту жандантуу максатынан өтө эле алыс. Бул, көбүнчөсүн, Путиндин өзүнө гана таандык жолду жиреп бара жатканынын натыйжасы.

Батыштын болгон көйгөйүн Путинге төңкөй салуунун ордуна, АКШнын өкмөтү менен прессасы, Путин тизелеттирбестен, бутуна тургузуп кеткен Орусия менен иштөөнүн турмушка жакын жана ишке ашырууга мүмкүн болгон стратегияларын иштеп чыгуулары керек.

Дана Абизейд, CounterPunch, АКШ