Борбор Азия

​Жок дебейт: Кытай кантип 7 жылда Кыргызстандын негизги кредиторуна айланды

14 сентября 2018 г. 15:42 1339

Кыргыз Республикасы эгемендик алгандан тартып чет жактан карыз алып келген. Бирок буга чейин алардын айынан көз-карандысыздыктан айрылып калуу маселеси турган эмес. Коомчулук негизги насыя берүүчү стратегиялык объекттер менен кен байлыктарды алып жаткан Кытай болгонунан чочулап турат

2010-жылы Кыргызстандын Кытайдан алган каражаты жалпы карыздын 5,7%ын (150 млн доллар) түзгөн. Андан кийинки жети жыл ичинде Кытай Эл Республикасына карыз 41,6%га (1,7 млрд доллар) жеткен. Коопту абалды алдын алуу максатында 2018-жылы өкмөт бир тарапка карыз болууну 50% менен чектөө чечимин кабыл алган. Бул чекке Кытай гана жакындап турат.

Мамлекеттик карыз өсүп келгени менен ал Ички дүң өндүрүмдүн 55-65%ынын чегинде калууда. Бирок “эмне үчүн Кыргызстан акыркы жылдары Кытайга гана кайрылып туруп алды” деген суроо акылдан кетпейт.

2018-жылдын 31-июлундагы маалымат боюнча, Кыргызстандын карызы 4 млрд 415 млн доллар болгон, анын 1,7 миллиардын Кытайдын Экспорт-импорт банкына (Эксимбанк) карыз. 2010-жылдан бери жалпы карыз 1,6 эсе өскөнү менен Кытайга карата 11 эсе жогорулаган. Дал ушул жылдан тартып Бишкек Пекинден карыз алууну көбөйткөн.

Кытай берет...

Кытайдын насыя берүү шарттары жеңил. Америкалык белгилүү Brookings изилдөө институтунун «Is China’s Development Finance a Challenge to the International Order?» аттуу баяндамасында Кытай "ийкемдүү жана бюрократиялык тосоттору төмөн насыя берүүчү" деп белгиленген. Ал инфраструктуралык долборлорду башка каржы-насыя институттарына караганда тез жыйынтыктайт.

Мисалы, деп жазат Brookings институту, Дүйнөлүк банктын талаптары майда-чүйдөсүнө чейин жазылып, насыя алуучуга түшүнүксүз жерлери көп. Ал боюнча, өкмөттүн эсебинен сырттан тартылган эксперттер, көп чыгым талап кылган узак мөөнөттүү изилдөөлөрдү жүргүзүүсү керек. Талаптардын ичинде кеңири консультациялар, болгон маалыматты болушунча ачып берүү да кирет. Ансыз долбоор алдыга жылышы мүмкүн эмес.

Мунун баарын эске алганда, өнүгүп бара жаткан өлкөлөр ири инфраструктуралык долбоорлорго Кытай насыя бере баштаганына сүйүнүштү. Кытай ийкемдүүрөөк жана бюрократиясы аз кредитор катары карала баштады. Бирок Brookings институтунун адистери мындай насыя башында жеңил болгону менен долбоордун кийинки этаптарында кооптуу жагдай пайда болоорун белгилешкен.

Насыянын жеңил шарт менен берилгенин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси да моюндаган. Бишкектин ТЭЦи боюнча маалыматтык жыйында ал кыргыз тарап акчаны эмнеге жумшаары менен Пекин башын оорутпайт деген ой айткан. Кытай өз акчасын үстөгү менен кайтарып алууга гана кызыктар.

“Туруктуу экономикалык өсүүнүн натыйжасында, Кытайдын 2000-жылдардан тартып башка өлкөлөрдү каржылоого мүмкүнчүлүгү пайда болду, - дейт мурунку каржы министри, парламенттин депутаты, экономика илиминин доктору Акылбек Жапаров. – Эксимбанк техника-экономикалык негиздемени талап кылбастан, жеңил шарттар менен насыя берет. Бирок насыянын өзүнө коюлган талаптар катуу: насыялар 2% жылдык үстөк менен 20 жылга чейин гана берилет. Бардык талаш-тартыш Кытайда, кытай мыйзамдарынын негизинде чечилет. Ошондуктан 2000-жылдардан бери Акаев да, Бакиев да, Отунбаева да Кытайдан насыя алышкан эмес. Кийинки президент гана өз мөөнөтүндө Эксимбанктан 2,1 млрд карыз алганга үлгүргөн. Дүйнөлүк банк, АБР, ЕБРР 2-3 жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин, техника-экономикалык негиздемени талдап, каражатын кайтарып алаарына көзү жеткенде гана беришет. Бирок алар насыяны 40 жылга берип, кошумча 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөттөн кийин гана үстөк төлөтөт. Негизги сумма 15-18-жылынан баштап чегерилип кирет. Алардын үстөгү 0,75%дан ашпайт”.

Батыштан насыя алыш үчүн өлкөлөргө катуу экономикалык жана адептик стандарттар коюлат. Кытай берген миллиарддаган насыясына мынчалык жогору талаптарды койбойт.

...бирок башкача талаптары бар

Америкалык VOX басылмасы Кытай насыя берүү аркылуу өзүнүн “Бир кырчоо – бир сапар” деген ири долборун ишке ашырууда дейт. Ал КЭРди дүйнөлүк соода-сатыкта үстөмдүк кылган ири дөөлөткө айлантат. Ошондуктан Пекин катуу талап коюлган, жеңил насыяларды берет.

КРдин мурунку каржы министри Акылбек Жапаров Бишкектин ТЭЦине тиешелүү насыя келишиминин кээ бир беренелерин “Азаттык” менен бөлүшкөн:

7.2.-берене: Жогоруда каралган факттар пайда болсо, Насыя Берүүчү Насыя Алуучуга жазуу түрүндө билдирип, Насыяны токтотуп жана/же, кандай болбосун юридикалык талап койбостон, Негизки Сумма менен үстөктү жана келишимде каралган башка төлөмдөрдү дароо төлөп берүүнү талап кыла алат.

8.1.-берене: Мунусу менен Насыя Алуучу кандай болбосун арбитраждык жараянга жараша бийликке же башка нерселерге негизделген артыкчылыктарынан жана өз мүлкүнөн баш тартат.

8.4.-берене: Бул Келишим менен бул Келишимге тиешелүү тараптардын укуктары менен милдеттери Кытай мыйзамдарына жараша жорулуп, тескелүүсү милдеттүү.

8.5.-берене: Бул Келишимге байланыштуу кандай болбосун талаш-тартыш сүйлөшүү менен чечилүүсү керек. Эгер тараптар мунасага келе албаса, чечим чыгаруу үчүн ар бир тарап талаш абалды Гонконгдук Эл Аралык Арбитраж Борборуна жиберүүгө акылуу. Чечим Эл аралык Соода Палатасынын арбитраждык регламентине жараша чыгарылып, талашты чечүү арызы берилген убакытты камтуусу керек. Арбитраждык чечим эки тарап үчүн тең акыркы жана милдеттүү болуусу шарт. Чечим Гонконгдо чыгарылуусу керек.

Мындан сырткары насыялар кытай компаниясы тарабынан иштетилүү шарты менен берилет. Бул тууралуу камакка алынганга чейин “Азаттыкка” мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев: “ТВЕА кайдан чыкты? Кытай тараптан нота келген: Эксимбанктан каржы сураганыңардан иштөөчү компанияны да биз беребиз. Бул байланган насыя. Алар бул акчаны Кытайдын товарлары, өндүрүүчүлөрү жана куруучуларына берет”, - деген.

Кытайдан алынган ири насыянын баарын кытай компаниялары өздөштүргөн:

- “Түндүк-Түштүк” кошумча жолуна Эксимбанк 400 млн доллар берип, China Road куруп жатат;

- “Датка-Кемин” электр чордону, 208 млн доллар, ТВЕА;

- “Датка-Кемин” электр чубалгылары, 389 млн доллар, ТВЕА;

- Бишкектин ТЭЦи, 386 млн доллар, ТВЕА.

Башкача айтканда, Кытайдын акчасы Кытайга кайткан. Кыргызстан бул каражаттарды иштете албайт.

Эми эмне болот?

Насыяларды төлөө керек. Бирок кыйынчылыктар алдыда. Акылбек Жапаровдун эсеби боюнча, карыз төлөөнүн оордугу 2025-2029-жылдарга туш келет. Ал жылдары 320 млн доллардан төлөп туруу керек болот. Анын көбү Кытайдын насыяларын жабууга кетет.

“Аталган беш жылдыкта 1,531 млрд долларды, же төлөөгө кеткен жалпы 37 жылдагы сырткы карыздын 35%ын, чегерип берүү керек болот. Мында Кытайдын насыяларынын төлөмү жалпы төлөмдөрдүн 59-71%ын түзөт. Акча менен алганда, Кытайга жыл сайын 190дон 215 миллионго чейин доллар төлөп туруубуз керек”, - деп эсептеп чыккан Жапаров.

The Wall Street Journal басылмасына чыккан изилдөөдө, анын авторлорунун бири – Скотт Морис: “Кытайдан карыз алган өлкөлөр насыясын төлөй албай калса, кытай бийлиги Эл Аралык валюта фондун, АКШ менен башка жеке насыя берүүчүлөрдү четке жылдырып, каржы чечимдеринин чордонуна өтүүсү мүмкүн”, - дейт.

Бирок, өлкө башында турган кезинде Кытайдан карыз алуу эселеп арткан, мурунку президент Алмазбек Атамбаев аналитиктердин ою менен макул эмес. “Мен улуу кытай лидери Си Цзиньпин менен толук макулмун. Ал үстүбүздөгү жылдын апрелиндеги эки тараптуу жолугушуу учурунда мага: “Биз силерге чын дилибизден жардам берип жатабыз. Биз силердин өлкөнүн өсүп-гүлдөгөнүн каалайбыз”, - деген”.

Ырысбек уулу Улукбек, Азаттык, Экономика

Макала кыскартылып которулду. Түп нускасы бул шилтемеде.