Батыш

Доллар алсырадыбы: АКШнын валютасын ким кулатат

20 августа 2018 г. 19:03 3492

Доллар 50 жылдан ашык мөөнөттөн бери негизги дүйнөлүк валюта болуп келет. Бирок эксперттер ал алсырашы мүмкүн деген ойдо. Эмне жана ким долларды макамынан алып түшүүсү мүмкүн.

Эгер валютанын туруктуулугу аны чыгарган өлкөгө болгон ишенимге байланыштуу десек, учурда АКШнын абалын жакшы деш кыйын. Дональд Трамп Вашингтондо отуруп алып, бардык дүйнө менен салгылашып жатат. Кытай менен соода-сатык согушу алоолонгон маалда ал Орусия менен Түркияга тап берип турат. Бирок алар жооп кайтарууга даяр. Ал экөө АКШнын лидерлигине шек келтирип, доллардын статусун копшоо аракетинде.

БААРЫ ЭМНЕДЕН БАШТАЛДЫ

Америкалык валюта 1945-жылдын 14-февралында Суэц каналынын жанында якорун таштаган USS Quincy аттуу оор крейсердин бөлмөлөрүнүн биринен дүйнөнү багынтууга аттанган. Ар түрдүү кресло менен үстөлдөр, килем менен америкалык жылдыз-сызыкча байрак опур-топур алып келинип, төшөлүп-коюлган кают-компанияда кабылдама сыяктуу бир нерсе курулган. Мунун баары калың болот дубалдардан куралган согуштук кеменин ичинде жайгашканын унутпайлы. “Куинси пакты” деп аталган келишимге кол коюуга бир нече киши катышкан. Пакт боюнча сауд мунайын чалгындоо жана иштетүү укугу америкалыктарга гана берилип, бул укуктун ордуна алар сауддарды тышкы күчтөрдөн корууга милдеттенишкен. Мындан сырткары король Ибн Сауд мунайды долларга гана сатуу макулдугун да берген.

Ага чейин доллардын алтын стандартына байланбай калганынан он жылдан ашык убакыт өткөн. Ошентип Кошмо Штаттарынын валютасы кайра бир затка, мындан баштап “кара алтынга” байланып калган. Бул АКШ үчүн чоң утуш болду, анткени мунайга болгон талап күн санап артып, аны менен бирге доллардын салмагы да оорлошуп кете берген. Ушундан тартып эл аралык экономикалык келишимдин көбү долларга жараша эсептелип баштаган.

Бүгүн да ошондой. Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) маалыматы боюнча эл аралык валюталык кордун 62%ы долларда сакталат. Салыштырсак 20% кор евродо, андан кийинки жапон йенасы менен англис фунтунда бешке жетпеген пайыз кор сакталат.

Валюта алмаштыруунун 85%ы да доллар менен башка валюта арасында өтөт.

АКШнын Федералдык кор системасы (ФКС) доллардын глобалдык артыкчылыгын камсыздап келген. Көбүнчөсүн ушул фонддун АКШ өкмөтүнөн көз карандысыз саясатынан улам америкалык валютанын лидерлигинен шек саналбай келет.

ИНВЕСТОРЛОРДУН “ТЫНЧ МЕКЕНИ”

Доллардын ликвиддүүлүгү (туруктуулугу) аны инвесторлор үчүн “тынч мекенге” айланткан. Аны каалаган убагыңда кайра сатып жиберсең болот. Кээде бул касиети таң калычтуу абалдарды жаратат. Мисалы дүйнөлүк экономиканы оор абалга АКШ өзү кептеп “куйкум жыттана” баштаса да, борбордук банктар менен ири компаниялар баш болгон инвесторлор активдерин баары бир долларга өткөрүп киришет. Акыркы каржы кризиси маалында да ушундай болгон. АКШнын Конгресси америкалык мамлекеттик карызга чек коюуну тартышып баштаса да ошондой эле көрүнүш.

Экономист Барри Эйхенгрин муну АКШнын “көтөрө алгыс артыкчылыгы” деп, аны жакында жыга алчу валютаны көрбөйт. Доллардын эки негизги атаандашынын олуттуу кемчиликтери бар. Эйхенгрин еврону мамлекетсиз валюта, кытай юанын мамлекети өтө эле көп валюта деп сапаттаган. Башкача айтканда, евро тез арзандап кетсе, аны турукташтырууга белсенген өкмөт жок. Юандын кунун болсо эркин базар эмес Кытайдын саясий жетекчилиги аныктайт.

ДОЛЛАР МАКАМЫНАН АЖЫРАШЫ МҮМКҮН

АКШнын учурдагы саясаты менен экономикасын эске алсак, дүйнө каржы базары жакшы тескелип жатат деп айта албайсың. Трамп атаандаш валютасы бар Кытай баш болгон башка өлкөлөрдү акчасынын куну менен ойноп жатат деп айыптап бүтө элек жатып, өзүнүн борбордук банкына кандай акча-насыя саясатын жүргүзүш керек экени тууралуу бир нече твитт атып жиберет. Буга чейин Федералдык кор ырааттуу көз карандысыз саясат жүргүзүп келген. Бирок Ак үйү кеңеш берип, канча пайыз менен каражат берүүсү керетигине байланыштуу талап коë баштагандан бери ФКСтин саясий нейтралитетине ишенсе болобу деген суроо күндемге чыкты.

Трамптын экономикалык саясатын да аныктап болбойт. Анын аракеттери бири-бирине карама-каршы келип жатат. Ал ири соода-сатык келишимдер жөнүндө жар салат, бирок убадаланган келишимдери жок эле анын мурунку макулдашуулардан чыкканын көрүүдөбүз. Кытай менен экономикалык тиреши, Орусия менен бүдөмүк мамилелери, улуттук валютасы лиранын урап түшүүсүнө алып келген Түркия менен талашы... Чын эле, учурдагы абалда долларды тынч мекен деп айтуу кыйын болуп турат.

Кайсыл валюта келечекте алдыга чыгат деген суроо турат. Орусия менен Түркия долларды ортомчу кылбай, эл аралык базарларда улуттук валюталары менен эсептешүүнү пландап жатышканын жар салышты. Балким башка өлкөлөр да аларды үлгү тутуп, дүйнөлүк каржы базарында америкалык валютанын артыкчылыгы төмөндөйт. Бирок доллар дүйнөдөгү эң күчтүү валюта бойдон кала бермекчи. Башаламан абалда да АКШга болгон ишеним, башка валюталардын аркасында турган өлкөлөргө караганда күчтүүрөөк болгон убакта, ошондой боло бермекчи.

DEUTSCHE WELLE, Дүйнө