Жорум

​Эрдогандын чыныгы жүзү же түрк бийлигин колдонуу инструкциясы: Башталыш-1

9 сентября 2018 г. 17:08 4656

Дүйнө кайнап жатат. Түркия, Иран, Орусия жана Кытай сыяктуу күчтүү авторитардык бийлик орногон өлкөлөр биригүүдө. Борбор Азия, Казакстан, Волга жээги жана Кавказ интеллигенциясы 19-20-кылымдын чегиндегидей терең уйкудан ойгонууда. Толук ойгонуп, орус интеллигенциясы менен бирге өз бийликтерине таасир берип, Евразиянын биримдигин сактап калганга үлгүрөбү же өткөн кылымдагыдай мамлекетине чоочун болуп, бир бөлүгү өз өлкөсүндө жок кылынып, калганы сыртка качып изи биротоло сууйбу?

Жакында түрк бийлиги кыргыз ажосуна 130 агартуучу менен коомдук ишмерлердин ысмын берди деген маалымат тарады. Анда түрктөр менен бирге кыргыз интеллигенттеринин да ысымдары бар деген имиштер кетти. Өткөн кылымдын башында да түрк чалгын кызматы большевиктерге Евразиянын чыгаан жигит-кыздарынын тизмесин берген экен. Тарых кайталанууда...

Саресеп сайты “саясий исламдын” көрүнүктүү ишмери, Түркиянын президенти Тайып Эрдоган баш болгон түрк аткаминерлеринин өз калкы жана куралдуу күчтөрүнө кылган кылымдын эң чоң провокациясы жөнүндө макала сериясын баштайт. Окуйлу, ойлонолу, өлкөбүз менен улутубуз үчүн колдон келген жакшылыкты аткарганга шашылалы.

***

2018-жылдын 29-августунда Nokta журналынын мурунку кызматкери Жевхер Гүвен интернеттен бир документ таратты. Ал 2017-жылынын 15-июлундагы аскердик төңкөрүш аракети тууралуу түркия президенти Рэжеп Тайып Эрдогандын Адилет жана өнүгүү партиясынын (АӨП) мүчөлөрүнүн тергөө учурунда полистерге берген жооптору жазылган протокол болчу.

Бул документте кечки саат 21:30га жакын, башкача айтканда, төңкөрүш аракети баштала электе, партиянын мүчөлөрү райондук бөлүмдө жыйналганы айтылган. Демек, Эрдогандын партиялаштары каргашалуу окуя тууралуу алдын ала кабары бар экени документ менен тастыкталган.

Расмий маалымат боюнча, президент Эрдоган баш болгон АӨП өкмөтүнүн аткаминерлери төңкөрүш тууралуу бажасынан же жездесинен, же башка тууганынан уккан. Алар бизди мындай акылга сыйбаган нерсеге ишенишибизди каалап жатышат. Бирок чындык бизге таңууланган сценарийден өтө эле башкача болгон.

АӨПкө кирбеген калк, Фетхуллах Гүлендин жамааты менен кылтакка түшүрүлгөн аскерлерден сырткары, айрыкча бийликке жакын бардык кишилердин бул аракет жөнүндө маалыматы болгон. Ал түнү штабдарына барып, казармалардан кийимдерин кийип көчөгө чыккан аскердин 90 пайызы тергөө учурунда “террорго каршы операцияга катышып жатабыз” деп ойлошкону тууралуу көрсөтмө беришкен.

Nokta журналынын мурунку аткаруучу директору Жевхер Гүвен тараткан документ 15-июлдагы окуянын эң маанилүү убагында эмнелер болгонун далилдеген. Мындай документтин интернетте араң тараганы учурдагы бийлиги түрк журналистикасынын түбүнө жеткенин дагы бир жолу ачык далилдеп турат. Чынчыл журналисттер же камакта, же өлкөсүн таштай качканга мажбурланды. Эгер журналистика эркин иштей алган болсо, көп нерсе ачыкка чыгып, бети ачылмак болчу.

Жевхер Гүвен бөлүшкөн маалымат жашыруун документ эмес. Бул куралдуу күчтөрүнө ачылган кылмыш иштерин териштирүү маалында алынган көрсөтмөлөрдүн бири.

Бул документте АӨПтүн мүчөсү, ал кездеги Анкаранын маанилүү Алтын-Даг районунун акими Ахмет Каражанын көрсөтмөлөрү жазылган. Анда ал: “Биз саат 21:30да президентибиздин буйругу менен райондук уюмубузда чогулдук”, - деген. Демек 21:30да чогулушса, буйрукту андан мурунураак алышкан. Чогулуштун жай мезгили, өргүү маалында, кечки сааттарда, башкача айткада ар ким жубайы, бала-чакасы менен эс алуучу убакта болуп жатканын эске алуу керек. Ал жерде бир-эки эмес 40-50 киши чогулганы жазылган.

АӨПтүн аткаминерлери гана эмес бул партияда тааныштары бар катардагы инсандар да төңкөрүү аракети туралуу угуп, Стамбул менен Анкарага келген. Бир менчик коопсуздук фирмасынын кызматкери Невшехирден атайын чыгып, төңкөрүү аракетинен мурун Стамбулга келип калып жатат. Тергөө учурунда Богазичи көпүрөсүндөгү окуяларга эмнеге катышкандыгы суралганда, “чалгын кызматындагы таанышарым мага айтышкан” деп жооп берген. Жөнөкөй жарандар төңкөрүү болоорун угуп, өзү билгениндей ага каршылык көрсөтүү үчүн келип жатат.

Документтер АӨПтүн мүчөлөрү “президентибиздин буйругу менен саат 21:30да райондук уюмдарыбызда жыйналдык” дешүүдө. Расмий билдирүүлөргө жараша төңкөрүү саат 22де башталган. Бул убакытты түрдүү кишилердин тергөөгө берген көрсөтмөлөрүнөн сырткары мамлекеттик Анадолу Ажансы маалымат агенттиги “15-июль төңкөрүү аракети” деп атайын чыгарып, бардык жерде тараткан китепче да далилдеп турат. Аскерлер көчөгө чыга электе, жездеси Эрдоганга телефон чала элек кезде, АӨПтүн райондук уюмдары “президентибиздин буйругу менен” деп, 21:30да чогулуп жатат.

Бул кандай болуп калат? Партиясынын бардык мүчөлөрүнө кандайчасынан капыстан эле кабар берилди, кишилер керектүү жерлерде кантип чогулду, Генералдык Штабда эмне болоорун билбей туруп анын алдына жүздөгөн киши эмнеге жыйналып даяр турат? Бул олуттуу суроолор. Ошондуктан Жевхер Гүвен бөлүшкөн документ өтө маанилүү.

Мындан сырткары бул документ аскердик төңкөрүш кечки сатт 22де эмес, түнкү үчкө мерчемделген деген, буга чейин таратылган расмий билдирүүлөрдү да жалгандап турат. Төңкөрүшчүлөр аскердик аракетин эртелетүү чечимин кабыл алганын билбеген АӨП мүчөлөрү кантип бул тууралуу билип алып, 21:30га алдын ала жыйналып калды?

Мындан бир аз убакыт мурун атын атагысы келбеген бир адис: “Түндө болчу төңкөрүүнүн убактысын бир гана киши эртелете алат, мындай чечимди бир гана адам – ал кездеги Генштабдын башчысы Хулуси Акар (азыр коргоо министри) гана кабыл ала алмак. Себеби түнкү 3тө болчу төңкөрүүнү кечки 22ге жылдырууга жогорудан төмөн карай кеткен, бири-бирине байланыштуу 20дан кем эмес буйрук талап кылынат. Ортодон бири мындай буйрук берсе, аткарылышы мүмкүн эмес”, - деген.

Фуат Октай учурда президенттин жардамчысы катары өтө маанилүү макамды ээлеген кишини эч ким таанычу эмес. Коомчулук гана эмес, биз журналисттер да тааныбаганыбызды моюнга алуу керек. Бул кишинин ысмы жогоруда президенттин жардамчысы макамына олтурган кезде, 2018-жылдын 10-июнунда гана интернетте пайда болду. Өтмүшү анча билинбеген бир адам. Буга чейин Йимпаш жана Түрк-телеком компанияларында иштегенин билебиз. Бирок президенттин жардамчылыгына ылайыктуу макамдарды ээлегени көрүнбөйт.

Бул Фуат Октай: “Биз жаңы доорго (президенттик башкаруу) байланыштуу иштерди 15-июлдан төрт ай мурун эле баштаганбыз”, - дейт. Президенттик башкарууга өткөн республиканын ажоосу шайлаган соң, эки-үч күн ичинде бытырап, биринин артынан бири сала миңдеген баракка түшүрүлгөн, жүздөгөн буйруктар чыкканы маалым. Эксперттер мунун баары качан даярдалган деп шектенди.

Президенттик башкарууга керек укуктук акттарды 15-июлдан төрт ай алды башташ үчүн бийликте калаарыңа бекем ишенишиң керек. Ал аралыкта эмне гана болгон жок. Конституциялык реформа өттү, шайлоо болду. Алардын жыйынтыгын билбей туруп силер каалагандай натыйжаланаарын кайдан билесиңер? Мындан сырткары парламенттик башкаруудан президенттикке өткөн жаңы доор өзгөчө ыйгарым укук менен өзгөчө аракеттерди талап кылаары белгилүү. 15-июлдагы төңкөрүү аракетинин кандай аяктаарын билбей туруп, мынчалык кеңири өзгөрүүлөрдү эмнеңе ишенип пландап жатасың? Мындай даярдык көрүү үчүн кандайдыр бир кепилдигиң болуш керек да.

АӨПтүн мурунку парламенттеги депутаты Мехмед Метинер жакында бийликке тиешелүү Star гезитине макала жазып, анысында: “Төңкөрүүдөн бир ай мурун АӨП министрлерине маалымат берилди. Бирок биз иштин олуттуулугун түшүнбөптүрбүз”, - деген.

Мындан сырткары мечиттерден азан чакыруу буйругу имамдарга күн мурунтан берилген. Андай болбосо Түркиянын 70 миңден ашык мечитинде түнкү саат 24тө имамдын баары азан чакырмак беле. Атайын буйрук болгону айдан ачык. Журналист Жан Атак бул окуя тууралуу аскердик төңкөрүү аракетинен кийин дароо жазып чыккан.

Төңкөрүш түнү Түркиянын бардык жеринде миңдеген жүк ташуучу фуралар кум менен ташка толтурулуп, гарнизондорду тегерете курчаган.

Жогорудагы маалыматтарды жалпылайлы: АӨПтүн жергиликтүү уюмдары төңкөрүү аракетине жакшы даярдык көргөн, окуяны алдын ала билишкен, анын учурунда эмне болоору тууралуу кабардар болушкан, ага жараша даярдыктары бар болчу; калк Генштаб менен Богазичи көпүрөсүнүн жанында жана башка жерлерде жыйылган; жаңы, президенттик башкаруу системасы дооруна керектүү мыйзамдар аскердик төңкөрүш аракетинен төрт ай мурун, өлкөнү парламенттик башкаруудан президенттикке өткөргөн конституциялык референдумга, андан кийинки президенттик шайлоого чейин даяр болгон.

Ал түн тууралуу акылга эң биринчи кезекте Тайып Эрдогандын “Алланын тартуусу” деген сөзү менен күйө баласы Берат Албайрактын аба аянтындагы сүйүнүчтүү жүзү эске келет. Баардыгы алар каалагандай ишке ашкан.

Чын эле бул аскердик төңкөрүш тууралуу АӨПкө тиешеси жок калк, төңкөрүштү уюштурду деп, атайын ойлоп табылган "ФЕТӨ" мөөрү басылган, Фетхуллах Гүлендин жамааты менен кылтакка түшкөн аскерлер гана кабарсыз болгон.

Уландысы бар...