Орусия

​Чыныгы аялзатынын 10 сапаты

25 августа 2018 г. 21:03 4163

Чыныгы аялзаты кандай болуш керек деген эркектер үчүн кызыктуу тема. Ошондуктан кириш сөз деп көп сөз кылбай эле дароо алардын оюн билели.

Орусиялык эркектин ою боюнча чыныгы аялзаты төмөнкүдөй:

1. Сүйүү тартуулай билүүсү

Феминист аялдар эмне деп кыйкырбасын, эркектер үчүн анын сүйө билүүсү, өз жылуулугу менен мээримдүүлүгүн тартуулаганы аялзатынын эң негизги зарыл сапаты. Ал шумдук сулуу, бай, сексуалдуу болсо да, эркегин чын ыкластан сүйө албаса, анда ыкластуу сезим күтө албайт.

2. Боорукер

Кең пейилдик эркектин сапаты, боорукерлик болсо аялдыкы. Ал башканын гана эмес, өзүнүн да каталарын кечире билүүсү зарыл. Наполеон Бонапарт айткандай “Сулуу аял көздү жубатат, боорукери жүрөктү. Биринчиси сонун буюм болуп берет, экинчиси түгөнгүс кенч”.

3. Назиктик

Ал аялдай көрүнүп, өзүн аялдай алып жүрүүсү керек. Назиктикти сөз менен айтып жеткизүү оор. Ал же бар, же таптакыр жок. Далактаган аялдар өз табиятына төп келбеген жандыктар, алар чыныгы аялзаты эмес.

4. Акылман жана сабырдуу

Мында диплом менен академиялык билим тууралуу сөз болгон жок. Кишинин ички дүйнөсүн таап, нерселердин маңызын көрө билген тубаса, табигый, чыныгы аялзатына айланткан акылмандыкты айтып жатабыз. Ал табияттын мыйзамдары менен мамилелерди генетикалык деңгээлде түшүнөт. Ал жашоосуна кубана алат.

5. Жакшы психолог

Ансыз эркегин кантип каалаганындай чимирип, чеберчилик менен башкара алат? Ал тегерегиндеги кишилерди талдап, алардын эмнеге минтип ойлонорун жана эмнеге ушундай аракет кыларын түшүнө алат. Бул өзүнө ылайыктуу эр тандап алуу үчүн бардык аялзаттын табиятына орнотулган жөндөм.

6. Алсыз жана күчтүү болуусу

Өз эринин, же жигитинин жанында алсыз болушу керек. Анысы менен ага болгон ишенимин көрсөтөт. Бирок жанында сүйгөнү же эри болбой калган кезде алсырап, тагдырына нааразы болбогон, өз келечегин өзү куруп кете алган, күчтүү боло алсын.

7. Эмгекчил

Ал жылуулугу менен эмгегин тартуулаганды сүйөт. “Абышкаларынын” жанында жаңы өтүк сатып алуу менен гана алектенген “чойроке” эмес. Баса, бул жердеги “эмгекчилдик” деген көп акча табуу эмес. Аны менен эркектер алектенсин. Аялдын эмгекчилдиги үй-жай менен бала-чаканы кароодо.

8. Чарбачыл

Үйү дайыма жыйнактуу, эри ток, балдары кийинген. Болду!

9. Адилеттүү

Ал өз эринин жүзү каралыкка, сыйга татыбаган жүрүм-турумга барышына жол бербейт. Албетте, өзү да андайга барбайт.

10. Ар түрдүүлүк

Ал таң эрте – сергек, түштө – таттуу тамак, кечкисин – атыр жыттанат. Абалга, жагдайга жараша чарбачыл, назик, сүйкүмдүү, кежир, катуу, күчтүү, алсыз, сексуалдуу, иий деги койчу, ар түрдүү боло алсын!

Inbalashikha.ru, Орусия