Борбор Азия

Орто Азиялыктар Камчатканы мекендеп башташты

7 сентября 2018 г. 19:40 4072

Москвадан сегиз саат учуп араң жеткен Камчаткага келгенде, Орусиядан сыртка чыгып кеткен сыяктуу сезим пайда болот.

“Полистер күндө эртең менен биз менен саламдашып, колдорубузду кысат. Москвада болсо алка-жакабыздан алып сүйрөп кетишет, - дейт токой жана балыкчылык тармагында машкуулданган Ташкенттик олбурлуу келген Мансур деген жигит. - Мен бул жакта Москвадагыдай көйгөй менен баш оорутмаларга кабылбай эле жакшы акча табам”.

Камчатка - жанартоолорго мол, үч тарабы мухит менен курчалган жер. Жайкалган Орусиянын кеңдигине алып караганда деле өлкөнүн борборунан өтө эле алыс аймак. Советтер Союзу кулашы менен мамлекеттик жардам токтоп, эң керектүү нерсенин баарынын баасы асмандап кеткен. Көп товарлар алыстан ташылып келген Камчаткада мындай тартыштык айрыкча сезилген. Ошондуктан тургундары көчкөн.

Карнеги фондунун жакында чыккан отчëту боюнча, 1991-жылдан бери Камчатканын 20% тургуну жарым аралды таштап кеткен. 2010-жылкы каттоодон кийин 10 миңдин тегерегинде киши көчүп чыккан. Учурда 300 миңден бир аз ашык тургунунун жарымынан көбү крайдын борбору Петропавловск-Камчатскийде жашайт.

Борбор Азиядан көчүп келген эмгек мигранттарынын аркасы менен калктын азаюусу токтоп, зарыл тармактар жандуу кармалып турат.

Самаркандда төрөлгөн 26 жаштагы Феруз эки жыл мурун үйлөнүүгө акча топтоп алуу максатында Петропавловскко көчүп келген. Аны виза режимин бузгандыгы үчүн Москвадан депортациялап салышкан.

“Москвага караганда бул жерде иш көп, басынтуу болсо аз. Калкы жумшак жана меймандосураак”, - дейт ал. Феруз мезгилге жараша ресторанда, балык заводунда жана курулуш объекттеринде иштеп келет. Борбор Азиядан келген жүздөгөн, балким миңдеген киши аныкына окшош турмуш сүрөт.

Камчаткадагы борборазиялык эмгек мигранттарынын так саны белгисиз. Алардын көбү көмүскө экономикада иштешет. Камчатканын статистикалык кызматынын маалыматы боюнча, бул жылдын беш айынын натыжасын алганда, чет өлкөдөн келгендер 2251ге көбөйүп, 2017-жылга караганда эки эсеге өскөн. Алардын 40%ы Борбор Азиядан, көбүнчөсү Кыргызстан менен Өзбекстандан келгендер.

Мигранттарды эң оболу маяна кызыктырат. Расмий маалыматтарга караганда, ал Орусиянын башка шаарларынын орто эсептик көрсөткүчүнөн эки эсе жогору.

Жергиликтүү бийлик кабарлагандай, бюджеттин кирешесинин 80%дан ашыгы балык чарбачылыгынан түшөт. Камчаткада, арасында эң ири суу алдында сүзгөн флотунун базасы да бар, Орусиянын аскер-деңиздик базалары жайгашкан. Тынч мухитинин суулары менен чайпалып турган стратегиялык бул аймактын экономикасында куралдуу күчтөр негизги ролду ойнойт.

Совет дооруна салыштырганда, келген субсидия бир топ эле тартылып калганына карабастан, Камчатка ушул чакта деле жакшы каржыланат. Бул жылы край Орусиянын үчүнчү чоң федералдык грантын - 39,3 млрд рубль алат. Тынчсыз Дагестан менен уч-кыйыры көрүнбөгөн Якутия гана мындан көп алышат деп билдирет РБК.

Акыркы жылдары Кремль Камчатканы туристтик аймак катары суна баштады. Туристтер жумушчу колго болгон талапты жогорулатууга шарт түзөт. Учурда жолдор оңдолуп жана салынып жатат.

Мындай долбоорлор эмгек мигранттарына болгон талапты жогорулатат. Алардын кээси мезгил-мезгили менен келип иштеп, кээлери бул жерде биротоло туруп калышкан.

Андижандык кесипкөй электирчи Дилибек Кучкаров аялы менен Москвада бир нече жыл иштегнден кийин, былтыр бул жакка көчүп келишкен. Өзбектердин “Самарканд” аттуу ашканасында чай ичип олтуруп, бул жерге мурунураак көчүп келген жердештеринин жардамы менен ишке орношуп, Москвага караганда көп таап жатканын айтып берди. Мезгилге жараша ал үйүнө ай сайын 60-100 миң рубль киреше алып келет. Батирге кетирген 20-25 миң рублду алып салганда да, ал жылда үйүнө барып келүүгө жетиштүү каражат топтой алат.

Москвадагы полистердин жемелөөсү, расизмди, бюрократиялык тосотторду Камчаткадагы бейпилдик менен салыштырган Борбор Азиялык мигранттар бул жерди жылуу эскерип олтурушат.

Фарид тугандарыныкында жүрүп кетиш үчүн Бишкектен он жыл мурун келген.

Ал азыр “икра бизнеси” менен машкуул, лосось менен анын икрасын Москвага ташыйт. Фарид крайдын борборунан алыскы аймактарда балык кармайт, себеби Петропавловсктын тегерегиндеги дайраларда уулоочу көп болгондуктан, балык азайып кеткен.

Жарым аралда кыш көбү ойлогондой катаал эмес. “Кишилер бул жерде жашап иштебегендиктен, Камчатканы бир башкача элестетип алышкан. Мен үчүн анча суук эмес, кар калың түшкөнү менен шартар да катаал эмес”, - дейт Фарид.

НИКОЛАС МЮЛЛЕР, EurasiaNet, США