Жорум

​Эрдогандын чыныгы жүзү же түрк бийлигин колдонуу инструкциясы: Башталыш-2

13 сентября 2018 г. 22:21 10273

Саресеп сайты “саясий исламдын” көрүнүктүү ишмери, Түркиянын президенти Тайып Эрдоган баш болгон түрк аткаминерлеринин өз калкы жана куралдуу күчтөрүнө кылган кылымдын эң чоң провокациясы жөнүндө макала сериясын улантат. Сөз 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүш аракети жөнүндө болмокчу. Окуйлу, ойлонолу, өлкөбүз менен улутубуз үчүн колдон келген жакшылыкты аткарганга шашылалы.

Түрк президенти менен анын Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын аткаминерлери дүйнө саясаты үчүн барган сайын “токсичный” (ашкере уулуу) абалга келе баштады.

“Токсичный” термини жакынкы убакта, колдонууда өзгөчө этияттык керек болгон химиялык заттарга гана эмес, саясий ишмерлерге, ишкерлерге, ишканаларга жана алардын баалуу кагаздарына да айтылып калды.

Дүйнөдөгү оорду менен салмагы күчтүү болгондуктан бир тараптуу киргизген санкциялары дүйнөлүк масштабда кедергисин тийгизген АКШ ашкере уулуу объекттерди пайда кыла баштады. Мисалы Кошмо Штаттары бир ишкерге каршы санкция киргизсе, анын өзү, ишканасы жана баалуу кагаздары токсикалык абалга келет. Ошондуктан мындай киши менен анын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга аргасыз болсоң, "ууланып" калбаш үчүн аны атайын жолдомого жараша колдонууң керек болот.

Жеке анын гана чечимдери ишке ашкан, ал айткан киши гана мамлекеттик макамга келген учурдагы түрк президенти Эрдоган жана анын аткаминерлери дал ушундай ашкере уулуу затка айлана башташты.

Ушул маалда Тайып Эрдоганга каршы АКШда эки кылмыш иши даярдалып, саясий чечимди гана күтүп турат. Биринчиси, Иранга каршы киргизилген эмбаргону бузуп, өзү жана жакындары миллиарддаган доллар пара алганы, экинчиси, динаятчы Фетхуллах Гүленди Кошмо Штаттарынан уурдап чыгып кетүү үчүн, ал кезде Дональд Трампка жакын болгон, генерал Майкл Флиннге 500 миңдей доллар пара бердиргени тууралуу айыптоолор. Мындан сырткары түрк бийлигинин Сириядагы террорчулардан мунай алып, анын ордуна курал сатып берип турганы тууралуу Орусиянын 2016-жылы февраль айында Бириккен Улуттар Уюмуна берген рапорту да өз кезегин күтүп турат.

Бул себептен улам кыргыз бийлиги түрк жетекчилери менен мамиле куруп, кызматташканда, алардын дүйнө саясатында ашкере уулуу абалга келгенин эстеринен чыгарбоолору керек.

***

Ондогон жылдар мурун, Эрдоган бийликке келип, көчүгүн бекемдеп алган кезден баштап эле Хусейин Челик, Ялчын Акдоган, Жемаль Өзтүрк сыяктуу анын медиа менен байланышы бар аткаминерлери көз-карандысыз медиаларга да чалып, “телеңерде ушундай кабар чыкты, андан раис (Эрдоган) нааразы” же “подтемаңарда ушундай сөздөр кетти, жорумуңарда тигиндей нерсе бар” деп күндө чалып турчу. Мисалы бир журналист айым Эрдогандын “ак нан жебеш керек” деген сөзү тууралуу, “кайсы нанды жээрибизге саясатчылар аралашпасын, ал биздин жеке ишибиз” маанисинде макала жазса, Эрдоган жеке менчик гезиттин кожоюнун чакырып алып, “бул катынды жумушан айда” деген талап койгону бар. Аялы Эмине Эрдоган бир телеканалда дикторлук кылган келиндин кийимин жактырбай, бирилери аркылу “ханым-эфенди бул диктордун кийимин жактырбай, туура эмес көрдү” деп чалдырган.

Аскердик төңкөрүү аракетинен кийинки ушу күнгө чейин чыккан фактыларга да таянып, бийликке ийлип берип, анын камчысын чапкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) башчылары 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүү аракети (АТА) тууралуу бир нече ай мурун кабары болгонун коркпой эле айта берсе болот. Мындай тузак даярдалып жатканын билип, ошого жараша редакциялык саясат жүргүзүп, даярданышкан. Калкка жакында төңкөрүү боло тургандыгы тууралуу макалалар менен материалдарды даярдап сунушкан.

АТА башталаар алдында күчтүү масс-медианын дээрлик баарысы Эрдоган жана жакындарынын көзөмөлүндө болгон. 20-25 жыл бою Тайып Эрдоган менен бирге иштешип, учурда ага оппозицияга өткөн журналисттер мындай ЖМКлар аркылуу калкты төңкөрүшкө даярдоо Эрдогандан суралбай туруп ишке ашуусу мүмкүн эместигине бөркүндөй ишенишет. Тайып Эрдоган бакма баласы болуп калган медианын тема менен спотторун бул жакка кой, подтемаларына чейин киришип келген. Анын атасындай курактагы редакторду урушуп, ыйлатканы интернетке чыгып кеткени баарына маалым.

Мына ушундай, Эрдоган редактордук саясатына ийне-жибине чейин кийлигишкен ЖМКлар, АТА алдында Фетхуллах Гулендин жамааты төңкөрүшкө барат деген маанай пайда кылган.

2015-жылы Түркияда “17/25-декабрь окуялары” деп аталып калган, Эрдоган өкмөтүнүн төрт министри балдары менен жана Эрдоган менен уулу Билал аралашкан паракорлук кылмыш иштеринин бети ачылгандан кийин эле учурдагы түрк бийлиги ак иштеген журналист, полис, адвокат, прокурор жана сотторго тиш кайрап калган. Ошол кезде түрк бийлигине жакын бир телеканалдын аналитигинин “17/25-декабрь окуялары чындык болсо да, "Хизмет" жамаатыныкын туура дебеш керек” деп саймедирегени бар.

Мындай көзүнүн кареги менен бир тегеренген масс-медиа аркылуу Эрдоган өзүн пир туткан 35-40% шайлоочусун каалаганындай ойнотуп келет. Учурда түрк бийлигинен сырткары “эркин” делген, бирок Фетхуллах Гүлендин диндар “Хизмет” жамаатына эзелтен тишин кайраган социалист топторунун гана медиасы калды. Алар Эрдоганды чектүү сындаса да күн санап ишмердиги кысылып, чекесинен жабылып же түрк бийлиги менен АТАдан кийин жакындашып кеткен ашкере улутчул же орусчул-евразиячыл топтордун колуна өтө баштады.

Ошондуктан ачык эле: “Бизге сын айткан Хизметке жана башка топторго жакын кишилердин оозун жабыш үчүн мындай жасалма АТАга бардык. Албетте, 250 киши өлгөнү жакшы болгон жок, бирок башка эмне кылмак элек”, - десе да шатыратып кол чаап, “вай, саясий акылмандыкка кара!” деп алкап алчу 50%га жакын түрк калкы бар.

Атайын уюштурулган АТАдан кийин Эрдоган партиялык жыйындарынын биринде “качкандары качты, качпагандары кылтагыбызга түштү” дегени, жана теледен апачык эле “бул бизге Кудай өзү берген белек болду” сөздөрүн мындай топтор сүйүнүп кабыл алышты. Түрк калкынын бир бөлүгүнүн мындай абалына клиникалык диагноз коюлушу керек. Ошондуктан орус учагы менен учкучун аттырып салган түрк бийлиги жөнүндө Орусия президенти Владимир Путиндин “Аллах аларга эң чоң жаза берди – акылын алып салды” дегенин жана КРдин мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин “психиатрга көрүнсүн” деген сөзү Эрдоган менен аткаминерлери гана эмес, түрк калкынын жарымына коюлган диагноз десек ашыкча болбос.

Алгачкы макалабызды бул шилтемеден окуңуз.