Батыш

​Катар Германиянын газ майданына Орусия менен тирешүүгө чыккансыйт

13 сентября 2018 г. 14:37 920

Германия Федеративдүү Республикасы (ГФР) суюлтулган газ толтурулган танкерлерди кабыл алышы керекпи? Вашингтондун “Северный поток-2” долбооруна каршы чыгуусу менен бирге Доханын каражат сунуштаганы, буга чейин ооздун учу менен айтылып келе жаткан сүйлөшүүлөрдү дароо кызытып жиберди

Эң ири газ импортчусу болгону менен Германия алиге чейин суюлтулган табигий газды (СТГ) кабыл алуучу терминалы жок Евробиримдиктин жалгыз ири өлкөсү бойдон калууда. Мисалы мындай терминалдар Франция, Англия, Италия, Испания, Польша жана Нидерландда гана эмес, кенедей Литвада бар.

Германия курдан келген газга көнүп алган

Буга чейин мындай муктаждык жок болчу. Өлкөгө керектүү газды немис компаниялары он жылдап калыптанып калган жер же суу алды өткөн куурлар аркылуу Орусия, Норвегия менен Нилерланддардан алып келет. Газпром менен анын европалык өнөктөштөрү “Северный поток-2” куурун салып бүтсө, газ жеткирген желе ого бетер тармакташат.

Мынча тармакташкан куурлардан газ келип жаткан соң, миллиондогон евро жумшап, суюлтулган газды кайра адаттагы газга айланткан терминал салуунун кажети деле жок болчу. Тактап айтсак, СТГны кабыл алуучу терминалдын керек-керек эмесине буга чейин Германияда эч ким олуттуу көңүл бурбай келген.

Эми бул ооз учунан айтылган сөздөр дароо жанданды. Мындай жанданууга Катардын эмири Хамад Аль Тани менен АКШнын президенти Дональд Трамп себепкер болушту окшойт. Расмий Берлин да бул маселени сүйлөшүүгө даяр экенин дароо билгизди.

Qatar Petroleum немис базарына кирүүгө даяр

ГФРге расмий зыяратка келген эмир 7-сентябрда Германия менен Катардын ишкерлери менен жолугушуу учурунда өлкөсүнүн жакынкы беш жылда немис экономикасынын түрдүү тармагына 10 млрд евро сарптоогоо даяр экенин билдирген. Эмирликтин маалыматы боюнча, немис компанияларынын акцияларын сатып алууга Катар буга чейин 25 млрд евро жумшаган. Алардын арасында унаа чыгаруучу Volkswagen, технологиялык концерн Siemens, Deutsche Bank каржы институту менен Hapag-Lloyd логистикалык компаниялары бар.

Эми суюлтулган газды эң көп экспорттогон Катардын көңүлү немис энергетикасына түшкөн. Эмирдин зыяраты алдында мамлекеттик Qatar Petroleum (QP) компаниясынын башчысы Саад аль-Кааби немис ишкерлеринин Handelsblatt гезитине: “Биз немис СТГ терминалын салууга чын эле кызыктарбыз, ошондуктан бул багытта иштеп жаткан Uniper жана RWE компанияларынын экөөсү менен бирдей сүйлөшүп жатабыз”, - деп ачык эле айткан.

“Биз Германияга газ жеткирүүчү тараптын бири болууну каалайбыз. Эгер Германия СТГ терминалын салып, түрдүү булактан газ менен камсыздалууну кааласа, биз Катар жана QP компаниясы аркылуу башка өлкөлөрдөн газ жеткирүүгө даярбыз”, - деп улаган сөзүн Саад аль-Кааби. Мунусу менен түз эле америкалык суюлтулган газга ишарат эткен. Анткени катардык компания АКШда СТГ өндүрүүгө ири каражат жумшаган жана, албетте, аны сатууга жаңы базарларды караштырууда.

Ангела Меркелге суюлтулган газ жагат

Берлин Доханын тийишикенин жактырды. Конференциянын ачылышында эмир менен бирге сөз алган Германиянын канцлери Ангела Меркель, Катардын немис экономикасына кирүүсүн жалпысынан кубаттап, өлкөсүнүн орто бизнеси дүйнөлүк атаандаштыкта чыдамдуу жана ага инвестиция салуу пайдалуу экенин өзгөчө белгилеп кетти. Акыры энергетикалык кызматташууга өзгөчө токтолду.

“Менин оюмча, биздин экономикалык кызматташуубузга, айрыкча энергетикалык тармакта, дагы эле кеңири мүмкүнчүлүктөр бар”, - деп баса белгиледи Ангела Меркель. Катардын СТГ экспорттоочу катары чоң пландарын эскерген канцлер айым “суюлтулган газ дагы өзүнчө бир булак болгондуктан, энергетикалык коопсуздукту арттырат” деп айта кетти.

Бирок, деп канцлер, Нидерланд, Белгия менен Польшанын СТГ терминалдарына Германиянын кошулганын кошумчалады.

Дал ушул жагдай өзүнчө немис терминалын салуунун кереги жоктугуна негизги жүйө болуп келет. Евробиримдиктин бирдиктүү энергетикалык базарынын алкагында керектүү өлчөмдөгү газды коңшулардан сатып алууга мүмкүн болуп турса, ага өзүнчө акча жумшоонун эмне кереги бар. Ансыз деле алардын суюлтулган газ кабыл алуучу терминалдары дайыма эле жарым-жартылай бош турат.

Бирок “биз федералдык өкмөттө Германиянын суюлтулган газга тиешелүү инфраструктурасын өнөктүрүү боюнча да иштеп жатабыз” деп сөзүн улады Ангела Меркель. Буга байланыштуу ал немис компанияларынын СТГ терминалдарын куруу боюнча пландары бар экенин эскертип, Германияда энергетикалык сектордо акыркы сөздү саясий жетекчилик эмес бизнес сүйлөөрүн кошумчалады. “Немис ишканалары, албетте, экономикалык көрсөткүчтөргө карап туруп, газды сатып алуу чечимин кабыл алышат”.

“Северный поток-2” долборун аяктоо үчүн СТГ терминалы

Акыркы сөз Дохадан келген конокко эмес Вашингтондогу Дональд Трампка багышталды дейт серепчилер. Анын орусиялык куур газынан кымбатыраак америкалык СТГны сатып алууга европалыктарды үндөп жатканы маалым.

Кандай болбосун, расмий Берлиндин СТГ терминалын салууну колдоп жатканы Меркелдин сөзүнөн билинди. Андан сырткары бул идеяны саясий жактан ачык колдоону - “Северный поток-2” газ кууруна санкция киргизем деген АКШ президентин жумшартууга аракет - деп да жоруса болчудай.

“Северный поток-2ге” тоскоол болбосо, СТГ терминалын салууга уруксат берилет. Атаандашы пайда болгонуна карабай, мындай айырбаштоо Газпромго да жакчудай көрүнөт.

Брунбуттель тандалып алынгансыйт

Немис өкмөтү бул жерде эч нерсе уттурбайт. Долбоорго акча казынадан эмес жеке немис компаниялардан чегерилмекчи. Түндүк деңизинин жээгинде салынган мындай жогорку технологиялык курулуш региондун дүркүрөп өсүүсүн шарттамак. Мындан сырткары ГФР, куур аркылуу, айрыкча Орусиядан келген газга, көз каранды болмок эмес.

Маселе канчалык бышкан? Саад аль-Каабдын маегинде аталган эки немис компаниясынан RWE гана үн катты. Анын пресс-кызматы: “Биз Qatar Petroleum менен Германияда СТГ терминалын салууну сүйлөшкөн жокпуз, бирок газ келишимдеринин үстүндө иштеп жатабыз”, - деди.

RWE, көп узатпастан, орустар менен бирге “Северный поток-2ни” салып жаткан Gasunie компаниясы жана Гамбургдун Oiltanking жана Роттердамдын Vopak компаниялары негиздеген German LNG Terminal фирмасы менен бирге Брунбуттельде терминал салуу боюнча келишим түзгөнүн да дароо билдирди.

Ошентип эмирдин келиши жана Катардын олбурлуу аракеттери же бул терминалдын, же Төмөнкү Саксониянын Вильгельмсхафенинде СТГ терминалын салууну тездетмекчи.

Deutsche Welle, Германия