Батыш

Долларды тактан кулатуу аракети экономисттер күткөндөн эрте башталышы мүмкүн

4 сентября 2018 г. 10:29 4266

Кошмо Штаттары учурда ИДӨлөрү 15 триллион доллардан ашкан, калкы эки миллиарддын тегерегине барган дүйнөнүн ондон бир мамлекетине каршы экономикалык согуш жүргүзүп жатат.

Алардын катарына Вашингтон тосмок (санкция) салган Орусия, Иран, Венесуэла, Куба, Судан, Зимбабве, Мьянма, Конго демократиялык республикасы, Түндүк Корей жана башка өлкөлөр кирет. Андан сырткары түрдүү экономикалык жасоолдорго кабылган Кытай, Пакистан жана Түркия бар.

Буга кошумча, АКШнын каржы министрлиги даярдаган тизмеге жараша, глобалдык каржы системасын колдонууга жолу жабылган миңдеген киши бар. Бул жадыбалга кирген кишинин көбү жогоруда аталган мамлекеттердин жетекчилиги менен тыгыз байланышта же жетекчилигине кирет.

АКШнын көз карашы боюнча, мындай экономикалык субъектин ар бирине же адам укугун бузганы, террорчулук же башка кылмыштары үчүн, өзөктүк куралды соодалаганы же Кытай сыяктуу алдамчы соода-сатык кылганы жана интеллектуалдык менчикти уурдаганы үчүн экономикалык чектөөлөр киргизилген.

Бирок Американын дүйнөдөгү бардык жамандык менен күрөшөм деген аракети, акыркы бир нече айда бул өкмөттөр менен аларды колдогон бай жарандарды бириктирип, АКШнын туткак колу жетпегендей параллель каржы системасын куруп чыгууга түрткөнсүп турат. Алардын иши оңунан чыкса, Американын дүйнөдөгү абалы толук өзгөрөт.

АКШнын глобалдуу артыкчылыгы аскердик күчү жана түзгөн альянстарына гана эмес, дүйнөгө долларды резервдик валюта катары кабыл алдырып, глобалдык каржыга нокто-жүгөн катып алуусуна да байланыштуу. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери америкалык валютанын өзгөчө статусу глобалдык каржы системасын бекем бириктирип келет.

Америкалык доллар менен кылынган соода-сатык же америкалык банктардан өткөн төлөм, аны ишке ашырган бардык тарапты АКШнын мыйзамдарынын өкүмүнө киргизет. Америка, мисалы, кайсыл бир мамлекетке бир тараптуу тосот коёру менен өкмөттөр, корпорациялар менен жеке жактар же санкцияга кабылган өлкө менен бизнесин токтотууга, же дүйнөнүн номур биринчи экономикасынан сыртта калууга даяр болушу керек. Бул өтө таасирлүү курал.

Чанда бир компания же банк америкалык базардан баш тартып, америкалык каржы институттарынан кол жууганга даяр.

“АКШ бийлеген система көз карандысыздыгыбызга коркунуч келтирип жатат” деген мамлекеттер бул жагдайды кайра карап чыккысы келе баштады. Ошондуктан Орусия менен Кытай Каражаттарды санариптик которуу боюнча коомдорду (кыскача – SWIFT) түзүп, миңдеген банктар арасы которууларды ишке ашыра баштады. Эки мамлекет тең өнөктөштөрүнө соода-сатыкты доллар менен эмес, өздөрүнүн валютасында жүргүзүүгө чакырып келет.

Өткөн аптада Анкара менен Вашингтондун ортосунда каржы кармашы башталаары менен Орусия “долларсыз соода-сатык жүргүзөбүз” деп, Түркияны да долларга каршы блокко тез эле киргизе салды. Кытай өз кезегинде транзакцияларга доллар эмес юанды колдонууга багытталган, триллиондогон доллар жумшаган “Бир кырчоо – бир жол” демилгесин пайдаланып келет. Бул демилгенин алкагында алгач каржыланган өлкө Пакистан болду, Иран да өз макулдугун берген. Бир ай алды Йоханесбургда өткөн БРИКС (Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка) өлкөлөрүнүн доллардын дүйнөнү бийлешине каршы чакырыгы алдында уюштурулган саммитинде, доллардан тазаланган экономика калыптоо максатында, Түркия, Ямайка, Индонезия, Аргентина менен Египетке “БРИКС плюс” деген уюмга кирүү сунушталды.

Доллардын тагдыры чечилчү негизги кармаш 1,7 триллиондук жылдык кирешеси бар мунай базарында башталмакчы. 1973-жылы Ричард Никсон Сауд Аравиясынан сырткары ОПЕКтин башка мамлекеттерин да мунайды долларга сатуу керектигине ынандыргандан баштап, глобалдык мунай базары долларга гана байланып калган. Андан кийин башка чийки заттын бардыгы долларга сатыла баштаган. Бул келишимдер Америка үчүн чоң пайда алып келди. Алар америкалык валютага болгон талапты жыл сайын арттырып, АКШга ички базарынын дефицитин ооздуктап кете берүүсүнө күч берди.

Учурда абал өзгөрүп бара жатат. Долларга каршы альянска кирген өлкөнүн көбү чийки зат сатат. Алар, мисалы, мунайы долларга байланган Брент өлчөмү менен эсептелип жатканына каршы же чийки затын өздөрүнө кереги жок валютага саткысы келбейт.

Мисалы Кытай Анголадан унай, Орусиядан газ, Монголиядан көмүрдү өз валютасына сатып алгысы келет. Бул аркылуу эки тарапка тең пайда алып келбеген баа бычуу ыкмасынан кутулат.

Мындай демилге үзүрүн бере баштады.

Орусия менен Кытай энергоресуртардын бир бөлүгүн юанга сатууну сүйлөштү. Мунай сатып алган негизги өнөктөштөрү – Сауд Аравиясы, Ангола менен Иранды да юань алууга көндүрүүдө. Өткөн жылы Кытай “петро-юань” аталып, алтын менен камсыздалган баалуу кагаздарын Шанхайдын эл аралык энергетикалык биржасына чыгарды. Бул Азиядагы баасы доллар менен бычылбаган алгачкы баалоо критерийи.

Блокчейн технологиясына негизделген санариптик валюталар да соода-сатыкта доллардан качууга жол ачып жатат. Орусия “крипто-рубль” чыгарууну мерчемдеп, ошол эле убакта Венесуэлага мунай менен камсыздалган “петро” делген криптовалюта чыгарууга жардамдашты. БРИКС мүчөлөрү өлкөлөрү колдогон бирдиктүү криптовалюта чыгарууну талкуулап жатат.

Мунун баары, буга чейин дүйнөнү бийлеп келе жаткан долларга жакында туш тарабынан чабуул башталаарын көрсөтүп турат. Америкалык экономикалык артыкчылыкка каршы салгылашта энергетика базары негизги кан майдан болмокчу. Чийки затты долларга сатууга каршы күчтөрдүн ар бир утушу учурдагы дүйнөлүк экономикалык системага “кулаган домино таштары” таасирин берүү менен бирге, Американын тышкы стратегиясына олуттуу кесепетин тийгизет.

Долларга каршы чабуулга өтүү аракеттерин жеңил кароо жана америкалык экономика менен доллардын өзгөчө күчүнө ашыкча ишенип алуу туура эмес. Долларга каршы мындай коалицияны көзгө илбей коюу чоң зыянга учуратат.

Базардагы баалардын өсүүсү токтогонун жана АКШнын 21 триллион долларлык карызы жылда дагы бир триллионго өсүп жатканын эске алганда, сокку көп экономисттер эсептеп жаткандан да тез жана катуу болот.

Экономикалык өсүүсүнө ала-күү болуп кызып турган Америка дүйнөдөгү ар төртүнчү киши жашаган өлкөлөрдүн өкмөттөрү доллардын үстөмдүгүнөн кутулуу үчүн чоң казатка аттанганын эстен чыгарбоосу керек. Алардын аракеттерине каршы туруу Вашингтондун негизги улуттук маселеси болушу шарт.

Гэл Лафт – Глобалдык коопсуздукту анализдөө институтунун кош-мүдүрү, АКШнын энергетикалык коопсуздук кеңешинин ага кеңешчиси, CNBC, АКШ