Ислам дүйнөсү

Туруксуз валюта: Түрк кризиси кандайча болду?

19 августа 2018 г. 15:11 1933

Түркиянын валютасы лиранын тез кунун жоготуусу америкалык пастор Эндрю Брансонго жана түрктөрдүн АКШга кирген алюминийи менен болотунун кымбатташына гана байланыштуу эмес. Түркиянын экономикалык кризиске кептелүүсү дүйнөлүк финансы чөйрөсүндө эбактан эле айтылып келинген абал болчу. Белгилүү экономистер, эл аралык каржы компаниялары Түркиянын экономикасы төмөндөп баратканын белгилеп, экономикалык мыйзам ченемдүүлүктөрдү эске алган туура чараларды көрүү зарыл экенин эскертип келишкен. Түрк өкмөтү эскертүүлөргө көңүл бурган жок. Тескерисинче каршы чыгып туруп алды. Жыйынтыгында мындай көк беттик алып барчу күтүлгөн абалга кептелди.

2007-жылдары Федералдык резервдик банк (FED) арзан долларларды АКШнын банктарына бере баштады. Банктар болсо, бул арзан долларларды Американын ичинде эмес, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө иштетишти. Түркияга окшогон өлкөлөр да мындай арзан акча каражатты алып, иштетип кирди.

Түрктөр арзан валютаны көбүнчө үй, заңгыраган соода борборлорун, жолдорду, учак майдандарын жана кымбат көпүрөөлөрдү курууга жумшады. Экспортко багытталган товар чыгарчу өндүрүшкө, фермердик чарбаларга маани берилген жок.

2013-жылы АКШнын борбордук банкы “таркатылган" арзан каражатты кайтарып баштаарын билдирди. Акырындап бир, бир жарым жыл ичинде арзан долларлар кайтарылып алынды. Доллар бүт дүйнөдө кымбаттай баштады. Арзан акчаны туура эмес колдонгондор албетте кыйын абалда калышты.

Бирок түрк экономикалык кризисинин себебин бир эки фактор менен эле чектеп коюу канчалык туура болот? Түркиянын мамлекеттик жана жеке секторлорунун учурдагы карызы 300 миллиард доллардан ашты. 2018-жылдын жети айында экспортко караганда импорт 50 миллиард долларга көп болду. Инфляция 18,8 пайызды түзүп, жумушсуздук 11 пайыз болгон. Ал эми насыя алган 3 миллион жараны карызын төлөй албай иши сотко өтүп кеткен.

Кризистин себептери

Биринчи жана эң негизги себеп – Түркияда режим алмашты. 2015-жылдын башынан эле өлкө жеке башкаруу режимине карай бет алганда, чет өлкөлүк инвесторлор кача баштаган. Буга байланыштуу доллар жай болсо да акырындап көтөрүлүп келе жаткан. Парламенттик система менен жашап келген өлкө быйылтан баштап президенттик башкарууга өттү. Үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда өткөн Конституцияны (режимдин алмашуусун камтыган) өзгөртүү жөнүндө референдумга чейин эле түрк лирасы төмөндөп кирген. Экономистердин байма-бай эскертүүсү (экономистер акчаны курулушка эмес өндүрүшкө сарптоону сунушташкан) Эрдогандын өкмөтүнө таасир берген жок. Керектүү чараларды көргөндүн ордуна “"тышкы күчтөр" доллардын курсун көтөрүп жатат” деген, кыска мөөнөттүк кызыкчылыктарды көздөгөн, саясий-популисттик жооптор менен чектелген.

Экинчиден, начар башкаруу экономикага таасирин тийгизди. Өкмөттүн каржы саясаты базар экономикасынын мыйзамдарына төп келген жок. Жумуш ордун көбөйтүүчү, экспортту арттыруучу иштер жасалбай калды.

Үчүнчүдөн, мыйзамдын чегинен чыгуу бизнестин өнүгүшүн токтотту. Өлкө 2014-жылдан бери укуктук талаадан алыстап кетти. 2016-жылдын июль айындагы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин, Түркияда өзгөчө абал жарыяланды. Өлкө Конституциясыз башкарыла баштады. Миллиарддаган доллардык жеке менчик мал-мүлк, фирмалар өкмөт тарабынан мыйзамсыз тартылып алынды. Булардын көпчүлүгүнүн жумушу токтоп калды. Бул абал ички жана сырткы инвестордун өлкөдөн чыгып кетүүсүн ого бетер тездетти.

Төртүнчүдөн, ачык-айкындык менен сөз эркиндигинин жоголуусу коррупцияны күчөттү. Өлкөдө бирин-серин оппозициялык ЖМКдан башка, бийликке жакын эмес ЖМКлардын дээрлик баардыгы биринин артынан бири жабылды. Өкмөт айрымдарын күчкө салып жаптырып салды.

Бешинчиден, товарларды экспорттоого караганда импорттоо кыйла өсүп кетти. Бул абал бюджеттик таңкыстыкты жаратты. Тышкы саясаттын начардыгынан экспорт дароо азайды. Жаратылыш газы, күйүүчү май сыяктуу энергетикалык ресурстар толугу менен долларга алынып, импортолуп келиши экономикага түздөн-түз таасирин тийгизди. Натыйжада карыз көбөйдү.

Алтынчыдан, жогорку макамдагы аткаминерлердин, өзгөчө президенттик апараттын ысырапкорчулугу экономикага терс таасир берди. Түркиянын тарыхында болуп көрбөгөндөй ысырапкочулук пайда болду. Мисалы, президент үчүн эле 1 милиард долларга жакын акчага хан сарайы салынды. Аны иштетип туруу үчүн эле ай сайын 20 милион доллар жумшалууда. Ар бир министр атайын кызматтык учактар менен уча баштады.

Жыйынтыгында

Эрдоган 11-август күнү элдин алдына чыгып: “Бизнемендер уккула. Банктардан валюта сатып албагыла. Элди ойлоо жалгыз эле өкмөттүн иши эмес. Бул бизнесмендин да иши. Мени “Б, С” пландарын аткарууга мажбур кылбагыла” – деп эскертти. Түрк кабар булактарынын маалыматы боюнча, Эрдогандын “Б,С” пландары калктын банктарда ачып, доллар/евролорун сактаган валюталык эсептерин тоңдурууну да камтыйт.

Бозгундагы экономист Семих Ардычтын жазгандары боюнча, Эрдогандын Иран менен кылган ”бизнеси”, Сирияда колдогон куралчан радикал уюмдардын оор кылмыштары, Турк аба жолдорунун менен мамлекеттик ТИКА фонду катышкан курал-жарак ташуу иштери АКШ менен Туркиянын ортосундагы мамилени бузуп турат. Анын азабын түрк калкы тартып жатат.

Экономикалык кризистерге каршы чукул чара көрүүгө милдеттендирилген Түркиянын борбордук банкынын дымы чыкпайт. Түркиянын Дүйнөлүк Валюта Фондуна баруудан башка аргасы калбаган сыяктуу. Бирок АКШ менен сууп бара жаткан мамилелер буга кесепетин тийгизчүүдөй көрүнөт.

Нурлан Тагаев, экономикалык аналитик, Кыргызстан