Ара жолдогу мамлекет

АКШнын Венесуэлага куралдуу кийлигишүүсүнүн күңгөй-тескейи

28 августа 2018 г. 8:01 881

Өлкөнү бомба жаадырып талкалап, күч менен басып кирип, элин багынтып, анан гүлдөп өсүп кетет деш туурабы?

Эл үчүн согуштан өткөн балээ жок. Согушту колдогондордун алдастаган үмүтү менен алсыз убадалары өлүм менен талкаланууга, кээде акылга сыйбаган кызыл-кыргынга жетип, үрөй учурган жакырчылык менен коштолот. Буга Американын Афганистан, Ирак, Ливия жана Йемендеги төрт согушу далил катары жетиштүү.

Адамкерчиликти коргойм деген аскер сөрөйлөр адатта жардам беребиз деп кирип барышкан элдин бир тобун кырып салса да, кандайдыр бир адеп-абийир чегинде калганга аракет кылышат. Геосаясий пайданы көздөп согушту жактагандар болсо, тигил же бул өкмөттүн Вашингтондун опузасына көнүп бербегенине нааразы.

Бирок согушту кызыл пулга байлагандар эң пас жүйөөлөрдү келтиришет. Илгери согуш баштагандар жоокерлерине талап-тоноону убада кылчу. Учурда алар сылык-сыпайылыкты үйрөнүп, соода-сатык менен ишкердик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сөз кылышат. Алардын негизги жүйөсү – ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) өсүшү. Кайсы бир өлкөнү бомба жаадырып талкалап, жерин басып, элин багынтып, анан гүлдөп өсүп кетет деп күтүү...

Венесуэлалык жарандыктан ажыраган качкын Даниэль Ди Мартино дал ушундай жүйөөлөрдү келтирет.

Белгилүү болгондой, былтыр президент Дональд Трамп жардамчыларынан Кошмо Штаттар Венесуэлага куралдуу кийлигишүүсү керекпи деп кызыккан. Алар бул пикирге каршы чыгышкан. Андан кийин ал латын америкалык жакшылардын оюн сураткан. Алар да катуу каршы болушкан.

Бирок Ди Мартино баары бир: “Дипломатиядык чөйрө куралдуу күчтөрдү колдонууну жактабаганы менен америкалык кийлигишүү Венесуэлага да, Кошмо Штаттарга да экономикалык пайда алып келмек”, - деп жазган. Согуш венесуэлалыктардын “азап индексин”, жумушсуздук менен жакырчылыкты төмөндөтмөк. Өлкөнүн заалым бийликтен кутулуусун “коштогон экономикалык керемет эбегейсиз мүнөз ташымак” деген Ди Мартино, баалар менен валютаны көзөмөлдөө токтоп, “мунай чыгаруу эселеп өсмөк” дейт.

Бирок учурдагы режимдин бийликте калуусуна уруксат берүү, анын божомолунда, “миллиондогон өлүмдөргө алып келүүсү мүмкүн”. Ошол эле убакта Кошмо Штаттар басып кирсе, бир аз гана киши набыт болмок. Ал америкалыктардын Панамадагы операциясына ишарат кылып, анда карапайым калк ичинен 3500 киши гана набыт болгонун айткан. Мындай эсеп боюнча “америкалыктарга да, венесуэлалыктарга да чоң пайда тиймек”. Анын айтымында, АКШ президенти чечкиндүү болуп, кеңешчилерин көчүккө тээп, алды-артын карап ойлонуп отурбай бул ишке киришиши керек.

Бул жүйөө үрөй учурат

Бийликтен узак венесуэлалыктарга социализмдин кыйроо алып келгени күмөсүз. Мурун Венесуэла Латын Американын эң бай өлкөлөрүнө кирчү. Азыр калкы ачка калып, өлкөсүнөн качып жатат.

The Washington Postтон Мэтт О-Брайен жазгандай, гиперинфляциядан улам алты жарым жыл мурун 333 миң долларга барабар боливар бүгүн бир доллар болуп калган. Үч апта мурун бир чөйчөк кофе эки миллион боливар турчу. Эл аралык валюта фонду жыл аягында инфляция миллион пайызга жетээрин эскерткен. Экономикалык реформаларга белсене албаган венесуэла өкмөтү эки, үч, төрт нөлдөр кошулган валюта чыгарганга үлгүрбөй, кайра ал нөлдөрдү кыскартып, жаңы акча басып чыгууга жетишпей турат. Акча-каражаты чет өлкөдөн басылып келген боливарлардын кунунан кутулууга жетип-жетпей бара жатат.

Чындыгында венесуэлалык экономика иштебей калды. Дүкөн текчелери бош. Өлкө киши өлтүрүү боюнча дүйнөнүн биринчи катарларына чыкты. Калктын басымдуу бөлүгүнүн колу жукарып, дал ошолор жапа чегүүдө. Венесуэлалыктардын ондон тогузу расмий коюлган жакырчылык чегинен төмөн түшүп кеткендей. Социализм принциптери боюнча жыргап кетчү дал ушул тайпа да өз бийлигине каршы чыга баштады.

Бирок жалгыз эле Венесуэла ушундай жагдайда эмес. Дүйнөдө экономикасынын түбүнө жетип, калкын венесуэла бийлигинен да көп кырып салган режим арбын. Түндүк Корейде жан алгыч эмгек лагерлеринин системасы курулган. Эритрея африкадагы Түндүк Корей атагына жетти. Иран менен Сауд Аравия саясий куугунтук, диний түркөйлүк, геосаясий жаалдануу жана экономикалык наадандыгы менен белгилүү. Бул эки өлкө көбүнчө мунай-газынын эсебинен эле жан сактап келүүдө. Бирма өкмөтү мусулман рохинжа калкын кыруусу менен таанымал. Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш менен Кытайдын өз калкын басмырлаган режимдери жийиркентет. Зимбабве болсо экономикалык кыйроого жана кызыл кыргынга учураган коркунучтуу мамлекет. Вашингтон эмне үчүн аларга да бомба жаадырып, жерин басып албашы керек?

Согуш – бул адаттагы саясий курал эмес. Ал өлүм менен жакырлыкка алып келет. Кандай гана жакшы ниетте болбосун согуш аракеттери ак-караны айырмалабайт. Кагылышуунун кайсыл жакка бет алып кетээрин болжоп болбойт. 1812-жылкы АКШдагы жарандык согушту, Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк апаатты, Корей, Вьетнам, Ирак жана Йемен согуштарын баштагандар алардын кесепетинин ченин болжой алган эмес.

Венесуэлага кирген америкалык аскерлер сонун натыйжага жеткирет деген Ди Мартинестин божомолу ич жылытпайт. Мындай кийлигишүү көтөрүлүш жана жарандык согушка алып келиши мүмкүн. Албетте, акыр аягы анда “жакшы жигиттер” жеңип чыгат, бирок куну канчалык болот? Канча АКШ аскери садага чабылаары да өзүнчө маселе. Баласынын өлүмүн өлкөдөгү ИДӨнүн өскөнү менен байланыштырган өкмөткө кайсыл ата-эне ыраазы болот?

Согуш учурунда азыраак киши өлөт деген “мүмкүн - мүмкүн” жүйөөсү менен согушту актоо аракети акылга сыйбайт! Муну туура дейин десең, болгону бир божомол, нары жагы болсо үрөй учурган кесепетке кептеген аракет болоору айдан ачык. Кишинин өмүрүн бухгалтердин балансындагы сандар катарында караганга болобу? Согуш миңдеген кишинин өмүрүн түздөн-түз кыюуга алып келет. Америкалык саясатчылар эмне үчүн мындай чечим чыгарууга даяр? Башка элдердин тагдырын чечүүгө Америкага ким уруксат берди?

Мындан сырткары, америкалык баскынчылыктын аркасы менен бийликке келген жергиликтүү өкмөттүн легитимдүүлүгү аксап тура берет. Вашингтондун пайдасы үчүн деген согуштук аракеттер бул региондогу АКШнын ансыз деле төмөндөп турган легитимдүүлүгүн ого бетер алсыратат.

АКШнын Венесуэлага да куралдуу кийлигишүүсү Москва, Пекин, Эр-Рияд, Абу Дабинин да баскынчылык саясаттарын актап алганга жол ачып берет. Бул Вашингтондун сөзүн кыскартат.

Согуш адамзатынын эң жаман адаты. Бул апааттан болушунча качуу керек.

Дуг Бендоу, The American Conservative, АКШ

Кыскартылып которулду. Түп нускасы бул шилтемеде.