Ислам дүйнөсү

Жардамга муктаж Түркия: Европанын бейтап кишиси кайтып келди

31 августа 2018 г. 12:51 2517

“Чыгыш маселеси” Европанын XIX кылымдагы эң чоң көйгөйү болчу. “Европанын бейтап кишиси” деп аталган Осмон империясы алапайын таппай калып, европалык дөөлөттүн кайсынысы анын мураскери болоору карала баштаган.

Биринчи дүйнөлүк согушу деген геосаясий кыйроо да ал кездин үч империясы – Осмон, Австро-Венгр жана Орусия атаандашкан Балкандарда тутанган.

Бул согуштан кийин үч империянын тең өмүрү аяктаган. Осмон империясы бөлүштүрүлүп киргенде, генерал Мустафа Кемаль Ататүрк менен таш-талканы чыккан түрк армиясы Анатолияга чегинип, ал жерде гректердин баскынчылыгынын мизин кайтарып, буга чейинки Севр келишиминин шарттарын четке каккан. Анын ордуна Түрк республикасын түптөгөн Лозанна келишими түзүлгөн.

Ататүрктүн Түркияны заманбап, светтик мамлекетин түзүп, аны Жакынкы Чыгыштын эмес, Европа менен Батыштын бир бөлүгүнө айлантам деген күчтүү идеясы бар болгон. Бул максатка жетүү үчүн ал көп партиялуу демократия сыяктуу көрүнгөн, бирок чынында аскердик күчкө таянган гибрид мамлекетин негиздеген. Бул система, XX кылым бою, түрк демократиясын маал-маалы менен башкарууну аскердик диктатурага убактылуу бошотуп берүүгө аргасыз кылган кризистерге жол ачкан.

1947-жылдан тартып түрк саясатына кансыз согуш чоң таасир эткен. 1952-жылы Түркия НАТОго кирип, Батыштын башкасына алмаштыргыс өнөктөшү болуп калган. Ал ондогон жылдар бою Жер ортолук жана Кара деңиздеги стратегиялык жайгашуусун альянстын түштүк капталын советтик баскынчылыктан коргоп туруу үчүн колдонгон.

Бирок Түркия баары-бир саясий жактан туруксуз мамлекет бойдон кала берген. Бир туруп демократия, бир туруп аскердик режимге ооп кеткендиги анын жаңыланууга умтулуу кендирин кесип келе берген. Демократияга ыктаган түрктөрдүн үмүттөрү Европага байланыштуу болгон. Формалдуу болсо да Евробиримдикке кирүү жаңыланууга жол ачмак. Осмон империясы Жакынкы Чыгышты бийлеп турган болсо, Түркия Батыштын толук кандуу мүчөсү болуп калмак.

1995-жылы Түркия Евробиримдиктин бажы келишимине кирген. 2002-жылы бийликке исламчыл “Адилет жана өнүгүү партиясы” (АӨП) келип, өлкөнү толугу менен Европаны көздөй багыттагансыган. Тайып Эрдоган баш болгон АӨП түзгөн өкмөтү ислам динаятчысы Фетхуллах Гүлендин кыймылы менен бирге терең институционалдык, экономикалык жана соттук реформаларын жүргүзүп, Евробиримдикке кирүүнүн шарты катары өлүм жазасын жокко чыгарган.

Мындан сырткары Түркиянын терең жаңылануусу менен экономикалык өсүүсү Эрдогандын бийлик алган кезине дал келип, өлкө ого бетер Евробиримдикке жакындаган. 2011-жылы “араб жазы” башталганда, Түркия эркин жана адилеттү шайлоосу, мыйзамдын үстөмдүгү жана базар экономикасы бар “ислам демократиясынын” үлгүсү деп айтылып турган.

Жети жылда биз башка дүйнөгө түшүп калдык. Түркия кайра тез эле “Европанын бейтап кишисине” айланды. Стратегиялык жайгашуусун, экономикалык жана кишилик потенциалын эске алганда, ал XXI кылымдагы жаркын келечегине токтоосуз жетип бармак. Анын ордуна улутчулдук жана Чыгышка багыттануу байрагы алдында кайра XIX кылымга арыштап кирип бара жатат. Ал келечегин заманбап Батышка эмес, кризистери бүтпөгөн Жакынкы Чыгыштын тагдырына байлап салды.

Түркиянын тез жаңылануусун жетектеген Эрдоган, ага бөгөт коюуну да жетектеп жатат. Анын Ататүрктүн жолун жолдоп, Түркияны Батышка толук ыкташтырууга мүмкүндүгү бар болчу, бирок аны колдон чыгарды.

Бул трагедияны эмне менен түшүндүрүүгө болот? Эрдоган 2008-жылкы кризиске чейинки экономикалык өсүүдөн улам өзүнө катуу ишенип кеткени бул суроонун жоопторунун бири. Андан сырткары өлкөсүнүн Евробиримдикке кирүү жараяны токтоп калганын басмырлоо катары жоруп, ичи туталанып калган. Буга чейин жашырып жүргөн авторитардык дымагы 2016-жылкы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин биротоло чегинен чыкты.

Кандай болбосун, Эрдоган Түркия гана эмес, бүткүл мусулман дүйнөсүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгүн колунан чыгарды. Өлкөсү учурда ал өзү тутандырган валюта кризисине чөмүлүп, дефолтко чейин баруу коркунучу алдында турат. Эрдогандын Чыгыш менен Батыш ортосунда алдастаганы барган сайын күчөп, ал Жакынкы Чыгышты толугу менен туруксуздукка түртүп жатат. Айрыкча күрддөр менен болгон этникалык кагылышуулар кайра күчүнө кирди. Аларды аскердин күчү менен басып салуу мүмкүн эместигин турмуш көп жолу далилдеген. Эрдогандын аркасы менен Түркия да региондун чечүүчү өлкөсү эмес көйгөйүнө айланды.

Бирок Түркиянын Европа үчүн стратегиялык мааниси күчүндө калууда. Евробиримдиктин миллиондогон жараны түрк тектүү, ошондуктан бул өлкө Чыгыш менен Батыш, Түдүк менен Түштүктү мындан нары да байланыштырып турмакчы. Эрдогандын режими жетектеген Түркия Евробиримдикке кирүүгө талапкер болбой калды. Бирок Евробиримдик буга карабастан, өлкөнү турукташтырып, анын демократиясын куткарууга бел байлашы керек.

Анткени Түркияны туруксуздаштыруу Европанын ишине жарап бербейт. Эрдоганды жакшы же жек көрөбүзбү, Европанын коопсуздугу бир нече жылда Жакынкы Чыгыштын миллиондогон мигранттары менен качкындарын кабыл алган Түркияга тыгыз байланыштуу. Европанын туруктуулугу жана түрк демократиясы үчүн Евробиримдик өзүнүн демократиялык принциптеринин негизинде Түркиядагы кризиске сабырдуу жана прагматикалык мамиле жасашы керек.

Йошка Фишер, Project Syndicate, АКШ