Орусия

​Орусиялык мектептердин жетишкендиктери жана реформалары

6 сентября 2018 г. 10:42 964

Бул аптада Орусияда окуу жылы башталды. Балдар менен ата-энелер жакшынакай кийинип мектепке келип, мугалимдерди гүлгө көмүшөт.

Орусиялык балдар үй тапшырмасына кытайлардан кийин эле эң көп убакыт кетиришет. Талаптар өтө жогору, аны менен бирге мектеп системасын батыш үлгүсүнө жараша жаңылантуу аракеттери күч.

“Ай! Апа менин кулагымы тарап жибердиң!”

“Кечирип кой, алтыным”.

“Ата, мен кур тагышым керекпи?”

“Сөзсүз. Мен сага жардам берем”.

Виктор Черных гардеробдон курду алып чыгып, аны кочкул көк шымчан жети жаштагы уулу Германга такканга жардамдашып жатат. Германдын эгиз карындашы Агатанын чачын апасы Анна Черных тарап, кичинекей түйдөк кылып байлап койду. Балдар жайды Кипрде өткөргөндүктөн жүздөрү күрөң тартып турат. Ал айлар балдардын мектепке чейинки акыркы жайы болчу.

Эми алар Москванын түндүгөндө жайгашкан 1414-мектебинин биринчи классына бара башташат. Агата ачык көк этек менен пиджак, кичинекей кооз төөнөгүч тагылган жарашыктуу көйнөк жана лак туфли кийген. Герман кочкул көк костюм, ачык көк көйнөк жана кара кайыш туфличен. Ата-энелери да жарашыктуу жаңы кийимчен. Орусияда балдардын биринчи окуу күнүнө өтө чоң маани берилет.

“Мен жүздөрдү гана алам”, - дейт Герман. 100 упайдын 100 тең жөнүндө айтып жатат, бирок анын сөзүн апасы түздөдү.

Балдарга төртүнчү класстан гана баштап баа коюшат. Мындай жаңылыкты жакшы деп ойлойм. Бул жерде ата-энелерге тарбия берилип жатат, алар биринчи класстан баштап, бардык несреден эң жогорку баа алышың керек деп балдарын жүдөтпөйт”, - дейт Анна Черных.

Ал дизайндан сабак берет, күйөөсү болсо кыймылсыз мүлк боюнча адис. Орточо турган калк жашаган Москванын түндүгүндөгү бакубат районда жеке батирлери бар. Ал жерде бала-бакча менен мектеп көп. Балдарын мектепке берээр алдында Анна Черных алардын баарын кыдырып чыккан.

“Биз үчүн мугалимдер менен директор жакшы болгону маанилүү. Балдар али кичине, аларга кесиптик багыттоо берүүнүн кереги жок. Эмнеге жөндөмдүү экенин бешинчи-алтынчы класста гана болжосо болот”, - дейт ал.

Орусияда, айрыкча Москвада ата-энелер туура бала-бакча жана мектеп табууга көп убактысын коротушат. Бул кийин керектүү ЖОЖго тапшырууга балдарынын жалгыз кепилдиги.

Орусиялык ата-эненин ою боюнча дагы бир маанилүү фактор бар – баланын аң-сезимин өнүктүргөн хобби. Агата мнен Герман эки жылдан бери англисче окуп, орусиялыктардын жоокердик чебер спорту самбо менен машыгышат. Мектеп башталаары менен анда саат алтыга чейин калышып, хор менен ырдоо жана дагы кандайдыр бир спорт менен машыгып, үй тапшырмаларын аткарышмакчы.

“Мен балдардын бош убактысы канча көп болсо, мектептеги иштери да ошончолук аксаганын байкадым. Убактысын пландаганды эмитен үйрөнө бергени алар үчүн пайдалуу, мындай жагдайда үй тапшырмаларын да ийгиликтүү аткара алышат. Эгер балдардын бош убактысы көп болсо, алар ормпой тээп эле басып калышат”, - деген Анна Черных Агатанын чачын жалтылдаган гүлдөрү бар бир нече заколка менен кооздоп койду.

Көчөдө жарашыктуу кийинип, килейген букеттерди көтөргөн көптөгөн үй бүлө тротуар менен кетип бара жатат. Балдар ар күз сайын мугалимдерине гүл тартуулашат. Герман менен Агатанын да тогуздан розадан куралган букеттери колунда. Германдын розалары ак, Агатаныкы кызыл.

Совет мектептери табигий илимдер боюнча дүйнөлүк деңгээлге жеткен, бирок тил менен гуманитардык илимдер аксап келген. 1990-жылдары дүйнө менен салыштырганда, Орусияда бардык предметтер боюнча окутуу солгундаган.

Учурда абал бир аз жакшыраак. Орусия узак убакыт дүйөлүк PISA рейтингинин эң акыркы катарында келген. Акыркы эки изилдөө боюнча бир аз жогорулап 2012-жылы 34, 2015-жылы 32-орунга жеткен. Учурда бул рейтингдин орто жерине келип, мисалы, Италия менен Венгрияны ашканы Орусияда жеңиш катары кабыл алынган. Мындан сырткары көркөм окуу сапатынан эл аралык PIRLS рейтингинин изилдөөсү боюнча 2016-жылы орусиялык балдар дүйнөнүн биринчилигин алышкан.

Бирок Анна Черныхтын айтымында, орусиялык билим берүү системасынын көйгөйлөрү дагы эле бар.

“Мугалимдер класстагы балдар кыймылдабай отуруш керек деген пикирден кайтыша элек. Бизде мугалим бир нерсе үйрөтүп жатканда балдардын кыймылдаганына жол берген окутуунун заманбап формалары жакшы кабыл алынбайт. Мектеп балдардын математика же орус тилин жаттаганына гана көңүл бурбастан, социалдык жөндөмдөрдү өздөштүргөнүнө да көңүл бурушу зарыл”, - дейт ал.

Орусиялык мектеп мурункусундай эле ийгиликке жетүү жана абройду арттырууга катуу багытталган. Орусиялык ата-эне үчүн негизги баш оору – ЕГЭ (Бирдиктүү мамлекеттик сынак).

ЖОЖго өтүүгө дал ушул ЕГЭнин натыйжасы өтө маанилүү. Ага чейин апталап созулган ооз эки жана жазма сынактарды тапшыруу керек болгон.

“ЕГЭ адилеттүүрөөк. Учурда айыл жергесинен келген студенттер арбыды. Эң негизкиси, ЕГЭ киргенде, паракорлук дароо азайды. Бааларды эч ким көрбөгөндөй кылып өзгөртүү мүмкүн болбой калды. Баары электрондук түрдө сакталат”, - дейт “Эврика” билим берүү жана инновация борборунун илимий жетекчиси Александр Адамский.

Бирок көп ата-эненин ою боюнча. ЕГЭ киргени башка адилетсиздиктер күч алды. Мен сүйлөшкөн ата-эненин баары экзаменде жогорку баллга жетиш үчүн өз алдынча окутууга төлөш керек деп айтышты. Бирок бардык эле ата-эне репетиторго 50-60 миң рубль бере албайт.

Мугалимдин көбү да бул экзаменге каршыдай көрүнөт.

“ЕГЭ жокко чыгарылышы керек дебейм. Бирок ал бир башкача түзүлгөндүктөн, мен тарыхтын өзүн окутуунун ордуна, экзаменден ийгиликтүү өтүп кетчү билим бергенге мажбурмун. Бул өкүнүчтүү”, - дейт Москванын түндүк-батышында сабак берген Ольга Роговая.

Тогузга чейрек калганда биз 1414-мектепке жетип келдик. Агата менен Герман чогулган калың элдин арасына сиңип кетти. Балдар катар-катар тизилип, букеттерин кармап мугалимдерин күтүп калышты. Ата-энелер мектептин тар короосуна ныгырылып турат, биз да тепсендиде калбайлы деп, нараак барып турганга аргасызбыз.

Мектептин короосунда, балдардын чоң апасы Марина Лосоваяны байкап калдым. Ал жарашыктуу кийинип, болушунча боёнуп, сүйүнгөнүнөн жүзү жаркырап алыптыр.

Ошол эле убакта тынчсызданат. “Мен аябай кабатыр болуп турам, - дейт мага чын дилинен. – Мектеп неберелериме жакса дейм. Андан стресс албаса экен. Мектеп кубанычтуу да, кызыктуу да болгону маанилүү эмеспи!”.

Анна-Лена Лаурен, Dagens Nyheter, Швеция