Кытай/Индия

Батыштан жүз үйүрүп, Чыгышка беттенүү: Кытай армиясы орус аскерлери менен машыгууда

12 сентября 2018 г. 16:48 843

Бул аптада жүздөгөн орусиялык жана кытайлык танк, тик учак, тез учак (истребитель) менен миңдеген аскер Орусиядагы аскердик машыгууга катышууда. 1981-жылынан бери боло элек мындай машыгуу эки азиялык өлкөнүн кубаты менен биримдигин көргөзмөкчү.

Совет блогуна кирбеген өлкө менен кансыз согуштан бери биринчи жолу өткөрүлүп жаткан мындай машыгуу Москва менен Пекиндин стратегиялык биригүүсүнө ишарат берип турат. Муну Орусия-Батыш мамилесинин начарлашы шарттап, региондогу геосаясатты кайра жаңыча куруп чыгууга мажбурлашы мүмкүн.

300 миң аскер менен 40 миңдин тегерегиндеги танк жана башка калың сооттолгон техника катышкан, жети күнгө созулчу “Восток” аттуу аскердик машыгуу Владимир Путин менен Си Цзинпиндин шейшембидеги Владивосток шаарындагы жолугушуусуна дал келди. Бул эки иш-чара Орусиянын чыгышка активдүү жүздөнүп, кубаттуу коңшусу менен биригүү аракетинин алкагында өтүп жатат.

Москванын Карнеги борборунун “Россия в Азиатско-Тихоокеанском регионе” программасынын жетекчиси Александр Габуев: “Өтө сүрдүү көрүнөт. Бул кеңири машыгуу сырткы күчтөрдүн кол салуусуна жооп катары мерчемделген. Ондогон жылдар бою мындай коркунучтун бири Кытай болчу. Ошондуктан анын чакырылганы, мындан кийин Кытай башка агрессорлорго каршы күрөштө өнөктөш катары карала баштаганын айтып турат”, - дейт.

Акыркы жүз жылда Орусия менен Кытайдын 4,5 миң чакырымдык чек арасында кагылышуулар орун алып, эки тараптын араздашуусуна жол ачып келген.

Бирок акыркы жылдары өлкөлөр содда-сатык, энергетика, инвестиция жана коопсуздук тармактарында кызматташуусун арттырып, орусиялык энергетикалык долбоорлорду кытай банктары каржылап, мунай-газ соодасы артып, бирдиктүү аракеттерге жол ачылган.

Мындай кызматташуу Си Цзинпин менен Путиндин достук мамилесинен күч алып, 2014-жылы Батыш Москвага каршы тосмокторду (санкция) киргизгенде өзгөчө жанданган.

Саясий тобокелчиликтерди изилдеген GPW консалтинг компаниясынын ага аналитиги Флоренс Кэхилл: “Пекин да, Москва да соода-сатык согуштары менен тосмоктор аларды жаңы альянстарды түзүүгө түртө берээрин көрсөткүсү келет. Алардын аң-сезими Кошмо Штаттары баштаган дүйнө тартибине каршы калыптанып, Москва менен Пекиндин ар тармактуу кызматташуусу араздашуусунан оор тартып кете берүүдө”, - дейт.

Орусиянын чыгышындагы Сибирдеги жана чыгыш жээктериндеги кеңири машыгууда кытай тараптан 3200 аскер менен учак, тик учак жана жердеги техниканы алганда, жалпысынан 900дүн тегерегинде техника катышмакчы.

Жыл сайын Орусиянын төрт аскердик аймагынын биринде өткөн машыгууда чет элдик держава менен салгылашуу ойнолот. Мурунку жылдары Кытай менен Польшага кол салуу жортуулдары иштелген.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкаруучусу Валерий Герасимов: “Абаадан жапырт сокку уруу, канаттуу ракеталар менен күрөшүү, коргонуу, чабуул, терең жортуул жана айланып өтүү иштелет. Абаа күчтөрү жердеги кошуундарды колдоо жана деңиз жээгин коргоо оюндарына катышат. Учактар менен тик учактар ракета жана бомбалар менен сокку урууну көнүгүшөт”, - деп белгилеген.

Си Цзиньпин менен Владимир Путин аскерлери машыгып жаткан учурда Жапониянын президенти Синдзо Абэ жана Түштүк Корейдин премьери Ли Нак Ён менен Владивостоктогу Чыгыш экономикалык форумун өткөрүшөт.

Бул сүйлөшүүлөр менен аскердик машыгуулар америкалык аскерлер регионду коргоого мындан нары да кол кабыш кылабы деген маселе туулуп, Түндүк Корейдин өзөктүк долбоору каралып, Пхеньян Корей жарым аралында АКШ президенти Дональд Трамптын ортомчулугу менен туруктуулукка аракет кылып жатканда өтүүдө.

Сеулдагы Кукмин университетинин коопуздук боюнча эксперти орус-кытай машыгуулары Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу аракеттерине кедергисин тийгизиши мүмкүн деген ойдо. “Бул машыгууларга Кытайдын катышканы АКШны тынчсыздантат, - дейт ал. – Эгер Кытай менен АКШнын мамилеси мындан нары да солгундап кете берсе, Түндүк Корей менен бирге өзөктүк куралдан арылуу аракетибиз аксай башташы мүмкүн. Азыр баарынан мурун кызматташуу керек эле”.

Согуштук машыгуунун максаты куралдуу күчтөрүн кеңири кагылышууга даярдоо экенин Москва четке какты. Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова: “НАТО мүчөлөрүнүн, Орусия кеңири кагылышууга даярданып жатат дегенине, өкүнүчтүүсү, көнүп деле бүттүк... Мындай божомолдорго эч кандай негиз жок”, - деди.

Согуш аналитиктердин ою боюнча, “Восток” машыгуусу эки өлкөнүн ортосундагы достуктун бекемдегенин көрсөткөндөн сырткары, жетекчилерине коңшусунун согуштук техникасы менен тактикасын баамдаганга мүмкүндүк берет.

Англис тилинде чыккан Moscow Defence Brief журналынын башкы редактору Михаил Барабанов: “Орусиялык аскерлер, албетте, Кытайдын согуштук тармагынын өнүгүүсүн баалап көрүүгө кызыктар. Бирок, менимче, орусиялык куралдуу күчтөр менен таанышуу кытайлыктар үчүн ого бетер кызыктуу, анткени орусиялык армия акыркы жылдары Украина менен Сирияда жана башка жерлерде согуштук тажрыйба топтоду. Кытай болсо 1979-жылдан бери эч ким менен согушпагандыктан салгылашуу тажрыйбасынан куру жалак калган”, - дейт.

Саясатчылар Кытай менен Орусиянын кызматташуусуна кеңири жол ачуу камын көргөнү менен эки өлкөнүн генералдары, буга чейинки душмандыкты эске алып, шымаланып достошуп кетишпейт.

“Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Генштабы баласынып, мындай машыгууну узак мөөнөттүк биригүү деп эсептебейт деген ойдомун, - дейт Габуев. – Албетте, өз ара кооптонуу болот. Бирок Кытайга карата жалпы стратегиялык өңүт өзгөрдү”.

Генри Фой, Financial Times, Британия