Батыш

Американын 350 басылмасы Трампка каршы аттанды

18 августа 2018 г. 14:47 1222

“Бул Пекинден Багдадга, Анкарадан Москвага чейинки заалымдын баарына журналисттерди өлкө ичиндеги душман катары көрсөтсө болот деген ишарат”. Жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) асылгандыгы үчүн АКШнын 350 басылмасы Трампты сындады.

Президенти Дональд Трамптын өзүн сындаган журналисттерди “эл душманы”, алар “фейк кабарларды” чыгарып жатат дегенине каршы 350 америкалык ЖМК 16-августта материал жарыялады. Бул акцияга американын эң ири ЖМКлары гана эмес чакан регионалдык басылмалар да катышты. Акцияны демилгелеген The Boston Globe гезитине ошол күнү чыккан макаланы сунабыз.

Эркин прессага асылуу Трамптын саясатынын маңызына айланды. Журналисттерди америка жараны эмес, “эл душмандары” катары карай башташты. Мындай, улам күч алып бара жаткан чабуулдун оор кесепети бар. Биз өлкөдөгү бардык – либералдуу жана консервативдүү, ири жана чакан редакцияларды бул фундаменталдуу коркунуч тууралуу үн катууга чакырдык.

Эркин прессаны мамлекеттик медиага айлантуу бийликке жеткен ар бир бузулган режимдин эң алгачкы кундеми болуп келген. Администрациянын саясатын ачык колдобогон ЖМКларды “эл душманы” деген сөздү АКШ президенти зикирге айлантып алды. Илгерки көз боëмочулар үмүттөнүп алдына топтолуп келген элди “сыйкырдуу” чаң же түтүн менен ысырыктаган сыяктуу, президент да бул сөз менен америка калкын аластап келет.

АКШнын экинчи президенти Жон Адамс: “Эркиндикти коргоодо эркин пресса шарт”, - деген. Эки кылымдан ашык убактан бери бул негизги америкалык принцип өлкө журналисттерин коруп, алар башка өлкөлөргө үлгү катары сунулуп келген. Учурда принциптин өзү коркунучта. Бул Анкардан Москвага, Пекинден Багдадга чейин эл башкарган заалымдар журналисттерди ички душманга айлантса болот деген ишарат.

Пресса эркин коомго керек, анткени ЖМКлар жергиликтүү бийликтен тартып, Ак үйгө чейинки аткаминерлердин куру сөзүнө ишенбейт. Ошондуктан каржыга байланыштуу иштери бүдөмүк, шектүү жүрүм-туруму өзүнүн Минюстун көз карандысыз тергөө жүргүзүүгө мажбурлаган президент жөндөн жөн туруп эле көз карандысыз пикир сунган журналисттерди коркутуп жатканы жок.

АКШда буга чейин ЖМКлардын коомдогу олуттуу орду боюнча кеңири консенсус бар эле. Бирок учурда бир топ америкалык буга макул эмес. Ipsos компаниясынын өткөн айда жүргүзгөн сурамжылоосу боюнча 48% республикачыл – ЖМКлар “америка калкынын душманы” деген көз карашта. Бул аптада жарык көргөн сурамжылоодо да республикачылардын 51%ы ЖМКлар “демократиянын олуттуу бөлүгү эмес, алар эл душмандары” деп эсептегени белгилүү болду.

Трамптын ЖМКларга каршы чабуулу күчөгөн сайын аны колдогондор демократия талаасынан алыстап бара жатышат. Америкалыктардын чейрегинен көбү, арасындагы 43% республикачыл менен бирге, “терс аракеттери үчүн басылмаларды жабууга президентке укук таануу зарыл” дешкен. Сурамжылангандын 13%ы президент Трамп CNN, The Washington Post жана The New York Times сыяктуу күчтүү ЖМКларды жабышы керек” деп жооп беришкен.

Албетте, Трамп прессанын ишине толук тыюу сала албайт. Бирок мындай көз карашты колдоо XXI кылымдын Владимир Путин жана Тайып Эрдоган сыяктуу авторитардык башчыларына жарашат. Алар үчүн маалыматтын агымын бууп салууга расмий цензуранын кереги жок.

Трампты коргогондор ал “төртүнчү бийликтин” баарын эмес, күн мурунтан жаман ойдо болгондорду айтып жатат деп ишендирет. Бирок президенттин сөздөрү менен буга чейинки окуялары анын ою канчалык бет тырмаарлык жана абийирге тетири экенин көрсөтүп турат.

АКШны түптөгөн лидерлер прессанын күн мурунтан терс жоруганы турган иш экенин билишсе да, баары бир журналисттер менен басылмачылардын эркиндигин конституцияда ачык бекитишкен. “Биздин эркиндиктер прессанын көз карандысыздыгына байлануу, ошондуктан аны чектеп туруп, эркиндикти сактап калабыз деп күтпөш керек”, - деп жазган Томас Жефферсон.

Өлкөбүз түптөлгөндөн бери кайсыл болбосун партияга кирген америкалык саясатчылар ЖМКлар күн мурунтан көзү түз эмес деп наалып, аларга таасир бергенге далалат кылып келишкен. Бирок прессаны институт катары дайыма урматташчу. Жакында эле Рональд Рейган: “Демократия үчүн жан сыяктуу зарыл болгон прессанын эркиндиги мурункудай эле маанилүү”, - деп жар салган.

“Пресса башкаргандарга эмес, башкарылгандарга кызмат кылуу үчүн керек”, - деп жазган 1971-жылы Жогорку соттун судьясы Хьюго Блэк. Бүгүн мындай болбой калды. Учурда Трамп кыймылы кыңк этпестен өзүнүн лидерин колдогон медиага гана жашоо укугун тааныйт.

Президент саясий жана жеке кызыкчылыгы үчүн өлкөдөгү араздашууну колдоп эле тим болбостон, тарапкерлерин өзүнүн кыялындагы өлкөсүнө жетелеп бара жатат. Ал өткөн айда Канзаста сүйлөп жатып: “Биз менен болгула, бул кишилерге жана фейк жаңылыктарына ишенбегиле. Силер жаңылыктардан көрүп-окуган нерселер турмушта жок экенин эсиңерден чыгарбасаңар эле болгону”, - деген. Жорж Оруэл “1984” деген антиутопиялык романында: “Партия сага өз көзүң менен кулагыңа ишенбе деп буюрду. Бул акыркы жана эң маанилүү буйрук”, - деп бул ойду Трамптан алда качан мурун эле жакшыраак айтып койгон.

Агызган калптары Трамптын өзүн объективдүү турмуштан күмөн санатып, тарапташтарын да адашуу жолуна түрттү. The Washington Post түзгөн жадыбал боюнча ажолугунун 558 күнү ичинде Трамп 4229 жалган же адаштырган билдирүү жасаган. Бирок Трамптын тарапташтарынын 17%ы гана администрация дайыма калп айтууда деп эсептешет. “Жасалма фактылар” акыйкатка айланды.

Калп айтуу канчалык коркунучтуу жана ал үчүн жоопкерчилик бар экенин билип сезген жарандар менен жалганчылыктын өзү тиреше баштады. Американын улуу бойдон калуусу бийликтегилерге чындыкты айткан эркин прессадан көз каранды. ЖМКларга “эл душманы” деген эн тамгасын басуу америкалыктарга жарашпайт, ал эки кылымдан ашык убактан бери сакталып келе жаткан жарандык келишим үчүн да коркунучтуу.

The Boston Globe, АКШ