Орусия

​Орусияга каршы санкциялар бир нерсе өзгөртө алабы?

23 августа 2018 г. 17:07 1126

Батыштын Орусияга каршы санкциялары кылдат колдонулган каржы куралы эмес эле жылдар бою созулган “тыптыйпыл чыгарган согушка” айланды

Быйыл Вашингтон алдыга суурулуп чыгып, Орусияны Сирия менен Украинадагы аракеттери, жана жалпы эле “дүйнө боюнча карасанатайлыгы” үчүн жазалап кирди. Орусиянын президенти Владимир Путин болсо экономикалык өсүүнү шарттаган чаралардын ордуна узак мөөнөттүү туруктуулук алып келген экономикалык коргонууну күчөтө баштады.

Натыйжада санкциялар Орусиянын алыскы экономикалык келечегине эмитен эле кедергисин тийгизе баштады. Бирок жакынкы келечекте мындан оор чаралар да олуттуу кризиске алып келип, орусиялык саясатка таасир тийгизээри билинбейт.

“Сакциялар өлкөнүн макроэкономикалык туруктуулугун копшой алган жок, - дейт Москвадагы Экономикалык жогорку мектептин каржы боюнча адиси Александр Абрамов. – Бирок санкциялар өнүгүү жолун бөгөп турат. Өсүүнүн тездөөсүнө, натыйжалуу реформаларды жүргүзүүгө келгенде, санкциялар өлкөнүн кендирин кесмекчи”.

Акыркы айларда эле АКШ орусиялык жарандар менен мекемелерге каршы эң аз дегенде алты жолу экономикалык чектөөлөрдү киргизди. Кибертармакта машкуулданган жалданма ишканалар, интернет-троллдор, орусиялык банк, ири ишкерлер жана түндүк-кореялык кемелерге кызмат сунду делген деңиз портунда иштеген агенттиктер бул санкцияларга кабылды.

Түндүк Корейге мунай сатканга айыпталган кеме компанияларына каршы акыркы кадам ушул шейшембиде эле ташталды. Орус чалгынынын мурунку кызматкеринин Англияда ууландырылганы үчүн киргизилген жакынкы санкциялар, жана Конгрессте каралып жаткан жаңы тосмоктор мындан да олуттуу сокку урушу мүмкүн.

Бул чаранын баары 2014-жылы Обаманын администрациясы менен Евробиримдик орусия экономикасынын секторлору менен жарандарына киргизген тосмоктордон сырткары көрүлдү. Жалпысынан алганда, АКШнын Каржы министрлигинин алдындагы Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын тизмесине кирген физикалык жана юридикалык жактар 491ге жетти. Салыштырсак, бул тизмеге кирген ирандыктар 333, кытайлыктар болсо 146.

Санкциялар орусиялык экономиканын өсүүсүн басаңдатып, шаардагы орто таптын бакубаттуулугу менен мүмкүнчүлүктөрүн кыскартты. Бирок жумушсуздук менен инфляциянын деңгээлинин төмөндүгүн эске алганда, тосмоктор өлкөдөгү фундаменталдуу экономикалык туруктуулукту бузууга жарап берген жок.

Мындан да катуу санкциялар келе жатканына карап, орус өкмөтү экономикалык туруктуулукту камсыздоо максатында бюджет профицити менен корлорун арттырууда.

Ошол эле убакта Путин батыш менен компромисске келүүгө да үмүт артып турат. Бул үмүтү ишке ашса, санкциялар Орусиянын экономикалык келечегине терс таасир берсе да, алардын жакынкы мөөнөттөгү кесепетинен кутулмак. Анын өкмөтү мунайдын кымбаттоосунан улам капыстан түшкөн кирешелерди кам корлоруна (резервный фонд) которгону менен экономиканы жандантып инвесторлорду тарткан менчиктештирүү сыяктуу күчтүү реформалардан тайсалдап турат.

“Алардын аракеттери өсүүгө багытталган жок, - дейт оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын экономикалык кеңешчиси Владимир Милов. – Алар кризис келип калса, макроэкономикалык жактан өздөрүн күчтүү сезиш үчүн бюджетти катуу көзөмөлдөөгө өтүштү”.

Экономисттер санкциялардан келчү олуттуу кризистин алдын алып, Путиндин башкаруусун копшоп жибергенге жол бербегендей мүмкүнчүлүктөр Орусияда жетиштүү дешет. Бирок тосмоктордун барган сайын көбөйүүсүнөн жана аларга каршы күрөшүүдө Путин өсүүнү эмес туруктуулукту биринчи орунга койгонунан улам санкциялардын өлкөнүн алыскы келечегине кесепети күчөп барат.

“Акыркы убакта биз ресурстарыбызды ысырап кылбай калдык, - деди өткөн аптада бюджеттин күтүлбөгөн 2%дык профицитин түшүндүрүп жатып Орусиянын каржы министри Антон Силуанов,. – Абалдын келечекте катаалдашуусун эске алып, бекем туруу үчүн бизге нык капчык керек экенин түшүнүп турабыз”.

Бул бекемдик быйыл Улуттук бакубаттуулук фондуна чегерилген миллиарддаган долларлар менен эсептелет. Андан пенсиялык система менен Борбордук банктын эл аралык кору камсыздалып турат. Бул кор акыркы айларда 460 млрд долларга жетти. Орусиянын алтын кору эле беш жыл мурункуга караганда эки эсе көбөйүп, 80 млрд долларга чыкты.

Орусиянын экономикасын кезектеги талдоосунан өткөргөн Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) өлкөнүн реалдуу кирешеси “басаңдап”, башка чыгыш-европалык мамлекеттердикинен артта калганын эскерткен. Бирок ЭВФ “макроэкономика саясатынын бекем пайдубалын орнотту” деп орус өкмөтүнүн ишин жогору баалап, бул “кайра күч алган геосаясий чыңалуудан” келген белгисиздик дооруна туруштук берүүгө күч берет деген.

Мисалы, Борбордук банктын жетекчиси Эльвира Набиуллинанын ишмердиги эл аралык алкоого татыган.

“Санкциялар өкмөттүн экономикалык блогун такшалтып, аны татаал абалдарда натыйжалуу иштегенге көндүрдү”, - дейт Абрамов.

Кремль каржысын бекемдөөдө мындан да радикалдуу чараларды көрүүгө даярданып жатат. Рублдун кунунун төмөндөөсүнөн уткан кен казуучу жана башка ишканалардан алынуусу болжолдонгон жаңы салык мамлекеттик бюджетке жылына кошумча 7,5 млрд доллар алып келмекчи. Путиндин башкы экономикалык кеңешчиси сунуштады деген бул кабар сыртка чыгып кетээри менен кээ бир министрликтин аткаминерлери дүрбөдү. Алар мындай салык ансыз деле мамлекеттин кийлигишүүсүнөн кооптонуп турган инвесторлордун ишенимин биротоло талкалайт деп коркушат.

Лондондук IHS Markit изилдөө компаниясынын башкы экономисти Лилит Геворкяндын баамында, Орусияга каршы киргизилген батыш санкциялары бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн кыскарткандыктан, инфраструктурага келчү инвестициялардын жетишсиздигинен жана жаңылануунун басаңдаганынан улам өлкөнүн экономикалык өсүүсүн жылына 0,2%га азайтат.

Кыска мөөнөттүк келечекте санкциялардын оң да тарабы бар дейт Геворкян. Чет элдик инвестициялар менен насыялардын токтогону ири жана чакан ишканаларга таасир берди. Бирок алар орусиялык валютаны алсыратып, өндүрүмүн долларга сатып, рубль менен инвестиция кылган орусиялык экспортчулар менен энергетикалык компанияларга жардам берди. 2014-жылы Путиндин санкцияларга каршы сокку уруу максатында Батыштан келген азык-түлүктү киргизбөөгө багытталган контрсанкциялары орусиялык өндүрүштү жанданткан. Мындан улам Орусия учурда айыл-чарба товарларын куралдан да көп сатып калды.

Орусияда Путиндин өкмөтүн сындагандар да тосмоктордун пайда берээринен арсар. Алар АКШ Орусияны курчап салды деген Кремлдин апыртмаларын тастыктап, Батышка багыттанган орто таптын өнүгүүсүнө кедергисин тийгизүүдө. Навальныйдын экономикалык кеңешчиси Милов санкциялар кыска мөөнөттө натыйжа бербейт деген ойдо. Бирок орусиялык мамлекеттик бактарга киргизилген кошумча чектөө чаралары жана Конгресс сунуштаган жаңы санкциялар акыры таасир этет деп эсептейт.

““Санкциялардан улам экономика ойрон болот” деп күтүү туура эмес, - дейт Милов. – Каржы тосмоктору иштейт, бирок бул узак жараян. Орусиялыктар Путиндин тышкы саясаты туңгуюкка алып бараарын көрүүлөрү керек”.

Антон Трояновский, The Washington Post, АКШ