Ара жолдогу мамлекет

​Байыганга мүмкүнчүлүгү бар болуп туруп жакырлыкка баткан арабдар

11 сентября 2018 г. 13:36 1730

Азия эскиден келе жаткан өз-ара араздашуусун аркага жылдырып, билимге, соода-сатыкка, киши ресурстарын байытууга көңүл бурганда бакубат турмушка жетти. Кээ бир өлкөлөрү узак мөөнөттүү, туруктуу бейпилдикти шарттаган мыйзам үстөмдүгүн да орното алды. Азиянын көп өлкөсү табигий ресуртарга мол болгону үчүн эмес, киши капиталын колдоно билгендигинен өсүп-өндү. Алар жарандарына өз мүмкүнчүлүктөрүн болушунча толук ишке ашырууга жол ачып беришти.

Бирок Жакынкы Чыгыштын киши ресурстарынын деңээли жөнүндө кино тасма тартсаңыз, аны “Эбегейсиз жакыр араб журту” деп атаса болот. Бирин-серин соо турган мамлекетинен башкасынын шаарларынын таш-талканы чыгып, согушкан тараптар колунда бар мүмкүнчүлүктөрүнөн да ажырап жатат.

Кендерге бай бул регион өтмүшүнө келечегин көмдүрүп, жакырчылыктан арыла албай келет, тескерисинче, керектүү заттарды сырттан сатып алган, бирок келечеги үчүн өтмүшүн көмгөн азия байыды.

Бир чекесинен талдап баштайлы. Тетири аскердик жана диний таасирин Йемен, Ирак, Ливан менен Сирияга жугузган Иран, өзү көтөрө албачу аракеттерге белсенип алды. Ал Сирияда алавит/шиит Башар Асад режимин колдоп, өлкөнүн суннийлерин кырып жоготууга катышып, аларды шииттештирүү аркетинде. Бул жийиркеничтүү иш. Мындан сырткары ирандыктар Сирияны Израилди ракета менен аткылоочу базага айлантуу аракетинде.

Иранга кошулган Орусия өткөн шейшембиде Идлиб өрөөнүн бомбалай баштады. Бул кеңири аймакта Асаддын химиялык жана башка чабуулунан качкан жүз миңдеген сунний качкындар корголоп олтурат.

Трамп Твиттерге: “Сириянын президенти Башар Асад Идлиб өрөөнүнө өзү билгениндей чабуул коё албайт. Орусиялыктар менен ирандыктар бул каргашалуу окуяга катышса, олуттуу гуманитардык ката кетиришет. Жүз миңдеген киши кырылышы мүмкүн. Буга жол бербегиле!”, - деп жазган.

Трамп твитти менен кайсыл чектен өтпөө керектигин чийгенсиген. Бирок Орусия менен Иран АКШ менен Израилге: “Жерде согушкерлериңер жок болгон соң, үн катууга да укугуңар жок. Биз ва-банк кеттик. Иран, Асад жана Орусия аны укпай койсо, Трамп эмне кыла алат?”, - дегенсийт.

Буга чейин Трамптын командасы эмне кыйратты? Алар АКШнын элчилигин Иерусалимге көчүрүп, Бенжамин Нетаньяхунун улутчул өкмөтүнөн мындай белеги үчүн бир да нерсе талап кылбады.

Трамп Нетаньяхудан ал белеги үчүн, арабдар жашаган Иордан дайрасынын батыш тарабына эч качан жөөттөрдүн жаңы конуштары курулбайт, деген сөз алса жарашат эле. Бул тынчтык орнотууга чоң көмөк болмок. Колдон келип туруп, бейпилдик үчүн соодалашпоо акмактык эмеспи?

Тескерисинче, Трамптын командасы суу тазалоо боюнча Палестинага буга чейин берилип келген жардамды токтотуп, эзели бир да сөзүнө турбаган Нетаньяху менен сүйлөшпөйсүңөр деп, палестиндерди жазалап жатат. Мындан сырткары, Иордан дайрасынын батышы менен Газа секторунда элди жумуш менен камсыздап, палестиндерге светтик билим берип келген Works Agency компаниясына да жардамын токтотту.

Тармп палестиндерди мазактап, Израилге сес көрсөтпөсөм эле иштер оңунан чыгып кетет деп ойлойт. Жок, иш тетири кетет. Палестин бийлиги толугу менен урап түшүүсү мүмкүн. Ал ансыз деле алсыз жана паракорлукка белчесинен баткан. Палестин өкмөтү урап түшсө, кандайдыр бир бийлик орнотуу кыйын болуп калат. Андан кийин ошол эле Изарилдин шору катат.

Эми Сауд Аравиясына келели. Тактыга талапкер ханзаада Мухаммед ибн Салман жеке өзү олуттуу коомдук, диний жана экономикалык реформаларды демилгеледи. Бирок, кайра эле жеке өзү, агрессивдүү тышкы саясатка өтүп, өлкөнүн элитасын күчкө салып, ашыкча чыгымдарга барды. Бул бир эле ханзааданын түрдүү жүзү. АКШ анын жаман сапаттарын басып, жакшы тарабына жардам бериши керек эле. Бирок ушуга чейин Сауд Аравиясына элчи дайындабаган Трамка анын ээнбаштыгы майдай жагат окшойт.

Демек, Сауд Аравиясында демократия, социалдык, экономикалык жана диний реформа жөнүндө сөз жок. Ибн Салмандын өкмөтү аялдарга жеңилдик берип, кээ бирин мамлекеттик кызматка дайындаган. 1979-жылдан кийин өзүнүн ашкере ислам формасын башка араб мамлекеттерге активдүү жая баштаган Сауд Аравиясын учурда сунний исламды ачык жана ортомчул нукка салууга аракеттенген лидер келгени АКШны кызыктыруусу керек эле. Бирок биз буга көңүл бурбадык.

Акыркы убакта ханзаада өзүнө, Сауд Аравиясына жана АКШга зыян тийгизген бир нече кадамга барды. Ибн Салмандын кулагын “кытайлык үлгүгө” түш деп ушалаган бир нече кеңешчиси бар. Кытай Түштүк-Кытай деңизине байланыштуу ниеттерин ачыктаганда дүйнө дүрбөдү, Кытай эч ким кийлишишпесин дегенде, дүйнө мыш болуп олтуруп калды. Ошондуктан Сауд Аравияда адам укуктары бузулуп жаткандыгы тууралуу Канада сылык-сыпай айтканда, Ибн Салман жинденип, аны менен алакасын үздү. Бул ашкере аша чабуу эмей эмине. Сауд Аравия Кытайга теңелбесин да, ага достор керек. Ал Шанхайга эмес, Дубайга окшогону жакшы. Болушунча жумшак, ашкереликтен алыс болуусу зарыл.

Өткөн жылдын августунда, бул региондун акылмандарынын бири Дубайдын өкүмдары шейх Мухаммед ибн Рашид Аль Мактум Сауд Аравиянын көңүлүн бурдурган көп твитт жазды. Алардын биринде араб дүйнөсүндө “ресурстардын эмес, башкаруу кризиси бар. Кытай менен Жапонияга карагылачы, табыгий ресурстары жок эле алар азыр кайда жетти? Мунайы, газы, суусу жана киши ресурстары бай өлкөлөр бар, бирок өнүккөндү бул жакка кой, калкын жол менен электр кубаты сыяктуу негизги кызматтар менен камсыздай албай жатышат”, - деп жазылган.

Сауд ханзаадасы аялзатын башкарууга тартып, өзүнө жакшы жарнама кылып алганы менен, активисттердин башында турган сауд аялдарды каматканы баарын жууп кетти. Аларды Лондондогу сауддарга каршы топтор менен байланышы бар деп күнөөлөшкөн. Чын эле Сауд Аравиясына аялдар коркунуч келтирип жатабы? Сауд Аравия менен Бириккен Араб Эмираттары Йеменге куралдуу кийлигишкенде, сауддардын аба күчтөрү акылга сыйбаган одоно каталарды кетирип, согуштук кылмыш дооматынын алдында калчудай болуп турат.

Перс булуңунун туруктуулугу Сауд Аравиядагы өзгөрүүлөргө байланыштуу экени талашсыз. Бирок жаш сауддарга ылайыктуу жумуш тартуулаган ийгиликтүү жана ар тармактуу жеке секторду түптөгөн чет элдик жана ички инвестиция болбосо, өзгөрүү мүмкүн эмес. Тактыга талапкер ханзаада жаштарга таанымал. Бирок университетти бүтүрүп, иш таба албаган жаштардын көбү Сауд Аравиянын диний экстремисттеринин катарын толуктайт.

Жакындарынын кеңеши менен барган акыркы айлардагы кадамдарынан Ханзаада Мухаммедге инвесторлорду, шыктууларды жана акыйкатты айтуудан кайра тартпаган министрлерди ишке тартуудан да шектүү саясат менен коопсуздук маанилүүрөөк экени билинип калды. Ар бир кадамы туура көрүнүшү мүмкүн, бирок баарын чогуу караганда, анын жолдон адашканы билинет. Алар башаламандык жаратып, урматка татыбайт.

АКШ, ким болсоң да Жакынкы Чыгышта каалаганыңды жасай бер, деген сыяктуу мамиле кылбастан, Израиль, Орусия менен Сауд Аравияга аша-чабууларын чектеген сызыктарды чийип берүүсү зарыл. Алар экстремисттерге жок дегенде: “Ооба, биз силер мененбиз, бирок америкалыктар мындай кылганга уруксат бербейт”, - деп өз ооздору менен айтуулары керек.

Томас Фридман, The New York Times, АКШ