Кытай/Индия

​Батыш дүйнөсү кытай инвесторлоруна эшиктерин жабууда

22 августа 2018 г. 17:13 1721

Өнүккөн өлкөлөрдө Кытайдын технологияга инвестиция жумшоосуна гана эмес, мисалы, акылдуу ысыткыч менен газон чапкан роботтордун технологиялык бөлүкчөлөрүн чыгарган компаниялардын үлүшүн сатып алууга да эшик жабылууда.

Президент Дональд Трамп өткөн аптада АКШнын чет элдик инвестициялар боюнча комитети (CFIUS) иштеп чыккан мыйзам долборуна кол койду. Ал боюнча Көзөмөл комитетинин ыйгарым укуктары кеңейип, персоналдык маалыматтарды иштетекен технологиялар, инфраструктура жана ишканаларга аз үлүштүү же пассивдүү инвестиция кылынса да, көзөмөлдөөгө уруксат берилди. Эрежелер буга чейин эле катуулап келген, бирок эми чектөөлөр формалдуу калыпка түшө баштады.

Чектөө аракети

Буга атактуу Жек Манын компаниясынын Ant Financial каржы бөлүмүнүн америкалык төлөө сервиси MoneyGram Internationalды сатып ала албай калганы мисал. Буга төлөм сервисин колдонгон АКШнын аскерлеринин өздүк маалыматтары “карасанатайларын” колуна өтүп кетиши мүмкүн деген CFIUS комитетинин чочулоосу тоскоол болгон.

Кытайлык Broadcomдун америкалык Qualcommду 117 млрд долларга сатып ала албай калганын да мисал келтирсек болот. Көзөмөл комитети кытайлык Huawei Technologies компаниясы бул келишимден пайдаланып, технологиялык чабалдыгынан чыгып кетүүсү мүмкүн деген чочулоосун билдиргенде, Трамп жогорудагы эки компаниянын биригүүсүнө тыюу салган.

CFIUS комитетинин ыйгарым укуктарын кеңейткен мыйзамдын дагы бир тарабы бар.

Мурун “CFIUS комитети өзү кайрылмайынча аны эскертүү ыктыярдуу болгон” дейт Вашингтондогу Baker & McKenzie компаниясынын соода-сатык боюнча адиси Род Хантер. Мындан кийин, чакан “интеллектуалдык” өндүрүшү бар америкалык компанияга да инвестиция жумшайм деген тарап катуу текшерүүгө алынмакчы.

Мында түшүнүксүз нерселер көп. Кандай болбосун компания алдыга жылыш үчүн маалыматын сатканганга аракет кылган бул дүйнөдө “персоналдык маалыматтын” кайсыл түрлөрү көөптуу? Маалыматтын бардык түрү инфраструктуранын маанилүү объектти болсо, Кытай кайсынысына кол узата алат? Эки жыл мурун General Electricтин, акылдуу үй технологияларын өндүрүүгө багытталган, үй техникаларын чыгарган бөлүмүн сатып алган Haier Group, быйыл ушундай келишим түзө алмак беле?

Кытайдын көйгөйлөрү АКШ, Австралия жана Канаданын чектөө саясаты менен аяктап калган жок. Акыркы жылдары Кытайга жага баштаган Европада да абал катаалдап кетти.

Европадагы абалы

Канцлер Ангела Меркелдин өкмөтү эки жыл мурун кытайлык Midea Groupтун өндүрөштүк роботторду чыгарган Kuka компаниясын сатып алуусунан кийин чыккан ызы-чуудан алигиче эсине келе элек. Бул айда Меркелдин өкмөтү биринчи жолу Кытайдын немис компаниясын сатып алуусуна вето койду. Ал жабдыктарды чыгарган Leifeld Metal Spinning компаниясынын кытайларга өтүп кетүүсүн токтотту.

Германия Евробиримдиктин мүчөсү болбогон компаниянын сатып алуусун көзөмөлдөөгө уруксат берген 25%дык ченди мындан да төмөндөтүүнү каалайт. Жада калса Брекситтин айынан Евробиримдиктен чыгып, Кытай менен кызматташууга кызыктар Британия да чакан компаниялардын биригүүсүн, акциялардын көзөмөл пакети менен интеллектуалдык менчиктин сатылуусун текшерүүгөө киргизилген чектөөлөрдү толугу менен алып салууну сунуштап жатат.

Бул “Кытайда жасалган – 2025” стратегиясынан Пекиндин толугу менен баш тартуусу керек дегендик эмес. Журналист Ной Смит жазгандай, биргелешкен ишканаларды түзүү, буга чейикидей эле, максатталган технологияларга жетүүнүн негизги ыкмасы бойдон калууда. Башка ыкмалар натыйжасыз болгон кезде, Кытай өзүнүн монополияга каршы куралдарын колдоно алат. Баарын соода-сатык согушуна төңкөй салуу оңой, бирок Broadcom менен Qualcommдун биригип кетүүсүнө Трамптын тыюу салуусу менен бул жайында америкалык компаниянын кытайлык NXP Semiconductorsту ала албай калгандыгынын арасында байланыш бар экенин байкоого болот.

Факт факт бойдон калат. Кытайдын жаңы технологияларды тартуу ыкмалары чектелүү. Бул жагдай Пекинди туңгуюкка кептеп турат. Андан эл аралык эрежелер менен ойноп, ички базарын дүйнөгө ачууну талап кылып жатышат.

АКШнын Уол-стрити он жылдап нааразычылыгын билдирип келгенден кийин, Кытай өзүнүн каржы секторун ачам деген убада берди. Пекин ар түрдүү тарапта иштеген жергиликтүү компанияларынын көзөмөл пакеттерин чет элдиктерге сатуу шарттарын жеңилдетти. Демек, жогорудагы жагдайларды батыш өлкөлөрү каалаган эки тараптуу жеңилдиктерге жол ачуу деп эсептесе болот. Бирок, кандай болбосун, азыр дүйнөнүн эшиги кытайлык инвестицияларга жабылып бара жаткан кез.

Ниша Гопалан, Bloomberg, АКШ