Кытай/Индия

​БУУ: “Кытайда миллион уйгур лагерлерде кармалганы өтө тынчсыздантат”

1 сентября 2018 г. 12:59 3302

Бириккен Улуттар Уюму бир миллионго жакын уйгурдун күч менен кытай лагерлеринде кармалып жатканын “аябай тынсыздандыруучу” экенин билдирип, бул кишилерди эркиндикке чыгарууну талап кылды

Кытай болсо уйгурларды “кайра окутуу” үчүн Батыш Синзян аймагындагы лагерлерге жиберилди деген кабарды четке какты. Пекин лагерлерде болгону “радикал исламчылар” бар экенин айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Расалык басмырлоону жок кылуу комиссиясынын билдиргени боюнча интернет технологиялары Уйгур автономдуу облусун килейген сырттан аңдуу лагерине айланткан.

Кытай мыйзамдарында террор менен дискриминация түшүнүгү түрдүү жорулгандыктан, аталган рапортто Пекин бул кишилерге айып такпастан жана соттобостон эле лагерлерде кармаганды токтотууга чакырылган.

Комиссия мындай абалда камакка алынган кишилерди дароо бошотулуусун, камактагылардын саны менен камакка алынуусунун себептеринин жарыя кылынуусун талап кылды. БУУ белгилүү бир раса жана дин өкүлдөрү максатталган иш болуп жатканы боюнча көз карандысыз тергөө баштатууга чакырды.

Араларында Эл аралык амнистия жана Адам укуктарын көзөмөлдөө уюмдары кирген мекемелер, аталган лагерлерде топ-тобу менен кармалган бул кишилерге Кытай президенти Си Цзиньпинге бекемдигин тастыктаган ант ичирилип жаткандыгын, БУУга билдиришкен.

Уйгурлардын дүйнөлүк конгресси да эч кандай айып тагылбастан лагерлерде кармалып турган уйгурлар коммунисттик партиянын ураандарын чакырууга мажбурланып жаткандыгын айтты.

Конгресс кармалган кишилерге жетишээрлик тамак-аш берилбегенин жана лагерлерде уйгурлар кыйноого алынып жаткандыгы тууралуу кабарлар бар экенин жар салды.

Эмне айып тагылганын билбеген камактагылар адвокат талап кылуу укугунан да ажыратылганы айтылып жатат.

БУУнун бул рапорту Кытайдын башка аймактарында да диний чыңалуу курчуп баштаган кезде жарык көрдү.

Түндүк Батыштагы Ниншия аймагында жүздөгөн мусулман мечиттеринин талкалануусун токтотуп калуу аракетинде.

Кытайда 23 млн мусулман жашайт. Автономдуу облус статусун ташыган Синзянда калктын 45%ы мусулман уйгурлардан турат.

Акыркы бир нече айда барган сайын көбүрөөк уйгур “диний радикалдуулукка” каршы күрөшүү шылтоосу менен камакка алынып жаткандыгы тууралуу кабарлар артып келет.

BBC News - Turkçe