Батыш

​Нацизмден жапа чеккен Германияда ашкере улутчулдар кайра баш көтөрүүдө

29 августа 2018 г. 12:54 611

Хемництеги мигранттарга каршы толкууга эмне себеп? Интернеттеги коомдук тармактарда таркаган фейктер (жалган жасалма маалымат) анын жандануусуна кандай салым кошту?

Германия федеративдүү республикасынын көңүлү төрт күндөн бери өлкөнүн чыгышындагы Хемниц шаарына бурулуп турат. Анда жекшембиде тартипсиздик башталып, 27-август дүйшөмбү кечи демонстранттар менен полистер кагылышты. Абал башаламан бойдон турат: бычакташуу, качкындар, кубалык санжырадан келген бычак жеп өлгөн немис, коомдук тармактагы фейкттер, оңчул жана солчул радикалдар, футбол фанаттары, полистин ишине нааразы шаарлыктар... Жагдайды талдоого аракеттенели.

Полис билдиргендей, Саксония федералдык облусундагы толкуу менен нааразылык акциялары ишембиден жекшембиге караган түндөгү “түрдүү улуттан” турган 10 киши катышкан мушташтан тутанган. Бычакталган немистин бири кийин каза болуп, экөө азыркыга чейин бейтапканада.

Хемництеги нааразылык коомдук тармактардан күчөтүлгөн

Каргашалуу окуя коомдук тармактарда дароо тараган. Полис күбөлөрдү сураштырып, конкреттүү бир нерсе айтууга даяр эмес болчу. Натыйжада маалыматтык боштукту ушак-айың менен фейк жаңылыктар толтуруп баштаган. Немистер мигранттар тийишкен аялды коргогонго аракеттенишкен деген имиш кеткен. Жеңил-желпи маалымат каражаттары өлгөн киши орусиялык немис деп жазып чыгышкан. Андан кийин жарадарлар орусиялык немистер, өлгөн болсо кубалык деген кабар пайда болгон. Фейсбукту колдонгондордун бири көчмөн несмистер өч алуу үчүн Хемницке чогула баштады деп жазып жиберген.

Полистин ушакка ишенбегиле деп, фейктердин бетин ачканы да ишке жарабай калган. Коомдук тармактар “түндө чыгып Хемницте ким кожоюн экенин көрсөтүү керек” деген чакырыктарга толуп кеткен.

Тартипсиздик менен демонстрацияларга ким катышкан?

Оңчул популисттик “Германия үчүн альтернатива” (AfD) партиясы мушташ болгон жерде капыстан чогулган жүз чакты киши менен митинг өткөргөн. Күл коюп, сүйлөп, тарап кетишкен.

"Kaotic Chemnitz" футболдук клубунун оңчул экстремист фанаттары коомдук тармактардан экинчи демонстрацияга чакырышкан. Бирок Хемництин көчөлөрүнө чыккан миңге жакын кишинин арасында алардын 50 чактысы эле болгон дешет күбөлөр. Дал ошолор бир убакта полисттерге бөтөлкө менен таш ыргытып, мигранттарды же качкын деп болжошкон кара чачтуу кишилерди кубалап киришкен.

Баш аламан демонстрацияга катышкан элдин калганы – качкындарга жумшактык кылып, алардын зомбулугун жаап-жаашырып, шаардын көчөлөрүндө тиешелүү коопсуздукту сактай албай жатат деген, жергиликтүү полистерге нааразы шаарлыктар болчу.

Эртеси күнү кечинде, дүйшөмбү 27-августта Хемницте уруксат берилген эки демонстрация өткөн. Бирин шаардык оңчул-популисттик “Pro Chemnitz” (Хемниц үчүн) кыймылы, экинчисин солчул “Chemnitz Nazifrei” (Нацистерсиз Хемниц) биримдиги өткөргөн. Демонстранттардын кагылышуусу учурунда бир нече киши жабыркап, полис абалды чегинен көп чыгарбастан көзөмөлдөп калган.

Хемниц тургундары полисттин ишине эмнеге нааразы?

Качкындар кылган бул кылмышты тергөөдө энөөлүк болуп жатат деген эл укук коргоо органдарына нааразы. Бирок полис кылмышта колдонулган бычакты тез эле таап, ыкчам тергөө жүргүзүп, кылмыш жеринен качып кутулууга аракеттенген эки кишини кармаган. Алардын мушташка катышы бар экени тактала элек кезде, 22 жана 23 жашта экенин гана кабарлай алышкан.

Бирок кармалган кишилер тууралуу шектер артаары менен, бир нече сааттан кийин эле бири ирактык, экинчиси сириялык экенин, аларга камакка алуу кагазы жазылып, экөө тең тергөө-кананын камагына алынганы кабарланган. Ишембиден жекшембиге караган түндөгү кылмыштын бети толук ачыла элек болсо да полис камактагылардын өзүн коргоо максаты болбогонун айтып, окуя аялга каршы сексуалдык коркунучтан улам тутанган деген ушакты жалганга чыгарды.

Саксония – оңчул радикалдардын мекени

Качкындарга каршы акциялар Германиянын бардык жеринде эле болуп турат, бирок Саксонияда өтө көп. Төмөндө мунун бир нече гана мисалын келтиребиз.

2015-жылдын августтунда оңчул радикалдардын караламаны (толпа) качкындар үчүн ылайыкташтырылган курулуш материалдарын саткан дүкөнгө үч түн удаасы менен чабуул коюшкан. Кагылышууларда 30 полис жаракат алган.

2016-жылдын январында оңчул радикал футбол фанаттары солчулдар кармайт делген Лейпциг шаарынын Конневиц районунун таш-талканын чыгарышкан. Ошол эле жылдын февралында жаалданган ашкере улутчулдар качкындарды ташыган автобусту токтотуп, эомбулук кылмакчы болгондо полистер жетишип калган. Бауцеде болсо качкындар келет деген имаратты караламан өрттөп, өрт өчүргүчтөрдү жолотпостон алакан чаап туруп алган.

2017-жылдын сентябрында өткөн парламенттик шайлоолордо оңчул популист AfD партиясы Саксонияда 27 пайыз добуш менен биринчиликке чыккан. Ушул федералдык облустта ислам менен жөөттөргө каршы Pegida кыймылы пайда болуп, эки апта мурун анын митингине өргүүдө жүргөн полистин бири катышып, ызы-чуу чыккан.

Саксониядагы саясий абал менен жергиликтүү калктын ашкере улутчулдукка жакындыгын ушул учурда талдап чыгуу оор. Кээ бир аналитиктер оңчул радикалдардын көбөйүүсүнө көптөн бери көңүл кош карап, аларга катуу чараларды көрбөйт деп облусттун өкмөтүн күнөөлөйт.

Германияда качкындарды жектөө көбөйдү

Саксониянын Тең укуктуулук жана ымалалашып кетүү министри Петра Көппиң Хемництеги башаламандыкка борбордук өкмөттүн миграция саясатынын каталары алып келди деген ойдо.

“Мен Германиянын чыгышында элдин жанына баткан көп нерсе бар деген ойдомун, - деген шейшембиде аткаминер айым SWR радиостанциясына. – Бул жердин эли мигрант менен качкындардын көбөйүүсүнө даяр эмес болчу”. Мурун Советтер Союзуна ыктаган Германия демократиялык республикасы (ГДР) жайгашкан учурдагы өлкөнүн чыгышында чет элдиктер башка облустарга караганда аз болчу.

AfD партиясынын парламенттеги тең төрайымы Алис Вайдель Хемництеги токтобой жаткан башаламандыкка немис прессасы күнөөлү деп эсептейт: “ЖМКлар жай баракат демонстранттарды да оңчул радикал катары караганы абалды ого бетер курчутуп, коомдун бөлүнүүсүн шарттап жатат”.

Deutsche Welle, Германия