Батыш

​Карьерага зыяны тийбеш үчүн кол менен эмне кылбоо керек

2 сентября 2018 г. 10:08 2301

Жаңсоо (жест) тилин колдонууну билбеген киши бир нече одоно катага барышы мүмкүн. Ханзаада Гарриге турмушка чыккан оюнчу Меган Маркл мындай катанын бирин кетирди

Ымдоо (мимика) менен жаңсоо карьерага катуу зыян келтиргендей эле өзүн туура түшүндүрүүгө да жардам бериши мүмкүн. Немис психологдору эң көп кетирилген беш катаны бөлүп чыгышкан.

Колду араң кысуу

Киши тууралуу баштапкы пикир бир шалаакы аракет менен бузулуп калышы мүмкүн. Элестетсеңиз, сиз сүйлөшүү алдында жетекчиңиз же өнөктөшүңүзгө ыңгайсызданып же ыксыз кол узаттыңыз. Колун бекем кыскандын ордуна араң эле кармап койсоңуз, ал сизди өзүңүздү төмөн баалаган, эрксиз киши окшойт деп ойлоп калышы мүмкүн.

Колду көкүрөгүнө чатып алуу

Жетекчиси менен коридордо кезигип калган кызматкер татаал абалда калышы мүмкүн. Шеф “иш кандай кетип жатат” деп кызыгышы мүмкүн, кызматкердин колунда папка де кофе чөйчөгү болуп калса жакшы, анда ал колун көкүрөгүнө чатып алуу сыяктуу эң коркунучтуу катаны кетирбейт. Мындай жаңсоо менен ал, өзү байкабастан, жетекчисине ишенбегенин же бул сөздөрү ага маанисиз экенин көрсөтүп коюшу мүмкүн.

Папканы байкаңыз! Сүйлөшүү учурунда колуңузда болуп калса, аны көкүрөгүңүзгө кыспаңыз. Сиз бул аракет менен сүйлөшүп жаткан кишиден коргонуп жаткан сыяктуу тоскоолду же тосмону пайда кыласыз. Документтерди бир колуңузга алып, же, эң жакшысы, жаныңызда үстөл же отургуч турса, ошого коё салыңыз.

Манжаларды кыймылдата берүү

Блокнот, калем же телефонду кармалоону токтотуңуз! Ал сиз сүйлөшүп жаткан кишинин кыжырына тийиши мүмкүн. Мунуңуз менен сүйлөнүп жаткан сөзгө маани бербестен, андан сырткаркы бардык иш менен алек болууга даяр экениңизди билдиресиз. Ички чыңалууңузду колду эмес, бутту бир аз кыймылдатуу менен кетирсеңиз болот. Аны эч ким байкабайт, бирок сиз жеңилдеп аласыз.

Колду тез кыймылдатуу

Жетекчинин катуу шашып, колун ары-бери тез кыймылдатып, шашкалактап басканын көрдүңүз беле? Бул үйрөнчүктөргө же жаш кызматкерлерге мүнөздүү. Салабаттуулукту шефтен үйрөнүңүз. Тез кадам шилтебеңиз, башаламан кыймыл-аракетке барбаңыз.

Моюнун же чачын сыйпалай берүү

Ханзаада Гарриге турмушка чыккан америкалык оюнчу Меган Маркл мындай аракети менен журналисттерди ойго салган. Бир маанилүү иш-чара убагында ал улам эле моюнун кармалай берген. Сассек герцогинясына көйнөгүнүн жакасы тынчтык бербей жаттыбы же башка бир себеп барбы деген ойлор кетти. Иш учурунда мындай жаңсоо таң калтырып, алсыздыкка же өзүнө ишене бербестикке ишарат берип турат. Мындан сырткары сүйлөшүп жаткан кишиден бир нерсе жашыруу же ага калп айтууга аракеттенүү катары да кабыл алынышы мүмкүн. Мунун физиологиялык да түшүндүрмөсү бар. Желкедеги чуңкурда стресс учурунда кыймылга келген булчуң бар. Киши моюнун сыйпалоо менен, өзү буга маани бербей туруп эле, ички чыңалуусун азайтуу аракетин көрүшү мүмкүн. Мындай жаңсоону, чачты сыйпалоо менен бирге, көбүнчөсүн аялзаты колдонот. Психологдордун айтымында, бул аракет кишинин өзүндө да, сүйлөшуп жаткан адамында да ишеним пайда кылбайт.

Deutsche Welle, Карьера