Жорум

Насыпбек Асанбаев: Киши өмүрү чубалжыган эсептей...

25 августа 2018 г. 22:36 1402

Көбүбүз башыбызга иш түшкөн күнү «Алла ушуну маңдайга жазыптыр. Арга жок» деп эринди кесе тиштеп отуруп калабыз. Же өзүбүз кылгылыкты кылып, кыл жууп менен бууп коюп «маңдайга жазганы ушул» деп чыга келебиз. Эртең менен чыгып ырыскы издеп, оокат табууга умтулбай туруп, тиштин кирип соруп жатып алып, «Маңдайыма жакырлык жазылса кантели» дегендер да чыгышы мүмкүн. Кыскасы, тагдыр маселесин, жазмыш маселесин толук түшүнбөй туруп, ойду-келди сүйлөп, өйдө-төмөн жооп айтканга шашылабыз. Бирок, ушул жерден анча-мынча илимдүүнү да, илимсизди да тайсалдаткан бир суроолор туулат. «Деги бул тагдыр деген эмне анда? Чын эле Алла ошондой жазган соң, андан кайда качып кутулмак элек?» ж.б..

Көрсө, туугандар, биз ушул жерден кичине гана адашып жүрүппүз да, ошол кичинекей бурулуштун бурулган бойдон сай-сайлап, талаалап кетип атыппыз. Ооба, зуулдап жарышып бараткан эки машинанын бирөө бир канча градуска бурулуп алып салып уруп жөнөсө, экөөнүн ортосу барган сайын алыстап кете берет эмеспи. Демек, так ошондой кичинекей бурулуу бар экен да.

Эмесе, ошол бурулган жерибиз бул: Тагдыр деген Алланын маңдайга жазган буйругу эмес, тагдыр деген Алланын илими экен. Ооба, Алланын илими. Эмесе ушул жерден иштин чоо-жайын түшүндүрсөк.

Жөнөкөй тил менен айтканда илим деген эмне? Илим деген бир нерсени билүү, анын кайсы себептерден улам ошондой болгонун, кандайча ошол абалга келерин жана кийин кандай болорун билүү. Мисалы, 2*2=4 деген математика илиминин эң жөнөкөй эрежеси. Демек бул да илимдин бир бөлүгү. Сен илимдүү киши катары муну билесиң. Бирок, эсиңде болсун, сен ага 2 көбөйтүү 2 барабар 4 болсун деп буйрук берген эмессиң. Сен анын ошондой экенин гана билесиң.

Дагы бир мисал. Дүйнөлүк математика олимпиадаларында катышуучуларга 2 эле суроо берилет имиш. Эки эле маселе. Бирок, ар бир маселени чыгарыш үчүн ондогон эрежелер, туюнтмалар, амалдар аткарылып, ондогон барактарга чубалып отуруп бир канча саатта араң бир эсеп чыгарылат экен. Элестетип көрүңүз, бир эсеп 10-20 чакты баракка чубалып жүрүп отуруп араң жообу чыгат. Же тактага жазсаң бир бети, эки бети, ортосу, чети, кыры, анан дубалдын бетине чейин жазылып жүрүп араң аягына чыккан эсеп... Мына ушул эсеп да илим. Математика илими. Чыныгы математик үчүн ал жердеги ар бир сан, ар бир туюнтма маанилүү. Ортодон бир эле амалды аткарбай койсоң маселеңдин аягы чыкпай калат, же тескери кетет. Демек, анын эч бир жерин бурмалай албайсың. Математика илиминин ээси аны билет. Бирок, ал эсепке ушундай бол деп буйрук берген жок. Ал билген илимине жараша эрежелерди, амалдарды кууп гана жүрүп отурду. Эгер эс тутуму жараса, аны ошол бойдон жаттап алмак да, кийин көз алдына элестетип алып жаза бермек. Бирок, бул анын «Эй эсеп, сен ушундай чыгарыл» деп буйруп атканын билдирмек эмес.

Пенденин тагдыры да ошондой. Кокус бир киши бүгүн кырсыкка кабылса, ал аны дароо Кудайдын буйругу катары көрүп, маңдайга ушул жазылган, мындан эч кайда качып кутулмак эмесмин деп кутула албайт. Себеби, ага эч ким кырсыкты буйруп, мажбурлап кабылткан жок. Анын ошого кабылары күн мурунтан, же ай мурунтан жүргүзүлгөн, беттен-бетке өтүп чубалжыган эсеп гана болду. Ооба, Алла билген эсеп гана. Анын өмүрү эреже менен агылып келип, чубалып келип ошол жерден, өмүрдүн ошол үзүндүсүнөн ошол окуя жүзөгө ашып отурат. Мисалы, ал дайыма бурулуштан туура эмес чыкчу. Же дайыма катуу айдачу. Же дайыма бурулуу белгисин бербей туруп бурулуп чыкчу. Мына ушунун баары эсептелип, дагы башка факторлор буга кошумча жүргүзүлүп жүрүп отуруп анан жанагы жерден Х (кырсык) окуясы болуп отурат. Демек, киши ошонун баарын өз эрки менен өзү аткарып келди. Балким так ошол кырсык болор жерде атайылап машинасын буруп ийген жок, же атайын ошол жолду тандаган жок, бирок, ал мурунтан келаткан жүрүш катары ошондой ишке ашты. Демек, аны Алла Таала да ошондой бол деп буйруган жок. Ал машинаң менен катуу барып тигил кишини сүзүп, балээге кабыл деген жок. Болгону, ал сенин ошондой болооруңду билчү. Балким тээ ата-бабаңдан бери калыптанып келаткан тукум кууган мүнөзүңдүн, бала-чагыңдагы кай бир үйрөнүп алган сапаттарыңдын, кийин кошулган чөйрөңдөн жугузган адаттардын баары жанагы математикалык эсептей болуп чубалжый жазылып, уламдан улам эсептелип келип чыккан натыйжадыр бул. Балким, дагы биз билбеген, биз эч качан байкабаган бирок, жашообузга таасир эткен факторлор да кошулаттыр. Кыскасы, ал жагы Алланын илими эмеспи. Мына ошол илим менен Жараткан аны таптак билет. Бирок, ошону ошондой кыл деп эч бир кулуна буйрубайт. Себеби, бул сыноо дүйнөсү. Демек ар бир жаратылган, акыл-эс, эрк берилген кул аны өз эрки менен чечип, сыноосунан өтүшү керек. Ооба, тагдыр деген ошондой Алла илгертен билген илим гана. Баса, адамдын илими Алланын илиминин жанында мухиттен суу чокуган чымчыктын тумшугуна жуккан суудай гана деп айтылып атпайбы. Демек, Жараткан ошол көз жетпестей чалкыган илими менен ар бир кишинин туула элек кезинен тартып, тээ баланчанчы тукумунун кандай болооруна чейин эсебин жүргүзүп, билип койгон тура. Ооба, Анын билими андайга жетпейт деп эч ким талашпас...

Баса, мындан келди, адам өмүрү, жалпы эле адамзат өмүрү чубалып гана жаткан математикалык татаал эсептей десек да ката болбос. Же жөнөкөйлөштүрө келсек, бир кишинин өмүрү өзүнчө бир математикалык эсеп. Андагы ар бир окуя, ар бир кыймыл ошол эсептеги сандар, туюнтмалар, кошуу-кемитүү сындуу амалдар жана берилиштер. Бирок, Алла аны билип гана алганы болбосо, анын баары биздин эрк менен аткарылат. Ар бир амал кийинки санды, туюнтманы пайда кылат. Кудум, бул жердеги ар бир тандооң кийинки күнүңдү, же кийинки мүнөтүңдү белгилегендей...