Ислам дүйнөсү

2-​Кыскача: “Хизмет” (Ф.Гүлен) кыймылынын өтмүшү, бүгүнү жана келечеги

23 августа 2018 г. 10:09 3636

“Хизмет” кыймылын изилдөө борборунун (Британия) мүдүрү, доктор Исмаил Сезгиндин бул жамааттын өтмүшү менен бүгүнү жөнүндө ойлору өткөн аптадагы бул макалада жазылган. Бул анализи уланып, хизметтин келечекте жандуу калуусу үчүн кандай аракеттер керек экени тууралуу сөз кылынат

Бүгүн хизметтин эски, классикалык бюрократиясы алсырап, мурункудай иштей албай, кээ бир жерлерде толугу менен жоюлуп кеткенин көрөсүз. Муну жаңы стратегияларды иштеп чыгууга сонун мүмкүнчүлүк катары көрсө болот. Бирок хизметтин ичиндеги бюрократия мындай жаңыланууну баштап кете албашын көрүп турабыз.

Түрк бийлигинин басымы менен көп өлкөдө хизметке тиешелүү мекемелер жергиликтүү башкарууга өткөрүлүп берилди. Хизмет бюрократиясы кааласа да, каалабаса да Азербайжан, Кыргызыстанда жана башка бир топ мамлекетте башкаруу жергиликтүү кадрлардын колуна өттү. Бул өтө кызыктуу нерсе. Анткени кыймылдын “агалык” (ага-бейлик), башка маданияттардан жогору сыяктуу “сага бир нерсе үйрөтөйүн, түшүндүрөйүн, жетектейин” деген мүнөзү бар болчу. Түрк жамааты өзүн жогору коюп, агалык кылып жаткандай түшүнүк бар болчу.

Ушундан баштап “түрк лицейлери” делген, Түркиянын кошумча элчилиги сыяктуу түрк желегин желбиреткен көрүнүштөр кыска мөөнөттө жок болуп кетти. Мындай улутчулдук мүнөзү өтө тез жоюлуп, маселе тескерисинче – “бул түрк улуту жакшылыкты билбеген нанкөр улут экен” деген сыяктуу көз карашка өттү.

Буга чейин Фетхуллах Гүлендин түрк улутун жогору туткандыгы тууралуу жаңылыш пикир калыптанып калган. Албетте, түрк улутчулдугун, Осмон доорун хизметтин керегине жараткысы келгенин байкаса болот, бирок ашкере түркчүлүгү бар деп айта албайсың.

Ошентип түрк мектептери эл аралык окуу жайлар болуп калды. Азыр карасаң француз, немис, кыргыз, азербайжан, афган, пак, африкалык окуу жайларга айланды.

Мында түрк тил олимпиадаларын да мисал кылса болот. Башында кичине балдарга түрк тилин окутуп, түрк гимнин жат ырдатып, түрк маданиятын өздөштүргөн окуучуларды Түркиянын бардык аймактарында көрсөтүп, түрк калкынын улутчулдугун колдонуу бар болсо, азыр көп тилдүү жана маданияттуу олимпиадаларга айланды.

Хизмет мындан кийин эң бери дегенде беш-он жыл Түркияда кайра мыйзам талаасына кабыл алынып, жамааттын кишилери бул өлкөдө бир нерсе кылуусу мүмкүн эмес. Ошондуктан акылы ордунда болгон ар бир кишинин “Алла Тааланын мекени кең” деп башка өлкөлөргө чыгып, ал жерлерде пайдалуу эмне кыла алабыз деген ойдо экенин көрүүгө болот. Түркия жакын арада хизмет кишисине иштей алчу, ал эле эмес кенен баса алчу жер болуп бере албайт.

Ошондуктан 2000-жылдары башталып, 2010-жылдары бекемдеген Түркияны борбор туткан доору бүтүп, хижретке багытталган доору келди. Бул мурункудай көңүлдүү көч эмес, азрети Мусанын коопсуздук үчүн Египеттен айрылганы сыяктуу, качуу мүнөзүндөгү хижрет. Башка бир жерде тынчтык табуу, башка жерде жашоо, кызмат кылуу аракети башталды.

Түркиядан сыртка кетүү өтө маанилүү өзгөрүү. Хизметтин ичиндеги чечим чыгаруу механизмдери иштебей калгандыктан, жеке демилгенин алды ачыла баштады. Хизмет Түркияда жаңы башталып жаткан кезде жеке демилге өтө чоң күч эле, жамааттын чыныгы потенциалынын бири болчу. Бирок жамаат калыптанганда, кишилер бул калыпка төп келе албай кыйналып баштаган. Кишинин өздүгү болгон, жеке демилгеси менен жеке жоопкерчилиги аркага чегинип, анысын жамааттын өздүгүнө төп келтирип, конформизмге барууга мажбур болгон. Мындай көрүнүш чектелсе да, учурда уланып келет. Киши бир нерсе тууралуу “мен инсан катары эмне деп ойлойм” дегендин ордуна, “бул тууралуу биз эмне деп ойлошубуз керек” деши ошондой конформизмден келип чыккан десек болот.

Учурда хизмет жаңылануу толгоосун тартып жатканына күбө болуудабыз. Албетте, бул өзгөрүү көп кишиге өтө жай кетип жаткандай көрүнүшү мүмкүн, бирок өтө кыска мөөнөттө улутчулдуктан кутулуп глобалдашуусу, 3-4 жыл ичинде бир топ өлкөдө башкаруу жергиликтүү кадрларга өтүп ачык айкын абалга келүүсүн эске алганда эле – бул таң калычтуу өзгөрүү экенин баамдаса болот.

Бардык өлкөдө хизметтин отурукташуусу менен ачык-айкын абалга келүүсү жергиликтүү калктын көңүлүн өзүнө бура алды. Буга Эрдогандын опузасы да жакшы жардам берди десе болот.

Учурда хизметке көңүл бергендердин 90-95 пайызы орто жаштан өткөндөр экенин байкоого болот. Алар өмүрүнүн бир убагында хизметтин принциптери, философиясы менен таанышып бул кыймылга кирүүгө чечим чыгарган кишилер экени байкалат. Бирок бул инсандар өз бала-чакасына хизметти кабылдатып, аны улантканга себеп болгон кишилер эмес. Мына дал ушул – бул кишилердин генерациясынан хизмет кийинки жаш генерацияга өтө алабы деген маселе өтө маанилүү.

Алдбыздагы он жылда хизмет эмнеге жете алат деген суроо, өтө оор суроо. Мен бул өңүттө үмүттүүмүн. Айрыкча түрк олимпиадаларынын эл аралык мүнөз алып кетүүсү, түрк лицейлеринин жергиликтүү окуу жайларга айлануусу, жамаат бюрократиясынын алсырап, жеке жорумдар айтылып ишке жарап бара жатканы, жана мунун узак мөөнөткө созулчуудай көрүнгөнү өтө олуттуу өзгөрүүлөр.

Биз, толугу менен жергиликтүү инсандардын башкаруусуна өткөн лицейлер, алдыдагы беш жылда өз коому менен бирге хизметтин кайсыл түрүн иштеп чыгаарын айта албайбыз. Сырттан канчалык аракет кылсаңыз да жергиликтүү маданиятка олуттуу таасир бере албашыңыз илимий далилденген. Мисалы, Сауд Аравиясынан келген бир аалым түркчө үйрөнүп, өтө сонун лекцияларды окуй баштаса да, жергиликтүү калктын көбү аны ээрчип кетпейт, анын айткандары попкультурага айланбайт. Бирок өз калкынын тили менен маданиятын жакшы билген кишилер ал аалымдын пикирин мекендештерине тез эле сиңирип кете алат.

Беш жылдан кийин хизмет кыймылында жергиликтүү кадрлар күч алышы мүмкүн. Алардын турмушка ашкан жоруму түрктөрдүн жорумунан жакшыраак болчудай көрүнүп турат. Бул жагдай алдыдагы беш жылда хизмет кыймылын күтүлгөндөн да тез өзгөрүүгө түртүүсү мүмкүн. Ошондуктан хизмет инсаны бутунун учуна эмес, алды жагын карап, жаңы нерселерге аракет кылуусу зарыл. Хизмет, дүйнө күтүп тургандай, универсалдуу ислам моделин чыгарат деген ойдомун.

Түркиядагы хизмет кыймылын жок кылуу, ага каршы зулумдук аракети жамааттын туура тарапка баштануусуна себеп болгондой көрүнүп турат.

Исмаил Сезгин, “Хизмет” кыймылын изилдөө борборунун мүдүрү (Британия), VideonTR